Төртүнчү бийлик өкүлдөрүнө ар убак ызаат менен мамиле кылган Сүйүн Абдылдаевич менен маектешүү ар убак кызык маанайда уланат. Бүтүндөй өмүрүн ИИМ тутумуна арнаган тажрыйбалуу генерал менен өлкөдөгү соңку абал тууралуу баарлаштык. Маектешим өлкөдөгү айрым маселелерге карата тынчсызданып, бул жагынан кадимкидей агынан жарылды. Эмесе, ортодогу биздин баарлашуу окурмандарды да кайдыгер калтырбаса керек…
— Сүйүн Абдылдаевич, өлкөбүздө өткөн жылы 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып, бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырганда 32,1%га көбөйүптүр. Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлады. Барган сайын аялдарга болгон кордук, зомбулук окуялары күчөп, коомчулуктун катуу сынына тушугууда. Мындай жүрөк үшүн алган кейиштүү жагдайларды мыйзам аркылуу катаал жаза берүү менен алдын-алууга болобу?
— Ооба, бул жагынан жагымсыз жагдай кадимкидей күч алып, баарыбыздын кабыргабызды кайыштырууда. Үй-бүлөлүк зомбулук, тилекке каршы бүгүн коомубуздагы көйгөйлүү маселелердин бири болуп калууда. Соңку жылдары үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жаатында аракеттер күчөтүлүп, тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. Иш болбой койгон жок. Буга мамлекет башында турган жетекчилерибиз дагы өзгөчө көңүл бөлүп, ар дайым тапшырмаларды берип келишет. Натыйжада буга чейин бир катар мыйзамдарга толуктоолор киргизилип, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жаза чаралары күчөтүлгөн болчу. Жакын арада дагы Министрлер Кабинети тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында айрым чараларды күчөтүү боюнча тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди. Учурда бул мыйзам долбоору биздин комитетте каралууда. Ал эми статистикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү тууралуу айтсам, бул дагы өтө чоң көрсөткүч. Бирок мурдагыга караганда, үй-бүлөлүк зомбулукту аныктоо, мындай укук бузуулар менен кылмыштардын бетин ачуу жогорулады. Бул жагын да адилеттүүлүк үчүн айтып коюш абзел. Мурда жагымсыз иштердин көпчүлүгү көмүскөдө калып, үрп-адатка, салт-санаага шылтоолонуп жаап-жашырылып келсе, азыр “кылт эткен” кыңыр иштер көз жаздымда калбастан ачыкталууда. Ушуга байланыштуу статистикалык көрсөткүчтөр өскөн менен, үй-бүлөлүк зомбулуктун саны ошол эле деңгээлде болушу мүмкүн. Муну толук изилдеп чыккан соң гана так маалымат алыш керек. Мындай шартта “Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук өсүп жатат” деген туура эмес болуп калышы мүмкүн. Бул маселени жеке эле укук коргоо органдарына “үйүп койбой”, коомчулуктун ролу дагы абдан чоң болушу абзел. Анткени, ар бир адам кайдыгер карабай, кошунасы болобу, таанышы болобу мындай фактыларды ачыктап, тийиштүү органдарга маалымат берип турушу керек. Баарыбыз жапа тырмак аракет кылганда гана бул көйгөйдүн алдын алып, комплекстүү жана системалуу иш-чараларды жүргүзүү аркылуу зомбулуктун тамырын кыркса болот. Бир эле мыйзамдардагы жазаны күчөтүү менен маселени түп тамырынан бери чечүүгө мүмкүн эмес.
— Эл өкүлдөрүнүн бала-бакыра, аке-үкө, тааныштары кандай жол менен Парламентке жардамчы, кеңешчи болуп ишке кирери коомчулукка маалым болду. Сиз жардамчы, кеңешчилериңизди кандай талап менен кызматка аласыз? Башка кесиптештериңиз сыяктуу аткошчуларыңызды “обмен” аркылуу кызматка алган жок белеңиз?
— Бул сурооңо тамаша тооруй жооп узатайынчы. Аталган маселеде мага кине кое албайсыңар. Мен жардамчы жана кеңешчимди тууганчылык, өң-тааныштык же жердешчиликтин жел аргысы менен эмес, тийиштүү мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык билимине, тажрыйбасына жана жөндөмдүүлүгүнө карап кызматка алгамын. Сиз айткандай туугандык байланыш же кандайдыр бир башка жолдор менен алган эмесмин. Башта айтканымдай, бул жагынан мага кине кое албайсыңар…
— Милициянын шинелинен чыккан генерал катары айтыңызчы, учурда жол кыймылынын тескөөчүлөрү менен “кызыл шапкечендердин” кенже кызматтык орундарына сынактык негизде кызматка алуу күч алды. Бул көрүнүш канчалык деңгээлде өзүн актайт? Мындай кадам кадрдык таңкыстыктын айынан келип чыккан арга кеткендеги амал да, туурабы?
