— Камила Абдразаковна, июнь айында Согд облусуна караштуу Жийделик деп аталып келген айылдагы этникалык кыргыздардын үй-бүлөсүндө жүрөктү селт эттирген каргашалуу окуя болуп, күйөөсү менен аялын өлтүрүп кеткенин уктук. Ага катар, алардын үч баласы кошуна өлкөнүн жетим балдар үйүнө өткөрүлгөнү айтылган эле. Ошол үч бала боюнча сиз Жогорку Кеңеште маселе көтөрүп, Кыргызстандагы агасы багып аларын айтып чыккан элеңиз, ал кандай болуп чечилди?
— Мурдагы Ленинабад, азыркы Согд облусуна караштуу Канибадам шаарына жакын жерде Жийделик деген айылда илгертеден бери кыргыздар жашап келишкен. Азыр алар жер аттарын өзгөртүп, башкача айтылып калды. Бирок, бүт кыргыздар жашайт. Лейлектеги чапкылдык уруусунун бир бөлүгү турат. Менин эки бир тууганым да ошол айылда жашачу, 2005-жылы бири көчүп чыккан. Сиз айткан окуя июнь айында болуп, бир түндө күйөөсү менен аялын өлтүрүп кетишти. Алар мектепте мугалим болуп иштешчү экен. Каргашалуу кабар жетери менен парламентте маселе көтөрүп, ата-энесинен айрылган үч баланы бул жактагы бир тууганынын камкордугуна алынышы керектигин айтып чыктым. Тышкы иштер жана Социалдык өнүктүрүү министрлигине кат жолдодум. Ички иштер министрлиги, элчилик, райондун акими ыкчам иштеди. Биринчи иретте каза болгон этникалык кыргыздардын сөөгүн алып чыгышып, Достук жана Жаштык айылындагы туугандарына берди. Андан соң, бир жуманын ичинде тийиштүү документтерди топтоп, балдарды да алып чыктык. Эгер биздин укук коргоо органдары жана тийиштүү кызматтар ыкчам аракеттерди көрбөгөндө иш татаалдашып, сөөк да берилбей, балдарды дагы алып келүү кыйынга туруп калмак. Учурдан пайдаланып биздин министрликтерге, укук коргоо органдарына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирем. Депутат катары бардыгын баштан аяк көзөмөлдөдүм, азыр дагы абалын сурап жатам.
— Жийделик айылындагы кыргыздар боюнча айта кетсеңиз…
— Биз тажиктер менен кылымдар бою кошуна туруп, ынак мамиледе жашап келгенбиз. Союз маалында дагы чек аралар бөлүнгөнү менен тоскоолдуксуз карым-катышта өмүр кечиргенбиз. Эгемендүүлүк алгандан кийин баарыбызга белгилүү болгондой оор абалдар түзүлдү. Ошого байланыштуу Жийделик айылындагы кыргыздардын көбү Кыргызстанга көчүп чыкканга мажбур болду. Көчүп чыккан кыргыздардын көбү азыр Жаштык, Достук, Арка айылдарында үй-жайы жок батирлерде жашап жатышат. Биз ошол кыргыздардын тагдырын дагы мамлекеттик деңгээлде карашыбыз керек.
— Жайкы каникулда шайлоочулар менен иштедиңиздер, сиз дагы Лейлек районуна барып, Кең-Талаа жана Бешкент айыл аймактарындагы сугат суу чыгаруу, электр жарыгы менен камсыз кылуу боюнча көйгөйлүү маселелерди талкуулап жүргөнүңүздү көрдүк. Буга чейин Кең-Талаа айыл аймагынын эли электр жарыгы менен камсыз кылууну сизден суранышкан эле, ошондой эле аталган айылга “Ак-Ниет” насостук станциясын куруу боюнча демилге көтөрүлгөн экен, булар кандай чечилип жатат?
