Каарманым жаштайынан саясаттын каалгасын черткилеп, анын астанасын ишенимдүү аттаган алдыңкы эл өкүлдөрүнүн бири. Мамлекеттик кызматтын бир катар тепкичтерин ырааттуу басып, ал ортодо ишкерликтен да ийгилик жараткан Марлен Абдырахманович соңку 5 жылдан бери эл өкүлү катары эл оозуна алынып, депутаттык ишмердүүлүгүн ийгиликтүү аркалап келүүдө.
— Марлен мырза, жакында парламенттеги кесиптештериңиз эл өкүлдөрүнүн азыркы курамын тарап кетүүгө чакырык ташташты. Мындай жүйө кайсы бир эксперттердин пикири болсо да мейли эле. Бакандай эл өкүлдөрү өздөрү “балп эттирип” жатса, алардын мындай чакырыктары балким бир эседен жөндүүдүр…
— Баш мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү кандай жагдайда токтоору так жазылган. Кээ бирөөлөр өздөрү тарап кетсин дешүүдө. Бирок, мунун процедурасы өтө татаал. Жөн эле айтып коюш башка, ал эми ишке ашыра турган болсо тарап кетүү боюнча токтомду кабыл алыш үчүн ар бир депутат өзүнүн мандатын тапшырат. Бирок, алар мандатын тапшырса, ордуна кезек күткөн башкалары келип калышы мүмкүн (Өмүрбек Бакиров менен Равшан Рысбаевдин мисалындай). Бүгүн парламентти таратыш үчүн депутаттардын 61 добушу керек болот. — Бирок, азыр эл өкүлдөрү мындай кадамга барышпайт да, туурабы? Бул жагы реалдуулуктан алыс дегеним… — Албетте, бул жагы реалдуу эмес. Балким, арабыздагы экиүчөө тарап кетишти каалап жатышкандыр. Ал эми иштегендер иштеп, мыйзам жазгандар жазып эле жатышат. Элге өзүнүн пайдасын келтире тургандар шайлоочулары менен тыгыз иштешүүдө. Ушул жерден өзүбүздү өтө мактагандай болбойлу. Биз шайлоо алдында элге берген убадаларыбыздын 80%ын аткарып, тийиштүү мыйзамдарды кабыл алып, кайрылгандардын көйгөйлөрүн чечип берүү жагынан 70% иш аткардык. Күнүмдүк кайрылууларды да чечкенге аракет кылып жатабыз.
— Көйгөйлөрдүн 70-80 пайызын чечүү “жел сандар” эмеспи?
— Мен статистикалык маалыматтардан куралган сандарды далил менен айтып жатам. Маселен, соңку 2 жылда бизге 2300 адам кайрылыптыр. Мунун ичинен 1873 кайрылууну туура багытта чечип бердик. Калганы чечүү процессинде турат. Буларды айтканга оңой болгону менен чече келгенде оор маселе. Ар бир кайрылууну ишке ашырыш кыйын. Муну өз жон терим менен сезүүдөмүн. — Өткөн аптада Министрлер Кабинетинин курамында кадрдык жүрүштөр болбодубу. Маселен, ошол эле Кудайберген Базарбаев сыяктуу тажрыйбалуу, мамлекетчил кадрлардын кетиши боюнча оюңуз кандай? — Кадр саясатында аксап жатканыбыз баарыбызга маалым. Албетте, бардык кадрдык жүрүштөрдөн бир кылка кемчиликтер кетип жатат дегенден алысмын. Айрымдары боюнча мүчүлүштүктөр бар. Сиз абдан туура белгиледиңиз, ошол эле Кудайберген Базарбаевич өтө тажрыйбалуу, өз ишинин чыныгы кесипкөйү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга 100 миң сомдон берүү идеясын ишке ашырган, ишти бир нукка сала алган кадрды бүгүн күчүн албай, үйүндө отургузуп койгонубуз бир эседен өтө өкүнүчтүү. Ал эми ишти тарта албагандарды алмаштыруу керек. Андан трагедия жасаштын кереги жок. Кашаң кадрларды кармап, мамлекетти, элди кыйнагандын кимге кереги бар?
— Өлкөбүздө күйүүчү май күн сайын кымбаттоодо. Алтургай, бул байлыктын мекени болгон Россиянын өзүндө да бул жаатта абал жакшы эмес экенин өздөрү коңгуроо кагып чыгышты. Кандай болгон күндө да күйүүчү май коопсуздугубузга таасир этери талашсыз. орустар коңгуроо кагып жаткан соң биз эртең алакан жайып отуруп калбайбызбы?
