Эл өкүлү эмне дейт?
Венера Раимбачаева парламенттеги социалдык саясат боюнча комитетти жетектейт. Дал ушул социалдык блоктун жүгү оор, ошого жараша жоопкерчилиги чоң экени баарыбызга маалым. Кай убак, качан кайрылба, парламенттеги иш бөлмөсүндө мугалим, дарыгер, тарбиячы, айтор алыскы аймактардан келген шайлоочулардын узун кезегин көрүүгө болот. Эл өкүлү менен биз азын-оолак болсо да коомчулукта көтөрүлө калган көйгөйлөрдүн тегерегинде баарлаштык.
— Венера Калыбековна, шайлоо алдында элге берген убадаларыңыздын канчасын аткара алдым деп ойлойсуз?
— Депутаттык мандатка чейин медицина багытында иштегендиктен, шайлоо алдында элге эл өкүлү болуп калсам ак халатчан кесиптештеримдин маселесине кайдыгер карабай, тармакка көңүл бураарымды ачык айткам. Эч кимибиздин эсибизден чыга элек да, “таажы ылаңы” жүз бергенде канчалаган ак халатчан кесиптештерим “кызыл зонада” ооругандарына карабай иштешип, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жүрүштү. Айрым дарыгерлер мындай эмгектери үчүн мамлекеттен атайын бөлүнүүгө тийиш болгон каражаттарын албай калышты. Дарыгерлерибиздин маяналары менен билимин жогорулатуу, ооруканаларыбыздын абалы боюнча депутат болуп келген биринчи күндөн тарта маселе көтөрүп, бул жаатта колубуздан келишинче аракет кылып жатабыз. Азыр парламенттеги мен жетектеген комитетке 2 дарыгер тармактагы көйгөйлөр боюнча колдорунан келишинче жардам беришүүдө. Мындан тышкары мугалимдерибиздин көйгөйлөрү, карапайым элдин жерлерди трансформациялоо боюнча суранычтарына парламенттен жакындан жардам берүүгө сөз бергем. Ошол убадаларымды бардыгын толугу менен аткара албасам дагы, азыр мүмкүнчүлүгүмдүн жетишинче аткарганга аракет кылып жатам. Бардыгын кыска аралыкта жипке тизген шурудай тегиз чечүү да мүмкүн эмес экен.
— Парламенттеги фракциялардын көчмө жыйындарын аймактарда өткөрүүнүн зарылчылыгы канчалык?
— Парламенттеги фракциялардын көчмө жыйындарын аймактарда өткөрүүнүн пайдасы абдан чоң. Буга өзүм да иш жүзүндө күбө болуп жатам. Анткени, алыскы аймактардагы карапайым элибиздин маселелеринин чечилбей жатышына тоскоолдукту кимдер кылып жатканы, жергиликтүү көйгөйлөрдү кандай кылып чечсе болоорлугун жеринен угуп, айыл тургундары менен чогуу талкууланат. Фракциялардын көчмө жыйындарын аймактарда өткөрүүнүн артыкчылыктарын четинен санасаң болот. Мен бул жагын баса белгилеп айта алам.
— Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекеттик дарыканаларды аймактарга ачып жатат. Мунун өзү өлкөбүз үчүн канчалык деңгээлде пайдалуу деп ойлойсуз?..
— Ооба, саламаттыкты сактоо министри өзү баш болуп аймактарга мамлекеттик дарыканаларды ачып жатат. Бул абдан жакшы көрүнүш! Чынында бул тармакта жакшы иштер болууда. Мындан ары дарылардын баа наркы да анчалык кымбат эмес, сапаты да толук көзөмөлдө болуп калат. Буга чейинки аты жаман “таажы ылаңынын” учурунда дарылардын дароо кымбаттап кеткенин баарыбыз көрдүк. Ансыз да жан айласы кылып кыйналып турган жарандарыбызга дарылардын ошондогу кымбатташы өтө катуу сокку болгонун кайда катат элек? Мамлекеттик дарыканаларыбыздын аймактарыбызга чейин ачылып жатышы тармактагы колдоого алчу жаңы кадамдардан. Бул саамалык мындан ары да үзгүлтүксүз жүрүп, өлкөбүздүн бардык аймактарын камтышы абзел. Министрдин азыркыдай колдоого алчу кадамын колдоп коюшубуз керек.