"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен МАМАТАЛИЕВ: “Мамлекеттик казынабыздын көлөмү болуп көрбөгөндөй өстү…”

Жаштыгына карабай мамлекеттик кызматтын бир катар тепкичтерин ырааттуулук менен басып келе жаткан Марлен Маматалиев бүгүн парламенттеги “Ынтымак” фракциясын да башкарып келет. Жогорку Кеңештин эки чакырылышына катары менен шайланган эл өкүлү менен депутаттардын ишмердүүлүгүнө байланышкан оош-кыйыш жагдайлар тууралуу кеңири маанайда баарлаштык.

— Марлен Абдырахманович, бүгүн коомчулукта Жогорку Кеңештин азыркы курамына карата “парламентте эң алсыз депутаттык корпус түзүлдү” деген өңдүү сындар байма-бай айтылууда. Сиз коомчулуктун мындай сындары менен макулсузбу?

— Мен мындай сындарга тескерисинче жүйөө менен жооп кайтаргым келет. Бул ирет биздин эл, өзгөчө шайлоочуларыбыз ар бир депутатты өздөрү шайлашты. Бүгүнкү парламенттеги ар бир эл өкүлү коомчулуктун күзгүсү деп тартынбай айта алам. Анткени, ошол эле партиялык шайлоо системасында жарандарыбыз кайсы бир партияны гана тандашса, бул ирет партиянын тизмесинде турган өздөрү каалаган талапкерди канчанчы катарда турганына карабай, түздөн-түз шайлап беришти. Мындан сырткары ар бир аймакта бир мандаттуу шайлоо округдарынан элибиз парламентке бул ирет өздөрү тандаган эл өкүлдөрүн шайлап алышты. Албетте, ар бир чакырылыштагы парламенттин өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү болот экен. Буга чейинки чакырылыштардагы парламенттин курамында көбүрөөк окумуштуулар, мурда-кийин министр, аким-губернатор болушкан тажрыйбалуу мамлекетчил ишмерлер, ар бир тармактын күчтүү адистери боло турган. Ошол эле партиялык шайлоо системасында жарышка катышкан саясий партия тизмени түзүп жатканда өз катарына, өзгөчө алдыңкы ондук катарга элдин арасында аброю күчтүү инсандарды көрсөткөнгө аракет кылышчу. Ошондон уламбы, парламентке да билимдүү инсандар көбүрөөк шайланып келишчү. Азыр деле парламенттин курамы жаман эмес. Болгону Баш мыйзам өзгөрүп, азыр парламент мурдагыдай эмес, эл өкүлдөрү эбегейсиз мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Ушундан улам эл өкүлдөрү өз ишмердүүлүктөрүн күчтүү мүмкүнчүлүк аркылуу аркалабагандыктан, коомчулуктун сынына себепкер болуп жаткансыйт. Албетте, кемчиликтер болбой койбойт. Айрым депутаттар иш жүзүндө көп көйгөйлөрдү чечкендери менен аны элге жеткирүүдө чабалдык кылышууда. Ошондуктан, парламентти сырттан “нотариус” катары кабылдашып, сын айтышууда.

— Баштагы кебиңизде айткандай, туура элибиз шайлоодо өзүнүн тандоосун жасашты. Ошол элдин элегинен өткөн депутаттык корпус, андагы эл өкүлдөрү билим жана тажрыйба жагынан чабал, алсыз болуп жаткан жокпу? Маселен, парламенттин II-III-чакырылыштарындагы курам кандай күчтүү эл өкүлдөрүнөн тургандыгын жакшы билсеңиз керек. Андагы депутаттар менен азыркыларды салыштыруу мүмкүнбү?

— Албетте, буга чейинки чакырылыштардагы парламенттин курамы күчтүү болуп келгендиги ырас. Аларга салыштырмалуу азыркы курам балким алсыз болуп жаткандыр. Эми бардыгына мезгил жана карапайым калкыбыз тараза болсун!

— Бүгүн парламентке карата регламент бузулуп жаткан учурлар көп болуп жаткандыгы боюнча сындар көп айтылууда. Бул жагынан балким эл өкүлдөрү өзүңөр үлгү болсоңор болот беле?

— Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Эгерде кайсыл бир учурда регламент бузулуп, мыйзамсыз көрүнүштөр болуп келсе, ал жагдай бүгүн болбосо да эртең мыйзамсыз экени ачыкталып, ага себепкерлер жазаланып калат. Мандат деген бүгүн бар да, эртең жок! Ошондуктан, биз мыйзам жолу менен гана иштешибиз керек. Регламент бузуу боюнча фактылар болот. Ошондой жагдайда чечимди кантип кабыл алып жаткан процессти да карап көрүү керек. Эгерде регламентти өтө деле одоно эмес бузуу болсо, анда ага көз жумуп койсо болот. А бирок, регламентке байланышкан чоң-чоң мыйзам бузуулар болсо, анда ага бүгүн болбосо да эртең жооп берип калышыбыз мүмкүн.