— Бир эседен абдан туура суроо. Азыркыдай шартта биз эртеңки күнү алакан жайып отуруп калышыбыз мүмкүн. Бирок, мындай коркунучка жол бербешибиз керек. Өкмөт ушундай көйгөйлөрдү, болгондо да коопсуздугубузга таасир этчү коркунучтарды ыкчам чечип, тийиштүү запастарды камдап, керек болсо башка мамлекеттер менен дал ушул көйгөйдү алдын алуу үчүн сүйлөшүүсү зарыл. Кандай болгон күндө да күйүүчү май көйгөйү өлкөбүздө орун албашы керек! Аныгында дүйнөлүк базарда мындай маселелер болуп турат. Ошондуктан, биз керектүү запасты толук камдап, коркунучтарга туруштук беришибиз кажет. Мамлекеттик резервге тапшырма берилген. Алар тийиштүү көлөмдө запас менен толукташы керек.
— Жаңы муундагы жаштардын өкүлү катары саясатка келгениңизден кабардарбыз. Парламенттик жарышта жаштар сизди сүрөөнчүлүккө алышып, көйгөйлөрүбүздү бийликке жеткирет деген ишеним менен шайлашкан. Жаштардын үмүтүн актап, парламенттен топ жарып чыгууңузга сизге эмне тоскоолдук кылып жатат? Жаштардын демин суутуп койбойсузбу?
— Бир өңчөй эле жаштар эмес, мага ишеним артып, добуш берген бардык шайлоочуларыма ыраазымын. Ооба, жаштардын да колдоосу өзгөчө болгонун жашырбайм. Бүгүн алардын суранычтарын карап, четинен колубуздан келишинче, мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче чечип келе жатабыз. Башта айтканымдай, кайрылуулардын 80%га чейинкисин чечип койдук. Алдыда дагы убактыбыз, мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин жашырбайбыз. Бул чакырылыштын мөөнөтү бүткүчө Кудай буюрса берген убадаларыбызды аткарабыз. Буга мезгил күбө болот! Жалпы партиянын, парламенттин ичинен фракциянын ишине жоопкерчилик алып иштөө өтө чоң милдет, жүгү татаал. Бул жагын кеп кезеги келгенде белгилеп койгум келди. Анан калса жеке өзүм депутаттык ишмердүүлүгүмдүн алгачкы 3 жылында мыйзам жазуу менен тикелей милдетимди аткарам деген максат койгом. Ушул асыл максатымдын аягына чыгайын. Ошондо гана ишмердүүлүгүмө шайлоочуларым баа бере алышат.
— Атаңыз Абдырахман Маматалиев мамлекеттик кызматтардан опол тоодой тажрыйба күткөн мекенчил инсан эмеспи. Ал киши саясаттан сизге жол бошотуп берип үйдө отуруп калдыбы? Учурда эмне менен алек болууда?
— Атамдын тажрыйбасы бийик экендиги анык. Учурда ал киши үйдө неберелери менен бактылуу жашоонун кучагында, чарбалык иштери менен алектенип жүрөт. Коомдук, саясий кырдаалдан четте калган жок. Үйдө отуруп албастан эли-журтубузга пайдам тийсе экен деген изги тилек менен өлкөбүздөгү жүргүзүлүп жаткан административдик, аймактык реформа боюнча жумушчу топко өзүнүн кеңешин берип, буга чейинки тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. Жашоомдогу кандайдыр бир жетишкендиктеримди атамдын да жетишкендиги деп айтаар элем.
— Жаңы муундагы жаштардын өкүлү, парламенттик фракциянын башчысы катары башкаруу тутумубузга кандай идеяларды сунуштайт элеңиз? Дегеле биз өнүккөн кайсы өлкөнүн мисалын кыргыздын кыртышына сиңирсек оңолуу жолуна түшөт элек?
— Кайсы бир мамлекетти өзүбүзгө өрнөк кылып алсак менимче туура эмес болуп калат. Биздин өзүбүздүн Кудай берген байлыктарыбыз, эч кимге окшобогон каада-салт, үрпадаттарыбыз бар. Бизде күйүүчү май, көгүлтүр отубуз жок деп айтканыбыз менен негизги 4 нерсебиздин баркына жете алдыкпы? Алар көз жоосун алган жаратылышыбыз, Жараткандан эбегейсиз тартууланган кен байлыктарыбыз, ченебеген байлык болгон суубуз жана төртүнчүсү акылдуу, айкөл, уникалдуу элибиз деп атаар элем. Биз ушул 4 баалуулугубуздун баркына жетип, аларга туура мамиле кылсак сырттагы кайсы бир өнүккөн өлкөнү үлгү тутпастан өнүгүүнүн туу чокусун багындыраар элек.
— Айрым саясатчыларыбыз сымал дүйнөлүк деңгээлдеги кайсы бир атактуу саясатчыны кумир тутуп, өмүрүн өзүңүзгө өрнөк тутуп, урматтоо сизге мүнөздүү көрүнүшпү?
— Кимдир бирөөнү жантыгымдан жата калып кумир тутам дегенден алысмын. Мага кичинемден тарта кумириме айланган адам – атам! Ал эми дүйнөлүк деңгээлдеги саясатты жүргүзгөн атактуулардан У. Черчилл, Сингапурду бутуна тургузган Ли Куан Ю жагат. Мунун өзү береги эки атактууну кумир тутуу эмес, өрнөктүү өмүр жолдорун баалоо катары кабылдасаңар болот.