Эл өкүлү Марат мырзанын кандай маселе, кандай багыттагы соболдор болбосун бардыгына ачык жооп берген шар мүнөзү бар. Бул сапар биз өлкөдөгү коомдук-саясий, экономикалык абал, депутаттык ишмердүүлүгү боюнча кеңири маанайда баарлаштык.
— Марат мырза, өткөн аптада Бишкекте КМШга мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өттү. Мындай жыйындын кыргыз парламенти, дегеле өлкөбүз үчүн пайдасы канчалык деп ойлойсуз?
— Ооба, өткөн аптада Бишкекте КМШга мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өттү. Ири алды мындай жыйындардын болушу, айрыкча, бизде өткөнү жакшы көрүнүш. Азыр дүйнө бир орунда турган жок. Саат сайын өзгөрүп, ошол эле маалда коопсуздук темасы да башкы орунга чыгууда. Мындай шартта парламенттер аралык ассамблеянын жыйынында чет өлкөлөрдөгү жүз миңдеген мигранттарыбызга байланышкан суроолор көтөрүлөт. Дүйнөнүн бир канча өлкөлөрү, ошонун ичинен КМШ мамлекеттери менен эки жана көп тараптуу алакаларыбыз бар. Ошондой алакаларыбыз дал ушундай жыйындарда бекемделип, келечекке карай кызматташтыгыбызга жол ачылат. Ошол эле КМШга мүчө өлкөлөр ортосундагы орун алган маселелер чечилет. Түпкүлүгүндө мындай жыйындын чет өлкөлөрдө миллиондогон мигрант атуулдары бар биздей өлкө үчүн пайдасы жакшы. Биз бүгүнкүнү гана ойлой бербей, эртеңки келечегибиз үчүн арканды алыс ыргытышыбыз керек.
— Шайлоо маалында шайлоочуларды добуш берүүгө активдүү катыштыруу үчүн эл өкүлдөрү түрдүү жоболорду сунуштап, бул жагын мыйзам менен бекемдөө керектигин билдирип жатышат. Мындай демилгелерге карата кандай ойдосуз? Биз жарандарыбызды мыйзам менен мажбурлоо аркылуу шайлоого алып келе алабызбы?
— Шайлоо маалында шайлоочуларыбыздын добуш берүүсү мыйзам менен милдеттендирилген эмес, өздөрүнүн жарандык укугу. Эгерде мыйзамды өзгөртүп, жарандарыбыздын шайлоого катышуусун милдеттүү кылсак, ага ылайык бүтүндөй шайлоочуларыбыз шайлоого активдүү катышып беришсе жакшы болмок. Учурда ушул маселени депутаттар карашууда. Бизде 3 миллиондон ашуун шайлоочу болгону менен ошонун 35 пайызы гана жараянга катышууда. А калганычы? Ошондуктан, жарандарыбыз шайлоо жараянына милдеттүү түрдө жалпы катышса татыктуу эл өкүлдөрүн, татыктуу жетекчилерди тандаганга жол ачылмак. Азыр бизде кандай болууда? Шайлоочуларыбыз “кааласак барабыз, каалабасак барбайбыз” деп барбай коюшууда. Көпчүлүк учурда көптөгөн жарандарыбыз жөн гана кайдыгерлик кылып ошол күнү колу-жолу бош болсо деле басып барып коюшпайт. Мунун өзү өлкө тагдырына кайдыгерлик эмей эмне? Биздин жарандар шайлоого милдеттүү түрдө катышса нааразычылыктар болбой, өлкөбүздө өзгөрүүлөргө жол ачылмак. Таңгаласың, көпчүлүк жарандарыбыз шайлоого басып келишпейт да, нааразы болушат. Депутаттардын бул маселе боюнча демилге көтөрүп жатышы туура. Шайлоочуларыбыз шайлоого активдүү катышышса ири алды өлкөбүздүн эртеңки келечеги үчүн жакшы болмок. Азыр жарандарыбызды шайлоого кыйнап алпарганга эч кимибиздин укугубуз жок.
— Жыл аяктап баратат. Узаган жылда өлкө ичинде изги иштерди, ага удаа айрым кемчиликтерди адилеттүү жагдайда тизмектеп кете аласызбы?
— Узап бара жаткан жылы өлкөбүздүн ичинде көптөгөн жакшы иштер жасалды. Азыр да жасалып жатат. Башкасын айтпаганда да Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна 1 миллиард сом бөлүнүп, иш жүрүүдө. Айтканга оңой болгону менен бул эмне деген аракет, эмне деген иш? Ачык айтканда бул жагы кылымдын курулушу десек да болот! Ички жолдордун салынышы менен бала бакча, мектептердин курулушу кандай баага татыйт? Быйыл 100 мектеп курулду. Бул жагын коомчулук өзү деле көрүп, баалап жатышат. Завод-фабрикалар, кичи ишканалар да салынууда. Кичи ГЭСтен эле 16сы курулуп жатат. А эмнеге мындай жетишкендиктерибизди жаап-жашырышыбыз керек? Күн жана шамал менен электр энергияны өндүрүүгө батыл аракеттер көрүлүп жатат. Албетте, кемчиликтер да жок эмес. Иш жүргөн жерде гана кемчиликтер болот. Азыр бизде социалдык имараттар жетишпейт. Бул жагынан мамлекет башчыбыз өзү баш болуп аракет кылып жатышат. Министрлер Кабинетинин курамы алдыдагы 2-3 жылдын ичинде негизги көйгөйлөрдү толугу менен чечишерин баса белгилеп айтышууда. Жыртылган тешик бүтөлөт, чечилбеген маселе жок. Болгону убакыт керек.
— Талас өрөөнүн сизчелик билген эч ким болбосо керек. Таластагы төө буурчактын түшүмдүүлүгү, баа наркы кантип атат?
— Таластагы төө буурчактын тазасы ушул күндөрү 150 сомдон бааланууда. Тазаланбаганы 140 сомдун тегерегинде. Бул албетте, салыштырмалуу жакшы баа. Быйылкы жылы жаз, жай мезгилдери кургакчылык болуп, маселен, буга чейин 2 тонна түшүм алган жерлерден быйыл 1 тонна гана алынууда. Ошого карабай быйыл Таласта төө буурчактын баасы жылдагыга караганда жакшы баада. Бул жагына да шүгүр дешибиз керек.