1-ноябрь күнү кыргыз милициясы өзүнүн бир кылымдык мааракесин белгилөө алдында турат. 100 жылдык маараке жөн гана дата эмес, бул тарых,
эрдиктин, эл үчүн кызмат кылуунун айныгыс символуна айланган “кызыл шапкечендердин” майрамы. Мааракелүү датаны утурлай биз бул сапар бүтүндөй өмүрүн кыргыз милициясы үчүн арнаган, кылмышкерлердин “сары изине чөп салган” кечеки из кубар, ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаковду кепке тарттык.
— Сүйүнбек Абдылдаевич, милиция кызматкери болбосоңуз, өзүңүздү кайсы кесиптен көрөт элеңиз?
— Мен бир да кесипти жаман деп айтпаймын, ар бир кесип өзүнчө ардактуу. Бирок, мен жаш кезимден эле форма кийип элге кызмат кылууну эңсээр элем. Мектепти аяктаган соң Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайына тапшырып, дене тарбия боюнча мугалимдик кесибин алдым. 1986–1988-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөп, андан соң алгач Беларусь Республикасынын борбору Минск шаарында кайгуул-күзөт кызматынын милиционери болуп эмгек жолумду баштадым. 1992-жылы өзүм кыялданган адистикти алуу үчүн ошол эле шаардагы Ички иштер академиясына тапшырып, 1996-жылы ийгиликтүү аяктадым. Ошондон тарта Жараткан жаш кездеги тилегиме жеткирип, өзүм сүйгөн кесиптин ээси болуп, өз элиме, мамлекетиме кызмат кылып келүүдөмүн.
— Учурда кылмышкерлерге каршы айныгыс күрөш жүрүүдө. Бүтүндөй өмүрүн дал ушул жаатка арнаган сиздей тажрыйбалуу генералдын бийликтин бул аракетин кандай баалап жатканы баарыбызга кызык болууда…
— Ооба, учурда уюшкан кылмыштуулукка, жемкорлукка каршы укук коргоо органдары тарабынан аёосуз күрөш жүрүүдө. Бул жааттагы аткарылган иштер өз натыйжасын берди. Ошондуктан, мен укук коргоо органдарында көп жыл иштеген кызматкер катары азыркы жүргүзүлүп жаткан өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга, жемкорлукка, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, жалпы эле өлкөнү өнүктүрүүгө багытталып жасалып жаткан аракеттердин бардыгын толугу менен колдоймун. Мыйзамдуулук орногондо гана өнүккөн, күчтүү, коопсуз мамлекет кура алабыз. Андыктан, криминалга, жалпы эле кылмыштуулукка каршы өлкө жетекчилиги менен күч органдарынын күрөшүн баарыбыз жалпылап колдоп, алардын ишине көмөк көрсөтүүбүз зарыл. Кылмышкерлердин жеңил оокатка, арам дүйнөгө ыктаган жүрүш-туруштары эртеңки келечек муундарга үлгү болбошу керек. Өз кезегинде парламент, анын ичинде укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети дагы мыйзамдуулукту камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик базасын чыңдоого багытталган бир катар мыйзамдарды кабыл алып берди.
— Жакында милициянын бир кылымдык мааракеси белгиленгени турат. Архивди карасак, бул аралыктагы ИИМдеги кадр саясаты, өзгөчө министрдин орду жыл айланбай алмашып, учурда 43-министр тармакты башкарып турганын көрүүгө болот. Эгемендүүлүк жылдары бир жылда 4-5 министр алмашкан окуялар менимче Кыргызстанда гана болсо керек. Жетекчиликтин орду ашкере саясатташып кеткен мындай окуялар ИИМ үчүн эмне берди?
— Албетте, буга чейинки жалпыбыз башыбыздан өткөргөн саясий окуялар ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө дагы таасирин тийгизип келген. Бирок, кандай кыйын кырдаал жаралбасын, милиция кызматкерлери өз милдеттерин кайраттуулук менен так аткарып, мамлекет ичиндеги коопсуздукту камсыз кылып, туруктуулукту орнотууга эбегейсиз салым кошту. Жетекчиликтин тез алмашып турушу өздүк курамга, дегеле жалпы системанын ичиндеги моралдык, психологиялык абалга, кадрдык алмашууларга таасир этпей койбойт. Ошондуктан туруктуулук бардык эле жерде иштин ийгилигинин жана натыйжалуулугунун негизи болот. Бүгүн укук коргоо органдарына мамлекет тарабынан абдан жакшы колдоо көрсөтүлүүдө. Алардын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, заманбап технологиялар, санарип каражаттары ишке киргизилип, кызматкерлердин иштөөсүнө бардык шарттар түзүлүүдө. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык маянасын, ардагерлердин пенсиясын жогорулатуу боюнча маселелер да парламентте бир нече ирет көтөрүлүп, Министрлер Кабинети тарабынан тийиштүү иштер аткарылып жаткандыгы кабарланган. Кудай буюрса жакынкы аралыкта жыйынтыгы чыгып калса, бул маселе дагы чечилет деп ишенем.
