"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков: “Парламент партиялык жол менен шайланып келгендерден куралса…”

Кыска-нуска сүйлөгөн Замирбек Мамасадыковду шайлоочулары кезегинде эл үчүн жасаган эмгектерин эске алышып, шайлоодо “төбөсүнө көтөрүп” алышкан. Калың элдин колдоосу менен эч кандай каражатсыз мандатка ээ болгон эл өкүлү менен жаңы сунушталган шайлоо мыйзамынын тегерегинде кенен сөз кылганга аракет кылдык.

— Замирбек мырза, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбооруна, анын ичинде айрыкча, талапкердин үгүтчүлөрүнүн санынын көбөйүшүнө кескин каршы чыгып, бул жагынан “катуу туруп” жатасыз. Мындай кадамыңызды кандай аргументтер менен бекемдейсиз?

— Шайлоо учурунда үгүтчүлөрдүн санын азайтуу боюнча жеке өзүм өткөн жылы мыйзам долбоорун демилгелеп, алып чыккам. Тилекке каршы, мен демилгелеген мыйзам долбоору парламенттен колдоо таппай калды. Азыркы жободо талапкерлердин үгүтчүлөрүнүн саны 500 деп белгиленген. Аныгында үгүтчү көп болгон жерде ызы-чуу болуп, шайлоочуларды “мыйзамдуу сатып алуу” эле болуп калат да, туурабы? Мындай шартта бардык талапкерлерге тең укук берип, алардын тең тайлашуусуна бирдей шарт каралышы кажет. Мен ушул жагынан айрым бир маселелерди козгоп жатам.

— Сунушталган жаңы долбоордо талапкерлигин өзүн-өзү көрсөткөндөр үчүн шайлоо күрөөсү 300 миң сомго көтөрүлдү. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо сиз деле мынчалык каражат коротпосоңуз керек…

— Депутаттыкка талапкер мурда 100 миң сом шайлоо күрөөсүн койсо, сунушталган жаңы жободо бул эсептик көрсөткүч 300 миң сомго көтөрүлөөрү көрсөтүлүүдө. Башта айттым го, шайлоо жараянында бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк бериш керек. Маселен, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндөр, 20-30 миң сом айлык алган карапайым мугалимдер азыркыдай инфляциянын шартында 300 миң сомду каяктан табышат? Бул жагы логикага сыябы? Албетте, айрым ишкерчиликтен ийгилик жаратышкандар үчүн 300 миң сом арзыбаган каражат болушу мүмкүн. А карапайым эл арасынан чыккан талапкерлер дал ушул каражаттын айынан жарышка чыга албай, мукурап калышы керекпи? Ошондуктан, талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүнүн 300 миң сомго “көкөлөтүшкөндөрү” көп болуп калат…

— Биз парламенттик шайлоонун эрежесин мыйзам аркылуу өзгөртүү менен саясий жемкорлукка жол ачкан жокпузбу? Бул жагын кандайча чечмелейт элеңиз?

— Бир беткей эле ошондой деп айта албайм. Жаңы сунушталган жободо шайлоонун эрежеси көп мандаттуу болуп өзгөргөнү жатат. Аныгында парламент партиялык жол менен шайланып келгендерден куралса жакшы болмок. Түпкүлүгүндө ушул жол менен кеткенибиздин тууралыгын мезгил өзү аныктамак. Азыркы шайлоо мыйзамы өзгөрө турган болсо, талапкерлер округдардан чыкмай болууда. Андай эл өкүлдөрү шайланган күндө деле өздөрүнүн округдарындагы маселелер менен гана алпурушуп калышат. Мындай шартта мамлекеттик деңгээлдеги маселелер эл өкүлдөрүнө анчейин мааниге ээ болбой, ар бир депутат шайланып келген аймактарынын көйгөйлөрү менен гана отуруп калса кантебиз? Айтор, суроолор көп. Парламент кандай жол менен куралса дагы шайлоо таза жол менен “шайтан оюндарсыз” өтүшүн каалайм. Бул эң ириде карапайым шайлоочулар үчүн маанилүү…

— Туура, шайлоо тууралуу жаңы эрежени сындагандар аз эмес. Мындай шартта көпчүлүктүн сынынан жыйынтык чыгарып, элдин талабын эске алганга азыр деле кеч эмес да, туурабы?..

