"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн ӨМҮРЗАКОВ: “ЖҮРҮМ-ТУРУМ, АДЕП-АХЛАК ЖАГЫНАН ТАРБИЯ ЖЕТИШСИЗ БОЛУП ЖАТКАНСЫЙТ”

Биз бул сапар милициянын “шинелинен чыккан” генерал-майор, тажрыйбалуу мамлекетчил ишмер Сүйүн Өмүрзаков менен соңку убакта болуп жаткан бир катар актуалдуу маселелердин айланасында баарлаштык. Өлкөдөгү коомдук, коопсуздук абалга карата ар убак адилеттүү оюн билдирип келген генералдын бул жолку пикири да көпчүлүктү кайдыгер калтырбаса керек. Эл бааласын.

— Сүйүн Абдылдаевич, соңку убакта балдар арасындагы зомбулук, суицид өңдүү жаман көрүнүштөр күч алды. Укук коргоо органдарынын тажрыйбалуу кызматкери катары айтыңызчы, мындай жагымсыз окуялардын канткенде алдын-алабыз?

— Илгертен бери элибиз бала бакыт, кичкинтай наристелерди келечектин ээси катары баалап, балдарына камкордук көрүп, аны тарбиялоого терең маани берип келген. Тектүү кыргызда “тегиңди сактайм десең уулуңду тарбияла, улутуңду сактайм десең кызыңды тарбияла” деген накыл кеп тегин жерден айтылбаса керек. Алтургай Баш мыйзамыбыздын 20-беренесинде “балдар – Кыргыз Республикасынын эң баалуу байлыгы. Мамлекет балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене-бой жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу шарттарды түзүү менен аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт” деп белгиленген. Тилекке каршы, соңку мезгилде өлкө аймагында болуп өткөн кайгылуу окуялар бул тармакта бир катар кемчиликтер бар экенин айгинеледи. Өспүрүмдөр арасындагы мындай жагдайга түрткү болгон бир топ факторлор бар. Буга эгемендик алган жылдардан кийинки элдин социалдык-экономикалык абалы, коомдогу терс көрүнүштөрдүн көбөйүшү, калктын тышкы жана ички миграциясы, билим берүү системасындагы кемчиликтер, интернет айдыңындагы ар кандай социалдык тармактардын таасири сыяктуу бир катар көйгөйлөрдү айтсак болот. Буга удаа ата-энелердин да күнүмдүк, көр пенделик жашоонун түйшүгүнөн колдору бошобой, жүрүм-турум, адеп-ахлак жагынан балдарга бере турган тарбиясы жетишсиз болуп жаткансыйт. Ушул көйгөйлүү маселелерди жалпылап карап, мамлекеттик органдар, жарандык коом, жалпыга маалымдоо каражаттары, деги эле улуттун келечегине кайдыгер карабаган жарандар биргеликте балдарга камкордукту күчөтүп, аларды ата-бабаларыбыздан калган руханий баалуулуктардын таасиринде тарбиялоо менен бирге заманбап билим берүү системасын түзө алсак, жогоруда сиз айткан көйгөйлөрдү чече алабыз. Мындан тышкары мамлекет тарабынан бирдиктүү саясат жүргүзүлүп, үзгүлтүксүз иш алып баруу менен жыйынтыктары тыкыр көзөмөлгө алынышы керек. 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган “укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында дагы коомдогу укук бузуулардын алдын алуу иштерин уюштуруунун негиздери так көрсөтүлүп, ар бир тийиштүү мамлекеттик органдардын милдеттери, аткара турган иштери белгиленген. Сиздин соболуңуздагы көйгөйлүү маселени жакында биз Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана жемкорлукка каршы аракеттенүү комитетинде талкуулап, Министрлер Кабинетине, бир катар жооптуу мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмаларды жана сунуштарыбызды берип, аларды ар квартал сайын аткарылган иштер тууралуу маалымат берип турууга милдеттендирдик. Жыйынтыгын маалымат каражаттары менен дагы бөлүшүп турабыз.

— Жакында кыргыз-тажик чек арасынын тактоо иштерине чекит коюлуп, бул көрүнүш тарыхый чечим катары бааланууда. Бул иштин жакшы жагына улай, кемчиликтери да болду деп ойлойсузбу?

