"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова: “Ишкерчиликтен ийгилик жаратып саясатка келдим”

Өткөн аптада эл өкүлү Гүлкан Молдобекованын жардамчысы интернет айдыңында “дүң болуп”, атайын кызмат тарабынан кармалганы маалым болду. УКМК ал жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, мыйзамсыз ишке орношконун жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин атын жамынып, алдамчылык жолу менен жарандардан ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алып турганын билдирди. Биз дал ушул маселелердин айланасында депутаттын өзүн сөзгө тартып, мындан башка да бир канча соболдорубузга жооп алдык.

— Гүлкан айым, өткөн аптада атайын кызмат тарабынан кармалган жардамчыңыз боюнча кандай маалымат айта аласыз? Бүгүн ал жигиттен кабар алып жатасызбы?

— 2015-жылы мен парламенттин 6-чакырылышына депутат болгондон тарта бул жигит менин айдоочум, коомдук башталыштагы жардамчым болуп жүргөн. Адилет өзү ишке тың, сергек ой жүгүрткөн, берген тапшырмаларды илгиртпей аткарган жигит. 2021-жылы 7-чакырылышка депутат болуп келгенимде анын ишке болгон дилгирлигин байкап, өзүмө жардамчы-консультант кылып алгам. Өткөн аптада мен Жогорку Кеңештин Төрагасы менен биргеликте Өзбекстанда иш-сапарда жүргөндө жардамчыма байланыштуу жагымсыз кабарды интернеттен угуп чынында таң калдым. Мага жеткен маалыматтарга караганда анын ишке болгон эмгек китепчеси жасалма түрдө болгондугу айтылууда. Азыр эми тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөгө биз кийлигише албайбыз. Калганын тергөөнүн жыйынтыгына жараша көрөбүз. Мындан ашык деле эч кандай “ак же көк” дей албайм

 – Соңку убакта айрым кесиптештериңиз парламенттин куттуу трибунасын өтө майдачылыкка чейин түшүп “тебелешип”, барган сайын жеке маселе, жеке кызыкчылыктарын айткан “борборго” айлантышууда. Парламенттеги айым депутаттар арасында бирибириңерге жеке маселени трибунага жеткирбей чече турчу ынтымагыңар барбы?

— Сурооңдун төркүнүн түшүндүм. Сенин соболуңдагыдай кепти Төрага Нурлан Тургунбекович “ич ара маселелериңерди өз ара чечишип албайсыңарбы” деп айтып кетти. Эми ар ким өзү үчүн жооп бергени дурус. Аныгында парламенттин азыркы 7-чакырылышында 20 айым депутат бар. Өткөн чакырылыштагы айым депутаттардын ынтымагы жаман эмес болчу. Азыр да алар менен байланышып, ортодогу ынтымак менен мамилени сактап келебиз. Азыркы чакырылыштагы айым депутаттардын ынтымагы деле жаман эмес. Калганын башта айтканымдай ар ким өзү үчүн жооп берет. Бул жагынан мен дагы майдаланып, башка пикир айткым келбейт.

— Август айында Ысык-Көл районундагы катуу селден жабыркаган Темир, Кашат айылдарына алгачкылардан болуп барган эл өкүлү сиз болгонуңузду көрүп жаттым. Кыш күрөө келе жатат, ал жактагы жабыркаган элдин абалы, турак жай, отун-суу жагынан кем-карчтары кантип жатат?

— Мен Ысык-Көл районундагы сел кырсыгы катталган Темир айылынын келини болом. Кырсык катталып жатса, аталган айылдын депутат келини болуп туруп кантип кайдыгер боло алам? Азыр да ЫсыкКөл районундагы сел кырсыгы катталган айылдардан кабар алып жатам. Жакында кесиптештеримди да табият кырсыгы катталган аймактарга чакырып, алар менен дагы түзүлгөн көйгөйлөрдү жеринде көрүп кайттык. Кудай Таалам жергиликтүү элди чоң кырсыктан сактап калды. Азыр жергиликтүү жетекчилер, тиешелүү министрликтин өкүлдөрү колдон келген иш-аракеттерин көрүп жатышат. Эл өкүлү катары мен дагы жөн жатканым жок. Колуман келишинче, мүмкүнчүлүгүмдүн жетишинче жардамымды берип жатам. Кырсыкты кайдан деп болбойт экен. Аталган айыл тургундары азыр белди бек бууп, кышка карата камылгасын кызуу көрүшүүдө.

— Сизди саясатчылардын тар чөйрөсүндө, өзгөчө мурдакийинки чакырылыштагы депутаттар арасында Кыргызстандагы алдыңкы 20 бай айымдын катарындагы “бизнес-леди” катары сыпатташат. Азыр деле бул жааттан “итиңиз чөп жеп”, ишиңиз жүрүшүп жатабы? Же депутаттык мандат бирди экиге көбөйткөн бизнесиңизди чектеп коёт бекен?

— Өлкөдөгү алдыңкы 20 бай айымдын катарында десеңер кадимкидей сүйүнүп калдым. Ылайым ошондой болсун! Мен саясатка 2007-жылдан тарта аралаштым. Ага чейин Ж.Баласагын атындагы КУУ менен И.Арабаев атындагы КМУда сабак берип жүрдүм. Союз урап, ишкерчилик жаңыдан башталганда биз дагы бул тармакка аралаша баштадык. Ишкерчиликтин бардык кыйынчылыгына чыдап, “таман акы, маңдай терибиз” менен колубуздан келишинче бутубузга турдук. Жакшы жашоо үчүн алпурушуп, материалдык жактан Кудайга шүгүр камсыз болдук. Бирок, ал жетишкендигибиз дагы оңой менен келген жок. Азыр ойлосом кандай гана кыйынчылыктарга чыдадык. Эми анын баары узак сөз.

 — Ишкерчиликтин ыгын таап, материалдык жактан жакшы жолго түшкөн соң саясатка келдиңиз. Адатта ишкерлер дүйнө-мүлкүн коргоюн деп депутаттыкка келишет дешет…

— Ишкерчиликтин ыгын таап, материалдык жактан өзүңдү жакшы камсыз кылган соң дүйнөнүн артынан эле тоголоно бербей, элге-журтка дагы кызмат кылууга ышкың ойгонот экен. Бирок, саясаттын да өзүнө жараша оош-кыйыш кыйынчылыгы бар экенин билбей, астанасын аттап алыптырбыз. Азыр эми саясатчы да болуп бүттүк. Ал эми жолдошум экөөбүз кылган ишкерчилигибизди азыр балдарыбызга өткөрүп бергенбиз. Алар колдорунан келишинче улап жатышат. Ишкерчилигибизден ийгилик жараткан соң жалгыз гана мен эмес, жолдошум экөөбүз тең саясатка келдик.

— Жолдошум деп калдыңыз, Мирбек Асанакунов мырза азыр эмне менен алектенүүдө? Бир кездери катар-катар кызматтык тепкичтерге көтөрүлүп, кыйла карьера жасагандыгы менен эл оозуна алынган. Же “баарына тойдум” деп мамлекеттик кызмат менен саясатты жыйыштырдыбы?

— Жолдошумдун соңку кызматы өлкөбүздүн Профсоюздар федерациясын жетектөө болду. Азыр бардыгынан чарчап кеттим деп деле айта элек. Оомат келип, сунуш түшсө байкеңер жаш эле, иштеп берет. Азыр болгону чарбалык иштер менен балдарыбызга жардам берип, ден-соолугун чыңдап жүрөт.

Калыгул Бейшекеев 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!