— Жогоруда кебиңизде бир мандаттуу шайлоо окруктарынан элибиз өз тандоолорун жасагандыгын айттыңыз. Дал ушул бир мандаттуу шайлоо системасы бүгүн өзүн актады деп ойлойсузбу? Азыр барган сайын дал ушул бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланып келген эл өкүлдөрү мөөнөтүнүн аягына чыкпай, мандаттарынан баш тартып жатканын кандайча жооруйт элеңиз?

— Биз бир мандаттуу шайлоо системасынан алыс кетишибиз керек экен. Муну мезгил өзү тастыктоодо. Барып-барып эле партиялык жол менен шайлоо системасын күчөтүп, шайлоочуларыбыз партияны, ага кошуп анын тизмесиндеги өздөрү каалаган талапкерди шайлоосунун өзү эле бир мандаттуу шайлоо системасындагы эл өкүлүн тандагандай болот. Бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген эл өкүлү өзү шайланып келген бир региондун көйгөйү менен гана алпурушуп, жалпы мамлекеттик масштабдагы маселелерге чыга албай, керек болсо таштап коет экен. Ошондуктан, биз бир мандаттуу шайлоо системасынан кетишибиз керек.

— Эл өкүлдөрүнүн жайкы эс алууга тараар алдында “дүңүнөн” мыйзамдарды кабыл алышы соңку 2-3 жылда өнөкөткө айланып бараткансыйт. Мындай шартта айрым эл өкүлдөрүнүн кээ бир мыйзамдарды окуп, иликтеп чыгаарынан күмөнүм бар. Кесиптештериңиздин мындай “жүрүштөрүнө” сиздин деле көз карашыңыз жакшы болбосо керек…

— Тилекке каршы, бул көрүнүш чындык. Бул жагын тана албайбыз! Добуш берүү мезгилинде же мыйзам кабыл алган учурда ошол замат компьютерден кайсы мыйзам экенин жаныңдагылардан бир сыйра сурап коюп, эч кандай иликтеп же окубастан макулдук берип, колдоп койгон учурлар бар. Мурда депутаттарда бир гана жардамчысы болсо, азыркы эл өкүлдөрүндө бирден жардамчы, бирден кеңешчи бар. Алар кайсыл мыйзам кандай максатта даярдалаарын, алымча-кошумча, пайда-зыян жактарын анализдеп, бардыгын депутатка алдын-ала даярдап, мыйзамдарды “чайнап”  берип турушу керек. Ошондо гана эл өкүлү андай мыйзам долбоорун окуп, жүрөгү менен добуш бериши керек. Дегеле депутаттардын адамзаттын тарыхында пайда болушу өздөрүнүн арасынан бир өкүлдү тандап, ага атайын мандат берип, ал мандатын туура багытта, элге каршы эмес таризде, элдин үнү, сөзү болсун деп шайлашкан. Парламент институту ошондой болушу керек. Биз көп учурларда ушундай эрежелерди аткара албай келебиз.

— Жеке өзүңүз бакандай фракциянын лидери, депутаттык корпустагы жетекчи катары жайкы эс алуу мезгили жана эл менен жолугушууну кандай максатта өткөрөйүн деп турасыз?

— Кудай буюрса, өлкөбүздүн көпчүлүк аймактарын кыдырып, эл менен жолугушууну максат кылып турам. Буга чейинки элге берген убадаларыбыздын үстүнөн иштеп, алардын аткарылышынын жыйынтыктарын билип келебиз. Ал ортодо үй-бүлөмдү берметтей Ысык-Көлүбүз менен кичи мекенимде эс алдырышты унутпайм.

— Бүгүнкү Министрлер Кабинетинин ишин кандай баалап жатасыз? Парламенттеги ири фракция лидеринин пикири көпчүлүккө маанилүү болсо керек…

— Жакшыны жакшы деш керек. Ушу тапта мамлекеттик казынабыздын көлөмү болуп көрбөгөндөй өстү. Казынабыздын көлөмү көтөрүлсө анын алкагында курулуш, маяна, пенсиялардын көлөмү да өсүп, элибиз үчүн жакшы эле болот экен. Мындай ийгиликтерге удаа кемчиликтер да жок эмес. Кемчилик катары мамлекеттик казынанын көлөмүн көтөрөбүз деген максатта бир топ ири ишкерлерди, ишканаларды түйшүккө салган көрүнүштөр боло калууда. Мындай катмардагылар менен туура иш алып барылса келечегибизге да жакшы болмок. Эгерде алардын ишмердүүлүгүндө мыйзамсыз аракеттер же кемчиликтер болсо анда андай көрүнүштөрүн адилеттүү жагдайда көрсөтүп берүү керек. Ушул жагынан кеткен кемчиликтер кичине болсо да нааразычылыктарды жаратары турган иш.

 

                                                                                                                                        Калыгул Бейшекеев