— Мен бул жагын арга кеткендеги амал, кадрдык таңкыстык же башка да жаман бир көрсөткүч деп ойлобойм. Кыргызстанда соңку убакта сынак аркылуу мамлекеттик кызматка кабыл алуу өлкөдөгү мамлекеттик кызматтын сапатын жогорулатууга, ачык-айкындуулукту камсыз кылууга жана кадрларды кесипкөйлүккө жараша тандоого өбөлгө түзгөн натыйжалуу механизм болуп саналат. Бул жагы эл аралык практикада да далилденген. Эл аралык стандарттарга ылайык, мамлекеттик кызматка кабыл алуу процесси ачык-айкындыкты, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана кесиптик компетенттүүлүктү камсыз кылышы керек. Кыргызстандагы мамлекеттик кызматка кабыл алуудагы сынак системасы дагы ар кандай тажрыйбаларды эске алуу менен, тийиштүү стандарттарга ылайык иштелип чыгып ишке ашырылууда десек болот.
— Жакындан тарта мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы тартип киргизилип, ага ылайык, мамлекеттик саясий кызматты ээлеген кызматкерлерге карата жоопкерчилик күчөтүлдү. Эми кызматкер тартиптик жаза алса (сөгүш же катуу сөгүш) ал чет өлкөгө иш сапарларга чыга албайт. Сый акыдан куру калат. Мындай эреже эл өкүлдөрүнө да киргизилишин колдойт белеңиз?
— Албетте! Мамлекеттик кызматкерлердин тартибин күчөтүү алардын жоопкерчилигин гана жогорулатат. Тартиптүү иш алып баруу, милдеттерди так аткаруу мамлекеттик кызматтын сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Жоопкерчиликти күчөтүү жемкорлукту азайтып, мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик деңгээлин көтөрөт. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарынын жоопкерчилиги жана аларды колдонуу жол-жоболору дагы тийиштүү мыйзамдарда жетиштүү деңгээлде каралган. Бул жагына тынчсызданбай деле койсоңор болот.
— Өткөн аптада “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам күчүнө кирди. Шайлоонун жаңы эреже-шарттары сиздин купулуңузга толдубу? Же шашылыш кабыл алынып, мыйзамдын чийки жактары алаланып калдыбы? Жаңы эреже менен депутаттыкка талапкерлигиңизди коесузбу?
— Ооба, үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамы кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий жемкорлукка каршы күрөшүү жана шайлоо системасындагы кемчиликтерди четтетүү жана бюджеттик каражаттарды үнөмдөө болуп саналат. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жыйындарында кеңири талкууланып, депутаттардын сунуштары менен айрым ченемдерине толуктоолор жана түзөтүүлөр киргизилип, кабыл алынды. Ошондуктан, “мыйзам шашылыш кабыл алынды же чийки болуп калды” дегенден алысмын. Деги эле мыйзамдар бир кабыл алынган бойдон тура бербейт. Алар ар кандай себептер менен шартка жараша же мамлекеттеги болуп жаткан процесстерге ылайык зарылчылыктар болсо толукталып, жаңыланып, өзгөрүп турат. Бул мыйзам ченемдүү, ар дайым болуп туруучу, керек болсо токтобой турган көрүнүш. Эгерде укук колдонуу практикасында кемчиликтер табылып, жетишпеген жактары болсо, мындан ары дагы толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Ал эми келерки шайлоодо депутаттыкка өзүмдүн талапкерлигимди көрсөтүү маселеси боюнча азырынча ойлоно элекмин. Алдыда дагы көп убакыт бар. Азырынча кандайдыр бир чечим кабыл алууга эртерээк деп ойлойм. Калганын бара көрөбүз…
— Алдыда 2 айлык эс алуу. Жай мезгилин эл менен жолугушкандан тышкары кай жактарга барып дем алуу менен өткөрөйүн деп турасыз?
— Алдыдагы эмгек өргүүмдү жеке пландарым боюнча өткөрүүгө ниеттенип жатам. Албетте, эс алуу учурунда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, алардын суроо-талабын угуп, сессиялык мезгилде аткарылган иштер тууралуу элге кеңири отчет берип, натыйжалуу иш жүргүзүүнү көздөп жатам. Мен үчүн карапайым эл менен аралашып, алар менен баарлашуудан өткөн эс алуу жок! Мындай жолугушуулар жана отчеттор шайлоочулар менен түз байланыш түзүүгө, коомдук пикирди изилдөөгө жана жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Эмгек өргүүмдөгү убакытты натыйжалуу пайдаланып, коомдук иш-чараларга катышуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен тыгыз иш алып барып, белгиленген убакытты туура жана жемиштүү пайдалануу ниетим бар. Буга удаа үй-бүлөмө, неберелериме аз да болсо убакыт бөлүп, алар менен бирге эс алуу күндөрүн уюштурганга аракет кылам.
Калыгул Бейшекеев