— Ооба, бул жагынан көптөгөн сын-пикирлер айтылууда. Аныгында ар ким өзүнүн пикирин айтканга акылуу, эч ким коңулга башын катпай, коомдук пикирге үн кошушу керек. Парламентте бул боюнча кызуу талкуу, талаш-тартыштар болууда. Жаңы жобонун “чийки жактарына” көптөгөн депутаттар, ошол эле коомдук активисттер өздөрүнүн сунуштарын беришүүдө. Мен дагы тиешелүү сунуштарымды бердим. Азырынча шайлоо тууралуу жаңы эреже биринчи гана окуудан өттү. Мындан кийинки карала турган этаптарында депутаттар менен коомчулукта көтөрүлгөн сунуштар да эске алынат деп ойлойм. Биздин сунуштар эске алынса, түпкүлүгүндө бул шайлоо системасын колдойм. Калганын алдыда бара көрөбүз…

— Эгерде сунушталып жаткан жаңы долбоор ишке ашса, жеке өзүңүз депутаттыкка талапкерлигиңизди коёсузбу? Шайлоого кетчү каражатты “көтөрө аласызбы” дегеним…

— Аны убакыт көрсөтөт. Белгиленген мөөнөт келе берсинчи, ошого жараша чечим кабыл алабыз. Бардыгы Кудайдын колунда да, алдын ала бир нерсе айтыш азыр эрте. Каражат жагын карап көрөбүз, мен өзү шайлоого каржы кетирбей эле элдин колдоосу менен келген эл өкүлүмүн.

— Парламенттик шайлоонун эрежесин улам бир өлкөнүн мисалында өзгөртө берип, бул жагынан “эксперимент” жасап, рекорддук көрсөткүчкө жеттик окшойбуз. Айтыңызчы, кыргыздын “кыртышына” кандай шайлоо системасы “мүнөздүү болот?” Бул жагынан элибизге таандык өзгөчөлүктү эмнеге эске албай келебиз?

— Бир эле шайлоо тууралуу мыйзам эмес, башка чөйрөлөргө тиешелүү мыйзам долбоорлору каралса деле башка өлкөлөрдүн, айрыкча Европаны мисал келтиргенди биздикилер “адат кылып” алышканы жалганбы? Биз каяктын системасын карап түздөнсөк деле баары бир таза шайлоо өткөрбөсөк, аягы жакшы болбойт. Элдин тандоосу баарынан бийик. Жарышка чыккан талапкерди акчанын артынан жалданган жер жайнаган үгүтчүлөр эмес, көпчүлүк эл шайлашы кажет. Президент Садыр Нургожоевич шайлоо тууралуу сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбоору боюнча “акчасын чачкан талапкерлер эч убакта элдин кызыкчылыгын коргобойт” деген таамай пикирин билдириптир. Ошондуктан, элибиз келээрки шайлоодо “жети өлчөп, бир кесе” турган тарыхый тандоону жасоолору керек. Калыгул, байкеңди өзүң жакшы билесиң да, 2021-жылы өткөн парламенттик жарышта эч кандай акча чачпай (чача турган каражатым деле жок) эле элибиздин колдоосу менен мандатка ээ болдук. Ошол шайлоодо эч кандай административдик ресурс иштеген жок. Кыргызстандын тарыхындагы 2021-жылы эң бир таза жол менен парламенттик шайлоо өткөн. Бул жагын адилеттүүлүк үчүн айтып коюш керек.

Калыгул Бейшекеев