"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков: “Парламенттик шайлоонун 300 миң сомдук күрөөсү өтө көп”

Отуздун кырына чыга электе өлкөдөгү эң чоң райондон, болгондо да шайлоочуларынын саны эң көп Кара-Суу районунан алдыга озуп чыгып, мандатка жеткен бу жигит бүгүн парламенттеги жаш депутаттардын арасынан белдүү эл өкүлүнө айланган чагы. Эл өкүлү катары куру кыйкырык менен жөн салды маселелерге “тиш сала бербеген”, алыска чуркачу түрү бар каарманыбыз биздин бир катар соболдорубузга жооп узатты.

— Илимбек мырза, парламенттик шайлоонун күңгөй-тескейин камтыган жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде 2-окуудан кабыл алынды. Аталган мыйзамдын “чийки жактары” тууралуу эл өкүлдөрүнүн сунушу демилгечилер тарабынан эске алындыбы? Маселен, жеке өзүң шайлоодо өзүн-өзү көрсөткөн жаш талапкерлер үчүн 300 миң сомдук күрөө өтө оор жүк болоорун демилгелегениңиз менен андай сунушуңуз “суу кечпей” калдыбы?

— Парламенттик шайлоонун күңгөй-тескейи тууралуу сунушталган жаңы мыйзам долбооруна карай ушул тапта коомдо сын-пикирлер жок эмес. Жаңы эрежеге мен жаштардын квотасы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар боюнча сунуштарымды киргизгеним менен колдоо тапкан жок. Ошого карабай мыйзам долбоору каралып жатканда үн катпай коё алган жокмун. Алымча-кошумча, реалдуу сунуш-пикирлерди айттым. Эл өкүлү катары гана эмес, Кыргызстандын жараны катары да биз шайлоо боюнча эрежелерге кайдыгер карабашыбыз керек да, туурабы? Ошол эле шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн алалычы? 300 миң сом өтө көп! Саясатка, мамлекеттик башкарууга идиреги бар билимдүү жигит-кыздарыбыз күрөөгө коюлчу мынча каражатты каяктан табышат? Биз мындай көлөмдөгү каражатты шайлоонун жаңы эрежесине киргизүү менен саясатка аттанууну каалагандарды “тушап” жатабыз. Маселен, 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо партиялык жол менен шайланган депутаттар мынчалык акчаны күрөөгө коюшту мындай кой, айрымдары андай каражатты түшүндө да көрбөй туруп эл өкүлү болуп шайланып келишкен. Ошондуктан, күрөөгө коюла турган каражат менен үгүтчүлөрдүн саны өтө көп болуп калды. Мындан тышкары эл өкүлү мандатын таштай турган болсо, кайра шайлоо болушу керек болчу. Жаңы эрежеде кайра шайлоо өткөрүлбөй, алган добуштардын саны боюнча тизмеде турган кийинки талапкер мандат алганы турат. Мындай шартта мандат алууга кезек күтүп тургандар алдыдагы талапкерлердин “артын чукуп”, соттошуп, айтор, кырды-бычак абал жаралышы мүмкүн. Ушуга окшогон кемчиликтерди көргөн соң жеке өзүм унчукпай коё албадым. Ой-пикиримди, реалдуу сунуштарымды айттым.

— Алдыдагы парламенттик шайлоого карай тымызын аракеттер, эл өкүлдөрүнүн арасында байма-бай эл кыдыруу, саясий “упай топтоо” өңдүү саамалыктар башталды. Өлкөбүздөгү саясий партиялардын дараметтери тууралуу кандай ойдосуз? Бизде азыр күчтүү партиялар барбы? Же көпчүлүк талапкерлер ар шайлоо сайын улам бир партия менен чыга берип, саясий партиялардын кадыры калбай калдыбы?

— Талапкерлердин шайлоо сайын улам бир партияны “жыдытып”, тандап турганы ар кимдин өзүнүн жеке тандоо, чечими деңизчи. Ачык айтканда бүгүн саясий партиялар бир топтун гана кызыкчылыгын көздөгөн уюмга айланып калышканы жалганбы? Көпчүлүк партиялардын саясий багыттары менен максаттары, идеологиясы жокко тете десек болот. Көз караштардын ар түрдүүлүгүнө карабай, убактылуу гана кызыкчылык үчүн бириге калуу, каржылык маселелердин айынан аргасыз бир партиянын астына баш калкалоо биздин коомдогу саясий топторго мүнөздүү эле болуп калбадыбы. Бул жагынан бир катар мисалдарды келтирип, чечмелегенде эмне? Сөз гана көбөйөт…

— Бүгүн эл өкүлдөрүнө карата (бардыгына эмес албетте) мамлекеттик-конституциялык түзүлүш, саясий маселелерден түшүнүктөрү, билими боюнча көпчүлүктүн сыны бар. Өзгөчө сиз сындуу “балапан ооз” жаш эл өкүлдөрүнө… Ушундай түшүнүктөрдөн жеке өзүңүз канчалык деңгээлде “бышып, жетилдим” деп ойлойсуз?

— Эл ичинде “Москва бир күндө курулган эмес” деген кеп бар го? Биз парламентте таптакыр эле “ооз ачып” отурган жерибиз жок. Парламент коллективдүү орган болгон соң, көпчүлүктүн сыны болбой койбойт экен. “Кой аксагы менен миң” дегендей, парламентте буга чейин деле элдин сынына арзыгандардын айынан жалпы эл өкүлдөрүнө көлөкө түшүп жатса керек. Биз мандатка көчөдө жүрүп жеткен жерибиз жок. Аздыр-көптүр тажрыйбабыз, алган билимибиз аркылуу эл ишенимине арзып, мандатка жеттик. Парламент чоң мектеп, сиз атагандай мамлекеттик-конституциялык түзүлүш, саясий маселелерден сабак алып, тажрыйбабызды элибиздин эртеңи үчүн жумшап жатабыз. Элдин ишеними, Жараткандын буйругу болуп, алдыңкы чакырылыштардан мандат буюрса кезеги келгенде биз дагы “оор калибрдеги” эл өкүлүнө айланабыз.

— Келээрки парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкерлигиңизди коёсузбу? Шайлоонун жаңы эрежесиндеги каражатты “көтөрө аласызбы” дегеним… Же саясат менен эл өкүлдүк вазыйпа сиз үчүн эмес бекен?

— Бул жагын бара көрөбүз. Азырынча ойлонуп жатам. Буга чейин шайлоодо мага арка-бел, тирек болушкан калдайган калың шайлоочуларым менен кеңешүү, сүйлөшүү жараяндары жүрүп жатат. Эгерде көпчүлүк шайлоочуларымдан кайрадан сунуш түшсө, жарышка түшүүгө эмнеге болбосун?

Калыгул Бейшекеев