Көптөгөн жылдар бою Араван районунун гана ичинде “кайнап келген” Жалолидин Паязидиновичти кичи мекениндегилер парламенттин соңку чакырылышына депутат кылып шайлап алышкан. Эл өкүлү менен айрым актуалдуу маселелер тууралуу маектештик.
— Жалолидин мырза, сиз көп убакыт жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумунда, айыл өкмөтүнүн башчылык кызматында иштедиңиз. Учурда бул тармакты ирилештирүүдө кандай кемчиликтерди байкадыңыз?
— Ооба, мен көп жыл айыл өкмөт башчысы болуп иштедим. Учурда айыл аймактарды ирилештирүү азыркыдай санариптик мезгилде жеңил эле болот. Мурункудай көйгөй жараткан маселелер деле болбойт. Азыр көп айыл өкмөттөр дотацияда турат. Ошондуктан, бул жагын эске алып маселелерди чечсе болот. Азыр ирилештирүүнүн пилоттук долбоору гана башталды. Кудай буюрса долбоор келечекте жакшы жыйынтык берет. Азырынча аша чапкан же кандайдыр бир кемчиликтерди байкай элекмин.
— Жаз жылдагыдан кеч келип, айдап-себүү жай темпте жүрүүдө. Быйыл жергиликтүү дыйкандарды жер семирткич менен камсыз кылуу эл өкүлү катары сиздин купулуңузга толдубу?
— Быйыл жылдагыдан жаз чынында кеч келди. Айдап-себүү айрым аймактарыбызда өтө кеч болуп калды. Суу маселеси дээрлик бардык аймактарда көйгөй болду. Үрөндөн анчейин деле көйгөй болгон жок. Ошол эле сиз атаган жер семирткичтер жагынан былтыркыга караганда быйыл жеңил болду. Анткени, өкмөт жер семирткичтерди өзү албастан, бул жаатта иштеп жаткан фирмаларга мүмкүнчүлүк берди. Ошолор Россия, Казакстан, Өзбекстандан алып келишип, жер-жерлерге чейин жер семирткичтерди жеткирип берип жатышат. Чынында бул жагынан өлкөдө маселе болгон жок. Демек, чечсе болот экен го? Парламенттин агрардык комитетинде иштеп жаткандыгымдан улам бул маселелерге жеке өзүм да тыкыр көз салып, көйгөй, кемчиликтерден кабар алып турам.
— Араванда кандай көйгөйлөр бар экен? Ал жактагы орчундуу маселелерди сизчелик эч ким билбесе керек…
— Араванда май, июнь, июль, август айларында агын суу өтө чоң көйгөй жаратып келген. Эки жылдан бери ушул маселени көтөрүп, Араванга суу сактагыч (БСР) куруу керектигин айтып келем. Кудай буюрса бул маселе чечилип, долбоорго кирди. Долбоор тендерге берилсе, Араванга эки кичи ГЭС курулат. Бул жагынан мамлекетти гана карап отурбастан, инвесторлор менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мындан тышкары кичи мекенимде өлкөбүздүн башка аймактарындагыдай эле ички жолдордун начардыгы, бала бакчанын жетишсиздиги, турак-жай куруу маселеси курч көйгөй бойдон калууда. Жакында 5 гектар жер аянты көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн бөлүндү. Эгерде бул ишке ашса миңдеген жарандарыбыз үйлүү болушмакчы.
— Парламенттин иштөө табиятына көндүңүзбү? Борбордук бийликте иштөө сизге оорчулук жараткан жокпу?
— Албетте, көндүк. Буга чейин айыл өкмөт башчысы болуп жүргөн кезимде Аравандагы 19 миң калкка жооп берсем, азыр 90 миңден ашуун шайлоочуларымдын же 140 миң элдин тагдыры менен көйгөйү мойнума милдет болуп жүктөлдү. Мындан тышкары 7 миллионго чукул элибиздин тагдыры 5 жылга чейин биздин мойнубузга тагылган жоопкерчиликтүү милдет. Парламенттеги эң негизги максат – элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын бардык нерселерден өйдө коюп, эртеңки күнү уят болбогондой ак ниеттүүлүк менен иштөө милдети турат.
— Бүгүнкү бийликтин иш ыргагындагы кайсы иштерин тизмектеп, колдоого алат элеңиз?
— Бүгүнкү бийлик колунан келишинче аракет кылып жатат. Өлкөбүздө маселелер өтө көп. Кечээ Президентибиз Кытай өлкөсүнө мамлекеттик иш сапары менен барып, бир топ жогорку денгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселелерди чечип келди. Тышкы саясатыбызда көп өлкөлөр менен мамилебиз чыңдалып жаткандыгы кубандырат. Бир сөз менен айтканда Кудай буюрса ишибиз оң жагына кетти. Биз баарыбыз бир гана кишини карап отура бербестен, өзүбүз да аракетибизди кылып, өлкөбүзгө, элибизге жардам беришибиз керек. Мамлекетти көтөрүү, жардам берүү бардыгыбыздын жалпы милдетибиз экенин элибиз да жакшы түшүнүп калды.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