— Жалпы элди ойлонтуп келген кыргыз-тажик чек арасы боюнча мунаса табылып, жыйынтыкка келип, келишим түзүлдү. Бул тарыхый чоң окуя. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, чек араны чечүү эң оор маселе. Ал эми Тажикстан менен чечүүдө андан бетер оор жагдайлар түзүлүп калган болчу. Чек араны тактоо иштеринин кечеңдешинен улам эки өлкөнүн ортосунда куралдуу жаңжалдар да болду. Бул маселе боюнча өкмөттүк жумушчу топ абдан чоң жумуш жасады. Адилеттүүлүк үчүн бул жагын да айтып коюш керек. Күндүр-түндүр тынбай иштөөнүн арты менен талаш-тартыштар болду. Ошонун баарын баштан өткөрүп, көп алыс эмес убакыттын ичинде жыйынтыкка келишти. Себеби, бул маселе 1924-жылы эле башталган экен. Андан бери 100 жыл өттү. Эки мамлекеттин 1000 километрге жакын чек арасын тактоодо талаш-тартыштарды, ортодо аскердик кагылыштарды да баштан кечирип, 33 жылдан кийин эки мамлекеттин тең кызыкчылыгын көздөгөн орток пикир таап, тынчтык, дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен келишимге келип отурабыз. Мындан ары тээ илгертен чек аралаш, мамилелеш болгон эки элдин ортосундагы байланыштарга эң жакшы шарт түзүлдү деп бааласак болот. Буйруса мындан ары саясий-экономикалык, маданий алакалар, каттамдар жанданып, эки эл бири-бирине катташат, алыш-бериш болуп, коңшу мамлекеттердин ортосунда ынтымакты чыңдоого дагы жаңы шарттар түзүлөт. Аныгында чек ара маселеси сөзсүз эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынганда гана чечилет. Алдыда дагы да аткарыла турган иштер али көп. Бул келишимдер Жогорку Кеңештен ратификацияланып, эки өлкөнүн башчылары кол коюшкандан кийин демаркациялоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу, учурда дүйнө жүзүндө болуп жаткан геосаясий процесстерди, ири державалардагы кызыкчылыктардын кагылышы жана айрым жерлерде болуп жаткан чыр-чатактарды эске алуу менен бул маселелерге өтө кылдаттык менен баа берип, мамлекеттер аралык алакаларга аяр мамиле кылуу зарыл. Биз бул тарыхый жетишкендиктен кемчилик издебей, жакшы жагынан кубаттап гана туралы.

— Келээрки парламенттик шайлоонун эрежеси өзгөрөрү маалым болду. Алтургай Президент Садыр Жапаров да коомдук талкууга чыккан шайлоо эрежесинин өзгөрүшүн колдоого алаарын билдирди. Жаңы эрежеге карата эл өкүлү катары сиздин оюңуз кандай? Дегеле келээрки парламенттик жарышта депутаттык мандат үчүн ат салышасызбы?

— Ооба, ушул күндөрү КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып, коомдук талкуу жүрүп жатат. Мыйзам долбоору эл аралык тажрыйбаларды, азыркы колдонуудагы шайлоо мыйзамдарынын жетишкендиктерин жана кемчиликтерин эске алуу менен шайлоо системасын өркүндөтүү максатында сунушталып жатат. Тагыраагы, азыр шайлоочулардын добуш берүүсүнө шарт түзүү, алардын шайлоого мамилесин жакшыртуу үчүн аралыктан добуш берүү ыкмасын ишке киргизүүгө аракеттер көрүлүүдө. Мындан тышкары, азыркы шайлоодо бюллетендерди мурдагыдай алдын ала басмаканадан эмес, шайлоочу добуш берүүгө кирип, тиешелүү текшерүүдөн өткөн соң гана дароо ошол жерден басып чыгаруу каралган. Учурда эл өкүлдөрүн шайлоонун эрежелерин өзгөртүп, анда өлкө боюнча 30 шайлоо округун түзүү жана ар бир шайлоо округунан 3 депутатты шайлоо сунушталууда. Алардын экөөсү эркек жана бирөөсү аял киши болот. Шайлоо округунан кайсыл талапкер көп добуш топтой алса, ошол мандатка ээ болот. Шайланган депутат кийин кайсыл бир себептен улам мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырып берсе, анын ордуна шайлоодо экинчи орунга чыккан талапкер депутат болуп келет. Бирок, аял киши кеткен болсо, алган добушуна карабастан анын ордуна кайра эле аял киши келет. Мындай ченемдер кайра-кайра шайлоо өткөрүүнү жокко чыгарып, бюджеттик каражаттарды дагы үнөмдөөгө шарт түзөт. Жеке мен мындай сунушталган мыйзам долбоору менен сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү туура деп эсептейм. Ал эми кемчиликтерин убакыт өзү көрсөтөт. Парламенттик шайлоого чейин дагы убакыт бар, менин депутаттыкка бараар-барбасымды кыргызда айтылгандай “бара көрөбүз”!

— Жакында Президенттик Администрациянын чоң жыйынында аткаруу бийлигиндеги бир катар жетекчилер ишиндеги кемчиликтеринин айынан алды сөгүш алып, арты кызматтык креслолорунан кол жуушту. Мындай ыкма мамлекеттик башкарууда кандай натыйжа берет деп ойлойсуз?

— 21-февралда Президенттик Администрациянын 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча кеңешмесинде бир топ мамлекеттик органдардын жетекчилерине, алардын орун басарларына тиешелүү чара көрүү боюнча чечим кабыл алынды. Укук коргоо органында көптөгөн жылдар иштеген мамлекеттик кызматкер катары, тартипти колдойм. Ар бир мамлекеттик органда тартип жана жоопкерчилик болуш керек. Ал эми убагында көрүлгөн чаралар жоопкерчиликти күчөтүп, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жакшыртат деп эсептейм.

Калыгул Бейшекеев

Пример HTML-страницы