"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек ОРМОНОВ: “Экономика туруктуу өсүшкө жетип, профицитке чыгып отурат”

Өткөн айда Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата республикалык бюджетти кабыл алды. Буга чейин аткаруу бийлигине сын айтып келген айрым депутаттар дагы мактоо сөздөрүн айтып, ыраазычылык билдиргенине күбө болдук. Айтор, сунушталган бюджетти парламент өкүлдөрү бир добуштан колдоп беришкен. Биз бул боюнча эл өкүлү Улукбек Ормоновду сөзгө тарттык.

— Улукбек Зулпукарович, жакында Министрлер Кабинети сунуштаган бюджетти депутаттар тоскоолдуксуз кабыл алып беришти. Сын айтчу депутаттар дагы катуу мактаганына күбө болдук. Чындап эле ынанымдуу болдубу?

— Министрлер Кабинети сунуштаган 2024-жылга карата республикалык консолидациаланган бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңеш колдоду. Анда республикалык бюджеттин келерки жылдагы кирешеси 378,4 млрд сом, чыгашасы 367,5 млрд сом деп көрсөтүлүптүр. Башкача айтканда, бюджет буга чейинкидей дефицит менен эмес, 10,9 млрд сом профицит менен аткарыларын убада кылышты. Бул албетте, колдоого татый турган иш. Баарыбызга маалым, 2020-жылы Садыр Жапаров эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард дефицити менен алган эле. Ага чейин деле дефицит менен кабыл алынып, бюджет тешик бойдон келген. Мына бүгүн туруктуу өсүшкө жетип, профицитке чыгып отурат. Муну чоң ийгилик катары айтышыбыз керек. Мисалы, 2020-жылы 250 миллард бюджет болсо, азыр үч эсеге өсүп, 570 миллардга жетти. Былтыр, 2023-жылдын бюджети 503,4 млрд сом деп бекитилген, жыл жыйынтыгы менен 570 млрд сом болду. Ортосундагы айрыма 67 млрд сом. Албетте, бул мактоого арзыйт да. Кийинки, 2024-жылдын бюджетин 600,7 млрд сом деп бекитти, жыл аягында быйылкыдай ашыкчасы менен аткарыларына сөз беришүүдө, аны эми күтө туралык.

— Бажы тармагында дагы өсүш чоң экени айтылды, чындап эле мурунку жылдарга салыштырмалуу ири ийгиликтер барбы?

— Салыштырып караганда айырма өтө чоң. Баарыбыз уктук, Министрлер Кабинетинин Төрагасы бажы тармагынын быйылкы кирешеси 111 млрд сомдон ашарын айтты. Өткөн жылы 74,3 миллард сом чогулган. Мурдагы жетекчилердин маалында 30 миллиарддын айланасында эле киреше алчубуз. Мисалы, бажы тармагынан 2016-жылы 29,3 млрд, 2017-жылы 34,2 млрд сом чогултушкан. Быйылкы 111 млрд сомго салыштырганда, ортодогу айырмасы 73 млрд сом чыгып жатат. Буга чейин ал акчалар кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшүп жүргөн да. Эгер ошол миллиарддар уурдалбай казынага түшүп турганда, жүздөгөн мектептер салынып, айыл-чарба, курулуш жана аскердик техникалар сатылып алынмак. Айлык, маяналар көбөймөк. Мамлекетибиздин экономикасы өсмөк.

— Министрлер Кабинети салык кызматында дагы өсүш бар экенин билдирди. Мурунку жетекчилер бул тармактын дагы канын соруп келгенби?

— Жемкорлук бир эле жерде болбойт, бардык тармакты камтыйт. Анын сыңарында, салыкта дагы бажы кызматындагыдай чоң уурулук болуп келген. Мисал катары айта кетейин, 2019-жылы Салык кызматы 78,2 млрд сом жыйнаса, 2023-жылы 183,5 млрд сом чогулткан. Салыштырсак 105 млрд сомго көп. Келерки, 2024-жылга салык кызматы 200 млрд сом жыйнары күтүлүүдө, бул 2023-жылдагыдан 47 млрд сомго көп. Ошондой эле, ички дүң прокция дагы чоң секирик жасап, 1 триллион сомду басып өткөнү белгилүү болду. 2020-жылы Садыр Жапаров бийликке келген маалда 7,1 пайызга төмөндөгөн ИДП эки жыл ичинде 439 млрд сомго өскөнүн чоң ийгилик деп бааласак болот. Анткени былтыр, 2022-жылы ИДПнын көлөмү 11,5 млрд долларды түзгөн, быйыл 1 триллион сомдон ашып кетиптир. Бул тынымсыз түйшүк, үзүрлүү эмгек экенин айтып коюшубуз керек.

— Мамлекеттик бюджетти толтурууда “Кумтөрдүн” орду чоң экени талашсыз. Мамлекетке кайтарылгандан бери кирешеси арбыганы айтылып келет. Бирок, негедир акыркы учурда “Кумтөрдүн” ишине Жогорку Кеңеш такыр кызыкпай калгандай таасир жаралууда. Бул жактын кирешеси көз жаздымда калган жокпу?

