Ооба, маектешим үчүн Жогорку Кеңештин аракеттеги чакырылышынан алган мандаты чоң саясий мектеп болгонун өзү да танбайт. Мыйзамчы катары өзүн өстүрүүнүн “үстүнөн иштеп”, ара‑тородо орчундуу ойлору менен бөлүшүп келген Нилуфар Якубжановна менен бул сапар кеңири маанайда баарлаштык. Жаштык жигерине чоң амбицияны айкалыштырган депутат айым Парламенттин алдыдагы чакырылышына карай эл аралап, азыртан даярдык көрүп жүргөн кези.
— Нилуфар айым, буга чейин өлкөнү каптаган кымбатчылыкка Жогорку Кеңештин Төрагасынын да жаалы кайнап, Парламенттен маселе көтөргөн. Соңку айда курулуш материалдарына, айрыкча, цементтин баасы ыксыз учуп, алтургай таңкыстыгы билинди. Азык-түлүккө болгон кымбатчылык барган сайын кендирди кесүүдө. Эл өкүлдөрүн мындай шартта өлкөнү каптаган кымбатчылык кабатырлантабы?
— Ооба, кендирди кескен кымбатчылык барган сайын карапайым калкыбыздын капчыгына катуу сокку уруп, элибизди каржылык жактан кыйла эле каржалтууда. Сырттагы баалар азыр 3 эсеге чейин өстү. Өлкөнү каптаган кымбатчылыкка карай биздин кесиптештерибиз, алтургай Парламент төрагасы өзү баш болуп, маселе көтөрүп эле жатабыз. Керек болсо ар бир депутаттын күн алыс көтөргөн көйгөйлүү маселеси эле дал ушул кымбатчылык темасы болууда. Биз карапайым эл менен ар убак жолугушуп, шайлоочуларыбызды кабыл алганда да ар бир экинчи жараныбыз кымбатчылык көйгөйүн көтөрүүдө. Кымбатчылык боюнча алыскы аймактардан атайын жазылган каттар да келүүдө. Азыр бир эле азык-түлүккө же силер атагандай курулуш материалдарына гана эмес, өлкөдөгү ар бир тармактын кымбатчылыктын “сормо сазына” батып баратканы байкалууда. Жеке менчик медициналык лабораторияларындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын айтпай эле коелу. Сыртта курулуштун көлөмү динамикалуу түрдө күчөп, нандан кийин эле цемент өтүп жаткан азыркыдай шартта анын таңкыстыгы албетте, жакшы көрүнүш болгон жок. Бул боюнча Министрлер Кабинети да атайын маселе коюп, көйгөйдү чечишүүдө. Мындан ары да бул маселе өкмөттүн атайын кароосунда болоору белгилүү болду. Мындай шартта көйгөй жаралбайт деп ойлойм. Өлкөнү каптаган кымбатчылыкка карай эл өкүлү катары жеке өзүм да Өкмөткө атайын сунушту бердим. Анын баарын бул жерге майдалап, айтпай эле коеюн.
— Жыл жаңырганы Парламенттеги кесиптештериңиз эл менен жолугушууну атайын пландалган иш-графиктен тышкары майрам, дем алыш күндөрү да улантып, шайлоонун камына катуу кирише башташты. Мындай катмарда сиз да бар экениңизди танбасаңыз керек. Айтыңызчы, карапайым эл ушу тапта эмнеге нааразы, кайсы иштерге ыраазы экен?
— Эл өкүлдөрү бир беткей эле шайлоонун камы үчүн карапайым калк менен жолугушуп жатат деп ойлобойм. Шайлоо жарышы жакындаган сайын айрымдар үчүн эл өкүлдөрүнүн активдешип жатышы балким ошондой сезилип жаткандыр. Аныгында биз Парламентке калың элдин ишеними менен келген соң, шайлоочулар менен жакындан иштешүү да ошончолук деңгээлде болушу керек. Биз, айрыкча эл өкүлдөрү аймактарга шайлоону утурлай же үгүт маалында гана барган көрүнүштөн кайтпасак, элибиз ким болбосун эртең эле баарын электен өткөрүп алат. Маселен, мен кичине эле убактым боло калганда аймактардагы шайлоочуларыма жөнөп калам. Маселени жеринде көрүп, алар менен жүзмө-жүз көйгөйлөрдү талкуулайбыз. Мындай кадамың депутаттык ишмердүүлүгүңө да жакшы шыкак берет экен. Андай жолугушууларда элибиз өлкөдөгү жасалып жаткан алгылыктуу иштерге, айрыкча жолдордун оңдолушу менен ипотекалык курулуштарга карата ыраазычылыгын жашырбайт. Нааразычылыктарынын эң ириси кымбатчылык, айлык-акылардын көтөрүлбөй жатышы, социалдык имараттардын жетишсиздиги сыяктуу көрүнүштөр экени, алар менен болгон жолугууларда айкын көрүндү.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