Кыргызстандын жалпы экономикалык багыты, анын өнүгүү шарттарын ташка тамга баскандай негиздер менен анализдеп, так түшүндүрмөлөрдү сандардын тили менен чечмелеп келген эл өкүлү Элдар Абакиров салык саясаты боюнча бул сапар өзүнүн өзгөчө пикирин билдирди.
— Элдар Курманбекович, өлкөбүздүн салык саясатына карата бааңыз кандай? Биз мамлекеттик казынанын көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылып жатып, салыктын түрүн көбөйтүп алган жокпузбу? Дегеле келечекте салыктын кайсы түрүнө артыкчылык беришибиз керек?
— Салыктын түрлөрү көбөйгөн деле жок. Болгону элден буга чейинки убактарга салыштырмалуу салык көбүрөөк чогултула баштады. Бизде салыктык эмес төлөмдөр бар. Азыркы учурда Жогорку Кеңешке Жол транспорт жана коммуникация министрлиги жолду оңдош үчүн сатыктагы күйүүчү майдын ар бир литринен бир сомдон салык алууну демилгелеп келишиптир. Алардын демилгеси Парламентте азыр кызуу талкууланып жатат. Бул акциздик салыктын кайталанышы десек болот. Негизинен ушундай салыктык эмес төлөмдөрдүн бизге кереги деле жок. Анткени, мындай төлөм жалпы инвестициялык климатты бир аз бузуп, татаалдаштырат. Бизде кошумча нарк салыгы менен сатуудан түшкөн салык деген бар. Бирок, экөөнүн түбү бир эле салык. Өлкөбүздүн мамлекеттик казынасынын булагын да дал ушул салыктын эки түрү түзөт. Дүйнөлүк практика көргөзгөндөй көп өлкөлөрдө салыктын бир гана түрү колдонулат. Ошондуктан, салыктын жогоруда атаган эки түрүн бир эле салык кылып чогултса туура болот. Бул оптималдуу вариант. Эң негизгиси салык чогултууда тең салмактуулук сакталышы кажет. Мамлекет өзүнүн инфра-структурасын, коопсуздугун, адилеттүү иштеген мамлекеттик аппаратын иштете тургандай салыкты чогултушу керек. Андан ашыкча салык чогултуштун деле кереги жок. Ашыкча салык чогултула турган болсо ири алды ишкерлерибизге ыңгайсыз климат түзүлүп калат.
— ККМ аппараттарынын ролу биздин экономикабыз үчүн азыркы учурда канчалык деңгээлде пайдалуу болууда? Биз бул аппаратты колдонууда кошуна өлкөлөрдөн артта калган жокпузбу? Маселен, айрым кошуна өлкөлөрдө мал сатса да ККМ аппараты колдонулат экен…
— ККМ аппараттарды колдонуу эң туура. Эл аралык практика көргөзгөндөй бул аппараттарды бүтүндөй, өлкөлөр колдонушат. Негизи салыктын наркы кошуна өлкөлөрдөн жогору болбошу керек. Анткени коңшу өлкөлөр инвестиция тартуу боюнча биздин атаандаштар. Анан калса биздин Кыргызстандын бүгүнкү экономика модели соңку 30 жылдан бери реэкспорттук модел болуп келе жатат. Кытай баштаган чет өлкөлөрдөн көптөгөн товарлар келет. Бизде келген товарларды кайра башка өлкөлөргө сатуу модели кеңири иштейт. Мындай шартта салык саясатыбыз да ошого ыңгайлуу болушу керек. Биз колдон келсе башка өлкөлөрдөн даяр эмес, көбүнчө чийки зат алып келип, аны Кыргызстандан иштетип, даярдаган соң гана андан ары сатканга аракет кылсак ири алды өлкөбүз үчүн утуш гана болмок. Ошондой эле мындай мисалыма биздин салык саясатыбыз ылайыктуу болсо, анда товарларды биз аркылуу жөн эле кетирбей, ортодон кандайдыр бир өндүрүш ачканга зор мүмкүнчүлүктөрүбүз дагы болот эле.
— Электрондук эсепфактураларды тариздөө, QRкоддорду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү, заманбап жаңы технологияларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрү салык системасын жакшыртууда канчалык деңгээлде натыйжалуу роль ойнойт?
— Электрондук, автоматтык төлөмдөр Кудай буюрса акырындан өнүгүп келе жатат. Бирок, булардын өнүгүү тенденциялары дагы деле ойдогудай эмес. Бул жагын да ачык айтып коюшубуз керек. Аныгында сиз атаган заманбап жаңы технологиялар ишкерлерибизге айтор, ким болбосун ага оорчулук жаратпашы керек. Ишкер болгону сатылган, алынган товарлардын чектерин гана басып чыгып, калганы автоматтык түрдө саналса ишкерлерибиз үчүн ири алды жеңилдик гана болмок. Ал эми ЭТТН системасы биздин кийим тигүү тармагында иштеген кичи ишкерлерибиз үчүн бир аз оорчулук жаратууда. Бул жагына биздин кичи ишкерлерибиз азыр жакшы көнө албай жатышат. Демек, салык саясаты менен алектенгендер бул жагынан дагы иштеши керек.
— Бизде экономикалык өсүш, туруктуулук салык саясатынын туура нукта жүргүзүлүп жатканынан кабар береби?
— Экономикалык өсүшүбүзгө ар кандай факторлор таасир этүүдө. Маселен, Кытайдан келип жаткан жүктөр, ОрусияУкраина согушундагы санкциялардын кесепетинен Кыргызстан аркылуу көптөгөн оор жүктөр жүрүп, натыйжасы элибизге жана мамлекеттик казынабызга жакшы болууда. Бул жагын жымсалдабай ачык айтканыбыз оң. Биз ушул факторлорду колдонуп, көптөгөн ишканаларды ачып алышыбыз керек. Ошонун натыйжасына жараша салык саясатын жүргүзгөнүбүз жакшы болот. Завод салып, ишкана куруп продукциясын экспортко чыгарам дегендер үчүн эң ыңгайлуу салык шарттарын түзүп берүү учурдун негизги талабы болууда.
Калыгул Бейшекеев