Маектешим кыргыз парламентинин 4 чакырылышына депутат болгон “ардагер” эл өкүлдөрүнүн бири. Тажрыйбалуу депутат менен жайкы эс алуудан соң баарлашып кайттым. Эмесе, саясат, учур кырдаалы боюнча темаларга “бугун төккөн” эл өкүлүнүн маегине күбө болуңуздар…
— Улугбек мырза, жай бою эл аралап, ага удаа эс алуунун да катыгын берсеңиз керек. Эл арасындагы түзүлгөн абал, көйгөйлөр боюнча парламент трибунасынан эмнени айтайын деп келдиңиз?
— Бул жайдагы эл менен жолугушуум кичи мекеним Өзгөн районунда болду. Бүгүн карапайым элди эмне тынчсыздандырат? Көбүнчө күнүмдүк көйгөйлөр, өзгөчө азык-түлүккө болгон ыксыз кымбаттоолор, сот адилетсиздиги, күч органдарына болгон нааразычылыктар элибиздин көкөйүнө тийген көйгөйлөрдөн экен. Кыскасы, суроолор көп. Социалдык имараттар боюнча ошол эле Өзгөн районунда жакшы иштер жүз берип жаткандыгын адилеттүүлүк үчүн да айтып коюш керек. Советтер Союзу ыдырагандан бери Өзгөндөгү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Жаман-Адыр тилкесинде иштебей калган суу каналы боло турган. Ошол жерге суу чыгаруу боюнча тээ ала жазда Президенттин жеке өзүнө кайрылгам. Садыр Нургожоевич ушул өтүнүчүмдү колдоп, өзүнүн фондунан 100 миллион сом каражатын бөлүп берген. Ушул иш абдан жакшы ыргакта жүрүп жатканын өз көзүм менен көрүп кайттым. Аталган канал 2024-жылы курулуп бүтсө, 719 гектар жерге суу жетет. Жүздөгөн какыраган кайрак жерлер Кудай буюрса сугат талаасына айланат. Өзгөндөгү мындай өзгөчө жакшы ишти жергиликтүү тургундар өтө терең баса белгилеп, кубаттап жатышат. Канча жылдан бери бийлик көңүл бурбай келген жерге мамлекеттик казынадан каражат каралбаса дагы Президентибиз жеке өзүнүн фондунан каражат бөлүп берип, булактын көзүн ачкандай чоң соопчулук иштин өтөөсүнө чыкканы турат.
– Бала бакчалар менен мектеп жаатында да көйгөйлөр болсо керек?
— 1-сентябрга карата Өзгөн районунда 4 мектептин ачылышы болуп, райондогу жагымдуу окуялардын бирине айланды. Буга удаа Өзгөндөгү эл менен жолугушууга Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев менен чогуу барып, авариялык абалдагы мектептердин абалы менен таанышып кайттык. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн же жаңы салына турчу тизмеге кирип, бирок, мамлекеттик казынадан акча каражаты каралбай калган бир топ социалдык имараттардын, билим уяларынын абалы менен тааныштым. Мындай иштердин жакшы-жаманын, айрым көйгөйлөрдүн бардыгын парламенттин сессиясынан көтөрүп чыгып, бийликтин алдына коюшка даярданып жатам. Көйгөйлөрдү жөн эле көтөрүп койбой, маселелер качан чечиле турганы боюнча бир катар суроолорду коймокчумун.
— Шайлоочулардын дембе-дем кайрылуусу менен өтүнүч-суранычтарын аткаруу эл өкүлүнүн канат-бутагы кыркылган азыркыдай шартта кыйынчылыкты жаратат бекен?
— Берген соболуң бир эседен абдан туура. 2010-жылдан кийин элдин талабы менен депутаттардын саны 120га жетип, “парламенттик башкаруунун кесепетинен ар партия районшаарларга чейин бөлүп алды” деген өңдүү нааразычылыктар күчөгөн. Учурда Президенттик башкарууну баштан кечирип жатабыз. Мунун да өзүнүн оошкыйыш, жакшы-жаман жактары бар экен. Ошол кемчиликтеринин бири парламенттин көп укуктарынын кесилип калгандыгында болууда. Себеби, буга дейре иштебей же кашаң жүрүш менен илең-салаң жүргөн министрди кызматтан алуу талабын коюп, аны Президент сөзсүз аткара турган болсо, учурдагы башкарууда аткаруу бийлигинин башында турган Өлкө башчысы бул маселени өзү чечет. Биз албетте, сунуш беребиз. Аныгында парламенттин негизги милдети мыйзам чыгаруу болуп эсептелери ырас. Социалдык маселелер көп болуп, жер-жерлерде көйгөйлөр көбөйгөндүктөн, парламент депутаттары бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө болуп, жогору жакка жетпей жаткан көйгөйлөрдүжеткире турган вазыйпаны аркалап келишет. Туура, учурда парламенттеги эл өкүлчүлүк милдет бир эседен аксап калгандай көрүнүүдө. Ошого карабай эл өкүлдөрүнүн парламенттин трибунасында микрофону, бийликтин астына коё турчу 2 рычагы бар. Бири, мамлекеттик казынаны кабыл алууда, экинчиси аны көзөмөлдөө…
— Соңку убакта Өзбекстанга ижарага берилген 4 пансионат далайларды “экспертке” айлантпадыбы. Дал ушул маселелердин тагдыры буга чейин да парламентте көтөрүлгөн. Сиз эл өкүлү катары бул иштерден жакшы кабардар экениңизди билем. Андыктан, Өзбекстанга кайрадан ижарага берилген пансионаттардын тагдыры боюнча оюңуз кандай?
