"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар АБАКИРОВ:  “Пенсиялык саясатты реформалоо боюнча иш баштаганы турам”

Өткөн жуманын соңу кыргыз парламенти дагы бир жаңы эл өкүлү менен толукталды. “Альянс” парламенттик фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиев өзүнө козголгон кылмыш ишинен соң депутаттык мандатынан ажырап, бошогон орунга партиялык тизме менен кезекте турган Элдар Абакиров келди. Коомчулукка буга чейин экономика министринин мурдагы орун басары, каржы, салык, социалдык фондго тийиштүү маселелердин айланасында жалындуу кептери, орчундуу сунуштары менен чыгып келген Элдар Абакировго эл өкүлү катары иш баштоонун алдында азын-оолак суроолорубузду жолдоп, жооп алдык. 

— Элдар мырза, парламенттеги иш-аракетиңизди кандай маселелердин айланасында баштоо алдында турасыз? Экономика жана салык жаатындагы айрым мүчүлүштүктөрдү сындап жүргөн элеңиз. Ошол сиз сындаган чийки мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча пландарыңыз барбы?..     

— Маселелер көп. Эл өкүлү болгон соң тигил же бул маселени үстүндө эле отура бербейсиң. Өзгөчө экономика жана билим берүү тармактары мен үчүн жат эмес. Негизги басымды ушул эки жаатка арнап, ишмердүүлүгүмдү ушул эки тармакка негиздеп иштейм деген оюм бар. Бизде билим берүү тармагында жаңы мыйзам кабыл алынган. Ошол кабыл алынган мыйзамдын ишке ашуусуна, дал ошол мыйзамдын алдындагы токтомдорго көңүл буруп, билим берүү министрлиги өз мөөнөтүндө баардык иштерди аткарса деген максаттарыбыз бар. Биз ушул жагын өзгөчө көзөмөлдөп, бул маселелерге карата жардамыбызды беребиз. Ал эми экономика жаатындагы кыла турган иштерибиз Кыргызстанда эң ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү, ишкерликтин, жаңы ишканалардын көбүрөөк ачылуусуна, бар ишканалардын өнүгүп-өсүшүнө мыйзамдар аркылуу салым кылсак дейм. Өзгөчө салык кодекси менен пенсиялык реформа боюнча орчундуу, бир катар сунуштарыбызды айтып келгенбиз. Аныгында өкмөттүн да бул жааттагы, анын ичинде социалдык төлөмдөрдү 12 %га түшүрүү боюнча атайын иштеп чыккан сунуштары бар. Жеке өзүм да ошол жумушчу топко мүчө болчумун. Бирок, муну менен эле иш бүтүп калбайт! Анткени, ар бир жаран пенсияга акча топтош үчүн ал каражатты келечекте ала тургандай стимул болушу зарыл. Болбосо элестеткиле, сен акчаны топтосоң, ал акча үчүн башка бирөө пенсия алса бул жагы адилеттүү болобу? Мен маселен, ушул жагына реформа киргизели деген сунуш менен чыкканы турам. Сөздүн кыскасы, кайсы мыйзамдарга оңдоп-түзөө керектигин, бул жаатта дагы кандай жаңы мыйзамдар керек экендигин так билем. Депутаттык ишмердүүлүгүмдү ушул темалардын айланасында баштайм.  

— Парламентке болгон элдин ишеними канчалык деңгээлде экенин билесиз да. Айтыңызчы, көпчүлүктүн ишенимине арзыш үчүн эл өкүлү катары эмне кылуу керек деп ойлойсуз?..

— Парламент элдин ишенимине кайра келиш үчүн ири алды элге керектүү мыйзамдарды колдоп, коргоп турушу керек. Бул жерде түрдүү “саясий оюндардын” болуп кетери айтылып келет. Андыктан, мындай шартта башкысы мыйзам чыгаруу вазыйпаны татыктуу аркалашыбыз зарыл. 

 

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!