— Мен эми биринчи ирет депутат болгонум жок, көйгөйлөрдү канча жылдан бери көтөрүп жүрөм. 2021-жылы депутат болгондон кийин да колумдан келишинче айтып келе жатам. Эң башкы маселенин бири – “Ак-Ниет” насостук системасын куруу. Анткени, айылыбыз Кең-Талаа деп бекеринен айтылган эмес, кеңири жаткан талаа, адырлар какырап бош жатат. Кантип суу жеткиребиз деп көп жылдан бери түйшүктүү аракеттерди көрүп келе жатышат. Эгер “Ак-Ниет” насостук станциясы ишке кирсе жалпы 3 миң гектар, Кең-Талаа айыл аймагында 2200, Бешкент айыл аймагында 800 гектар жер сугат суу менен камсыз болуп, иштетиле баштайт. Бул өтө чоң долбоор. Кантип, кайсы жактан суу тартыларына чейин жергиликтүү эл көрсөтүп берди. Жогорку Кеңештен көтөрдүм, эми Айыл чарба министрлигине беребиз. Мен ушул жерде айта кетейин, Президентибиз Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров биз көтөргөн маселелерге көңүл бөлүп, кынтыксыз иштеп жатканына ыраазычылык билдирем. Чек арадагы жаңжалдардан кийин мүңкүрөп турган элге барып “Лейлек жердин түбү эмес, элдин гүлү” деп элге дем берип, каржы маселелерин чечип берип жатышат. 2010-жылы депутат болгонумда чуркап жүрүп, Мадыген жолу деп документин бүтүргөн элем. Бирок, 10 жыл курулбай жатты.
Садыр Нургожоевич Президент болору менен 20 миллион сом акча каражатын бөлдү, ошол күндөн бери иш жүрүүдө. Менин демилгем менен бир нече мектеп бүттү. Лайлы айылында койчулардын үйүндө балдарды окутуп келишкен эле, мен аны “Дүйшөндүн мектеби” деп айтып чыккам. Азыр 118 миллион сомго 150 орундуу жаркыраган мектеп салынып бүтүп калды, жакында ачабыз. Тарыхта болбогон иштер жасалып жатат деп элдин баары кубанышууда. Ошондой эле эки ФАП, бир канча мектеп, бала бакча ачылганы турат. Былтыр 7 мектеп ачканбыз. Мындан сырткары, заманбап шарттагы спорт комплекстери ачылып жатат. Ноябрь айында Мурас айылындагы чоң спорт комплексти ачабыз. Ал эми Жаңы-Жер айылында спорт комплексин куруу иши башталды.
— Жолдор боюнча да көйгөйлөр бар эле…
— Ооба, жолдор боюнча көйгөйлөрдү айтып келгенбиз. Раззаков шаары тыгын болуп, аралап өтүү абдан кооптуу болуп калды эле, айланма жол чечилди. Дароо 12 миллион сом бөлүнүп, иш башталды. Арка – Мурас – Жаштык жолу курулуп жатат. Бели-Сынык деген ашуу бар эле аны кесип, 16 метрге түшүрдү. Ак-Суу айыл өкмөтүндө сайдагы жолго акча бөлүнүп иш башталды. Кыскасы, көйгөйлөрдүн баарына көңүл бөлүнүп жатат. Баса, жогорудагы сурооңуз боюнча Кең-Талаа айыл аймагынын электр жарыгы тууралуу белгилеп кетейин, 150 даана электр мамычасы берилди. Үч-Булак айылына 50, Мурас, Жети-Таш, Кереге-Таш айылдарына 100 даана электр мамычалары орнотулуп, электр зымдарын тартуу иштери жүрүүдө. Ал жакта 1950-жылдары орнотулган мамылар чирип, кышындасы кулап, жарык өчүп калчу. Муну мен 5-чакырылыштын депутаты болгондо эле айтып жүргөм, ошол маселелер эми чечилди.
— Жергиликтүү бийликтин ыкшоо экени айтылып жатат, муну байкай алдыңызбы?
— Жергиликтүү бийликте маселе бар экенин ачык эле айтып коюшубуз керек. Иштин кечеңдеп жатканы чын. Социалдык-экономикалык иштерди аткарууда дагы кемчиликтер бар экен. Ошон үчүн Баткен жана Талас облустары “эки” алды. Эл менен жолукканда саламаттыкты сактоо жаатында да, таза суу көйгөйлөрү боюнча да даттануулар көп болду. Быйылкы жылдагы статистикалык маалыматтарды көтөрсөк, Кулунду айылында гепатит оорусу абдан көбөйүптүр. Дарыгерлер менен оорунун келип чыгуу себептери боюнча сүйлөшсөк, таза суунун жетишсиздигинен улам экенин айтышты. Районубузда таза суу менен камсыздоо азыр 49%ды түзөт. Дээрлик жарымынан көбүнө таза суу жетпейт, көйгөй курч бойдон турат. Албетте, азыр бир катар долбоорлор ишке кирди.