— “Кумтөр” көз жаздымда калган эмес, Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө турат. Улуттук банкка сакталган алтындардан бери барып карап, текшерип келишкен. Айта кетишибиз керек, “Кумтөр” мамлекетке өткөндөн кийин кирешеси кескин жогорулады. Муну дагы салыштыруу менен белгилеп кетейин, “Кумтөрдү” чет элдик компания иштеткен 28 жылда Кыргызстан үлүштүк кирешеден болгону 100 млн доллар пайда көргөн. Ошол эле маалда 410 тоннадан ашык алтын казылып, сыртка ташылып кетти. Кыргызстанга анын 1 граммы да калган эмес. Бул биздин трагедиябыз. Ал эми “Кумтөр” мамлекетке өткөндөн кийин 2022-жылга карата бир эле жылдык таза кирешеси 371 млн долларды түздү. 30 жылдагы 100 млн доллар менен бир жылдагы 371 млн доллардын айырмасы асман менен жердей экенин айтпасам деле баары түшүнүп турат. Андан сырткары, 50 тоннадан ашык алтын топтолуп, казынага жыйналды. Муну биз чоң жеңиш катары айта жүрүшүбүз керек.

— Цифралардын өскөнү жакшы деңиз, бирок экономикалык өсүш чыныгы турмушта байкалып жатабы?

— Өлкөдө экономикалык жылыш кадимкидей байкалып калды. Айлык маяналардын көтөрүлгөнүн, өлкөнүн бардык аймактарында социалдык объектилер, жолдор, ооруканалар, имараттар, ипотекалык үйлөр, мектептер, бала бакчалар ж.б. курулуп жатканынын жалпы эл көрүп жатат. Жүздөгөн аскердик жана курулуш техникаларына, өзгөчө кырдаалдар министрлигине келген техника, учактарга, шаарларга келген автобустарга барыбыз күбө болуп жатабыз. Эң башкысы, буга чейин бизге чоң көйгөй болуп келген тышкы карыздар кыйынчылыксыз төлөнө баштады. Болбосо кен байлыктар берилет деген сөздөр жүрө баштаган болчу. Президент өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуп турса, мындан ары да төлөөгө толук күчүбүз жетерин белгиледи. Чындыгында эле азыр биз мамлекетибиздин бүтүндүгүнө залакасын тийгизген ызы-чуулардан оолак болуп, тынчтыкты сактап турушубуз керек. Анткени, өтө чоң суммадагы карызды төлөй турган маалга жеттик. Маселен, 2023-жылы 344 млн доллар төлөндү, келерки 2024-жылы 400 млн доллар, ал эми 2025-жылы 430 млн доллар төлөйбүз.

— Бюджетти жемкорлор какшытса, кылмыштуу топтор анын көбөйүшүнө залакасын тийгизери маалым. Дегеним, бийликтин коррупцияга жана криминалга каршы күрөшү кандай жүрүп жатат?

— Коррупциянын жана криминалдын айынан мамлекетибиз өнүкпөй келгени чындык. Барыбыз көрүп жатабыз, азыркы учурда жемкорлорго жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы иш-чаралар катуу жүрүүдө. Өзгөчө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев көзгө толумдуу иш алып барып жатат, биз аны колдошубуз керек. Анын жигердүү аракетинин аркасында миллиарддаган акчалар мамлекеттик казынага кайтарылууда. Жакында уктук, УКМК үч жылдын ичинде 1 млрд 200 млн доллар казынага төктүрүптүр. Бул эбегейсиз чоң сумма. Ачыгын айтып коюшубуз керек, криминал менен күрөшүүгө буга чейин эч ким батына алган эмес. Тескерисинче, укук коргоо органдары коюн-колтук алышып, аларга шарт түзүп келген. УКМК төрагасы башын канжыгага байлап коюп криминалды ооздуктаганга жетишти. Каршылык көрсөткөндөрүн жок кылды. Бул мамлекет, эл үчүн жасалган чоң эмгек. Анткени, эгемендүүлүк алганыбыздан бери кылмыштуу топтор ишкерлердин канын соруп, мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып келген. Алардын жемкорлордой зыяны чоң болчу.

— Экономиканын көтөрүлүшүнө башкаруу системасынын таасири чоң экени айтылып келет. Тактап айтканда, азыркы чоң секириктер Президенттик башкаруудан улам жаралууда дегендер бар. Чындап эле өнүгүүлөргө башкаруу системасынын таасири тийип жатабы?

— Ооба, серепчилер экономикадагы жылыштын бирден бир себеби системанын туура тандалгандыгында экенин айтып келе жатышат, анын чындыгы бар. Мисалы, 2010-жылы парламенттик башкаруу делген башаламан система түптөлгөнүн билебиз. Өкмөт курамы коалицияга бириккен фракциялар тарабынан түзүлүп, иш жүзүндө мамлекетти Президент башкарчу. Премьерлер кол жоолуктай алмашып турду. Өкмөт туруктуу иштеген жок. Партиялар кызматтарды бөлүштүрүп, министрлерди ар кимиси чүлүктөп отурушту. Анын кесепетин 10 жыл тарттык. Жоопкерчиликке келгенде бири дагы жүктү көтөрбөдү. Жыйынтыгында ар кайсы клан өз көмөчүнө күл тартып, жан сакчылар, шопурлар бийликтин башына чыгып, мамлекетти талап-тоношту. Бюджет ошол үчүн өскөн жок. “Кыргызгаз” сындуу стратегиялык объектилеринен кол жууду. Ал эми азыр Башмыйзам боюнча бийлик башында Президент турат, бүт жоопкерчилик бир кишиге жүктөлгөн. Аткаруу бийлиги ага баш ийет. Натыйжасы жаман эмес, жыйынтыгы көрүнө баштады. Демек, экономиканын өсүшүнө башкаруу системасынын таасири чоң деген тыянак туура. Туура тандалган система өнүгүүгө өбөлгө түзөрү чын.

 

 

Зулпукаар САПАНОВ

№102 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 26-декабры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!