— Албетте, бардыгы “жипке тизгендей тегиз эмес” да, туурабы? Ыңгайы келгенде кемчиликтерди кошо тизмектеп, реалдуу сунуштарды айтып, кечеки жаман иштерге эмес, жакшыга деле салыштырып көрбөйлүбү?
— Иш болгон жерде кемчиликтер да болбой койбойт экен. Аларды өз убагында аныктап, чара көрүү боюнча иштер ар дайым жүргүзүлүп келет. Укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кандай тегерек стол, илимий конференциялар, коомдук талкуулар мезгил-мезгили менен болуп турат. Андай иш-чаралардан четте калбай сунуштарыбызды айтып турабыз.
— Кызмат учурунда курман болгондордун жакындары менен жарадар болгондордун өзүнө ар убак материалдык, моралдык жактан колдоп келген жүрүшүңүз ИИМ тармагында узун сабак кепке айланып, кызматкерлердин иштөөсүнө стимул жаратары жылуу маанайда айтылып келет. Мындай кептерге Самат Курманкуловдун сиз боюнча айткан жагымдуу сөзүн укканым да далил боло алат… Мындай сейрек сапатыңыз боюнча эмне айтмакчысыз?
— Эл-жерибиздин тынчтыгы менен коопсуздугу үчүн өздөрүнүн жанын аябастан өмүрүн кыйган эр жүрөк кызматкерлерибизди дагы унутпашыбыз керек. Алардын эрдиги менен жаркын элестери биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Биз бүгүн алдыдагы кылымдык мааракеде жетишкендиктерди гана майрамдабастан, кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда көзү өтүп кеткен кызматкерлердин баатырга тете эрдиктерин эскерип, алардын элесине терең ыраазычылык менен таазим кылабыз. Милиция кызматкерлеринин ар бир күнү бычактын мизинде десек болот. Эртең менен жумушка кетип, кечинде үйүнө кайтпай калган канчалаган кызматкерлер болду. Элибиздин коопсуздугу үчүн кирпик ирмебей, майрам күндөрүн үй-бүлөсүнүн кашында эмес, көчөдө эл кызматында эмгектенген кызматкерлерибиздин ишин жогору баалайм. Ал эми Самат Курманкуловдой кесипкөй кесиптешибиздин тагдыры чынында аянычтуу болду. Эч кимдин, эч бир милиция кызматкеринин башына андай күндү салбасын. Кесиптешибиз Самат Курманкуловго мамлекет башчысы тарабынан ар дайым моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүлүп жатат. Садыр Нургожоевичтин жарлыгы менен “милициянын генерал-майору” атайын жогорку наамы ыйгарылды. Мындан тышкары ИИМдин жетекчилиги менен биргеликте кесиптешибизге колдон келишинче, мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче ар кандай жардам көрсөтүп келүүдөбүз жана мындан ары да колдоо көрсөтөбүз. Анын кесипкөйлүгү, мекен алдындагы ак кызматы курсанттар менен болочоктогу милиция кызматкерлерине үлгү гана болмокчу.
— Бир кездери “менин милициям мени кордойт” деген сөз ылакап кепке айланып кеткенин сиз деле тана албасаңыз керек. Учурда жарандарыбыздын жүрөгүндө “бизди чыныгы кесипкөйлөр коргойт” деген ишеним бар деп ойлойсузбу?
— Өзүнүн бир кылымдык тарыхында кыргыз милициясы чынында далай сыноолорду башынан өткөрдү. Ошондой оор сыноолордо да элибиз менен бирге болуп, коопсуздукту камсыздап турду. Соңку эгемендик тарыхыбызда Ош, Баткен окуялары, ар кандай баш аламандыктар жана кан төгүүлөр менен коштолгон саясий окуялар болуп өттү. Мына ушундай кыйын кырдаалдарда милиция кызматкерлери башка укук коргоо, күч органдарынын катарында, жергиликтүү бийлик, эл менен биргеликте өз милдеттерин татыктуу аткарып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын, кажыбас кайраты менен элдин ишеничин актай алышты.
— Сөз соңунда кесиптештериңизге куттуктоого сөзсүз орун сураарыңызды билип турам…
— Ооба, учурдан пайдаланып кесиптештеримди кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлөрүнө бакубатчылык, иштерине албан ийгиликтерди каалайм!
Калыгул Бейшекеев