— Жыл башында көп балалуу баатыр энелердин пенсиясына кошумча миң сомдон гана берилерин айтып чыгып, аларга 5 миң сомдон төлөөнү сунуштаган элеңиз, чечилдиби?
— Биз Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында мыйзам кабыл алып, Баатыр энелердин пенсиясына кошумча миң сомдон сый акы берилип баштаган. Баатыр энелердин саны аз эле, сый акыны 5 миң сомго чыгаргыла деп жатам. 2024-жылдагы бюджет келгенде токтомго киргизгем. Мөөнөтү айтылган эмес, шарты болгондо кошкула дегенбиз. Бул демография маселесине байланыштуу, аталган маселени дайыма көтөрүп жүрөм. Мисалы, кошуна мамлекеттердин саны 2-3 эсе өсүп кетти. Союз тараганда биздики 4,5 миллион болсо, 33 жыл өттү, араң 7 миллионго жеттик. Өсүү өтө жай, андыктан биз жөлөк пулдарды көтөрүшүбүз керек. Мен жөлөк пулдар боюнча мыйзамга өзгөртүү киргиздим, ал үч окуудан өтүп, Президентке кетти. Анда төрөлгөн ар бир бала 3 жашка чыкканга чейин жөлөк пул төлөнсүн деп сунуштагам. Бул сунушту аткаруу кыйын экенин, суммасы 15 миллиард сомго чыгарын айтышты. Анда шарты катаал, бийик тоолуу жана чек арада жашаган айылдарды киргизели дедик. Союз маалындагыдай бай-кедей деп бөлбөй, 3 жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул чегерүүнү мыйзамга жаздык. Болжол менен 870тен ашуун айыл кирип, 2,5 миллиард сомдун тегерегиндеги акча каражаты сарпталат экен. Учурда бул маселени Министрлер Кабинети карап жатат, мен өз колумдан келген вазыйпамды аткардым.
— Демографияга чындап көңүл бөлүнүшү зарыл экендиги байкалууда. Акыркы жылдарды карасак, 2019-жылы төрөлгөндөрдүн саны 173 484 болсо, 2020-жылы 158 112 (15 миң адамга аз), 2021-жылы болсо 150 164 (8 миңге аз), 2022-жылы 146 миң 633 (4 миңге аз) болуптур. Бул чоң коңгуроо экени белгилүү да…
— Илимпоз катары айтайын, демография бул дүйнө жүзүндө өтө маанилүү илим. Демографиянын алдын алуу жаатында анчейин иш жылбай жатканын белгилеп кетейин. Эгер мунун алдын алып, демографиялык саясатты туура жүргүзбөсөк, улут карып калат. Улут карыганда чоң көйгөйлөр жаралат. Албетте, экономикалык тартыштыкты көрүп жатабыз, бирок улуттун келечегин ойлонуу зарыл. Эртеңки күнү 100 эсе каражатты сарптаса да ордун толтура албай турган көйгөйлөр жаралып калат. Маселен, мен 2013-жылы Японияга барганымда элдин 30 пайызы пенсионер экенин айтышты. Бул улутта маселе бар экенинен кабар берет. Бүгүнкү күнү биздин 7 миллион элдин 700 миңи пенсия курагындагылар. Ооба, бул азыр коркунуч алып келбейт, бирок биздеги демографиянын алдын албаса, жакынкы 30 жылда коркунуч жаралат. Мен тынбай какшап айтып жатам. Акылбек Үсөнбекович парламентке келгенде убактысын да сурап алып, демографиянын алдын алуу боюнча статистиканы көрсөтүп, мисалдарды келтирип доклад жасагам. Алдын албасак, улуттун келечеги үчүн чоң көйгөй болуп каларын далилдер менен айтып бергем. Жөлөк пулдар, баатыр энелер боюнча дагы мыйзам мына ушундан улам жазылды. Муну мен депутат катары тынбай айта берем. Бул улуттун келечегин аныктаган маселе. Буга өз учурунда олуттуу мамиле кылышыбыз керек.
Зулпукаар Сапанов