— Бул иштер боюнча алгачкы күндөрү көпчүлүк, айрыкча социалдык түйүндүн катталуучулары кыжырданган тейде өтө катуу нааразычылыктарын билдирип турушту. Өзүң айткандай маселени билгени деле, билбегени дагы пикир айткандарычы! Ушул маселе көтөрүлгөндөн кийин мен атайын салык кызматына кайрылып, 4 пансионат тууралуу маалыматтарды алдым. Андыктан, сенин сурооңо тастыкталган сандар менен жооп берейин. Маселен, ошол эле төрт пансионаттын бири болгон “Рахатты” алалы. Бул пансионатты 2016-жылы өзүбүзгө алганга чейин жылына үч жарым, төрт миллион сомго чейин салык төлөп турган экен. 2016-жылы өзүбүзгө алгандан кийин ушул эле “Рахат” пансионаты ар жылы бир миллион бир жүз миңден, бир жарым миллион сомго чейин гана салык төлөп туруптур. Ал эми бул көрсөткүч 2021-жылы 300 миң сомду гана түзүптүр. Көрдүңөрбү, бул жерде биз жогорудагы төрт пансионатты өзүбүзгө алгандан кийин салыктар азайып кеткендиги ачык көрүнүп турат. Мен бул жерде Өзбекстанга өтүп кеткен 4 пансионаттын бирөөсү боюнча гана салыштырмалуу маанайда сандардын тили менен сөз кылдым. Калган үчөөндө деле ушундай көрсөткүч. Керек болсо мындан да төмөн экен. Мунун өзү биз Өзбекстанга ижарага берилген пансионаттарыбызды кандай башкарганыбызды көрсөтүп турат. Андыктан, мындан ары да өзбек туугандарыбыз ижарага алган пансионаттардан баштагыдай салык түшүп турса, мунун өзү өлкөбүздүн казынасы үчүн жакшы болгон жатпайбы.
— Быйыл эгемен өлкөбүздүн тарыхында болуп көрбөгөндөй мектептер салынганын министр каныбек иманалиев шардана кылды. албетте, ылайым эле ушундай иштер улана берсин деңизчи. Дал ушундай жылыштарды карапайым элге кеңири түшүндүрүп берүү жагынан аксап жаткан жокпузбу?
— Сенин пикириң менен макулмун. Маселен, жогоруда биз кеп кылган Өзбекстанга ижарага кеткен 4 пансионат боюнча маалыматтарды сандардын тили менен салыштырып, ошол эле салык кызматы, Министрлер Кабинетинин курамы элге туура, так түшүндүрүп, образдуу айтканда “чайнап бериш” керек болчу. Керек болсо “эй, айланайындар, биз 4 миллион сом салык алган жерден жүз миң сом алып калдык” деп айтып чыгыш керек эле. Биз азыр жакшы иштерибизди жакшы деп айта албай жаткандыгыбыз ачык болуп жатат. Учурда дүйнө саат, секунд санап өзгөрүп, өнүгүүдө. Кыргызстанда жашыбыздан карыларыбызга чейин социалдык түйүндөрдө отуруп, интернеттин ичегисин чубап жатышат. Бийликтин жакшы иштерин дал ушул социалдык түйүндөр аркылуу даңазалап, элге түшүндүрүп берүү жагын да колго алышса, коомубуздун талабына жооп беришсе дээр элем.
— Сырттагы бааны ооздукташ кыйын болуп жаткан жокпу? Күйүүчү май күн санап кымбаттап жатат. Абалыбыз кантет?
— Россия санкцияга кабылып жаткан чакта, рублдин куну түшүп жаткан азыркыдай шартта биз эмнеге күйүүчү майды рубль менен албай жатабыз? Мен ушул жагына таңмын… Керек болсо орустар өздөрү эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты улуттук валютасында жүргүзүүнү суранып жатышат. А биз күйүүчү майды алардан дагы да болсо доллар менен алып жатабыз. Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдөн келишимдерди аткарууну талап кылуу биздин Министрлер Кабинетинин түздөнтүз милдети. Өзгөчө соңку убактагы кошуна Казакстандын кылган мамилеси биздин суу чарба департаментинин суу бөлүштүрүү кызматынын түздөн-түз күнөөсүнүн айынан келип чыкты. Биздин суу чарба департаменти “казактар сууну июнь айында көбүрөөк сурагандыктан биз августтун нормасын июлда берип койгонбуз” деп алакан жайышууда. Таң каласың, өзүбүздө июнь, июль айларында суу жетишсиз болуп жатса казактарга кантип эки эсе нормадан ашык берип койгон? Мындай суроолорду жакында парламенттин трибунасынан тиешелүү жетекчилердин алдына катуу коёбуз…