— Абдывахап Мамадрасулович, бул жыл өлкө тарыхында Кара-Кыргыз автономдук облусунун 100 жылдыгы, Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы өңдүү даталуу күндөрдү камтыды. Эгемендиктен кийинки парламенттин аткарган кызматы, орду, милдети, кабыл алган мыйзамдардын аткарылышы кандай болду деп ойлойсуз?
— Өлкөбүз эгемендүүлүккө жетүүдө жана андан кийинки убактарда Жогорку Кеңеш эң башкы бийлик органынын бири катары өлкөбүз үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алып, эркиндигибиздин негизги атрибуттарын парламент кабыл алды. Кыргызстан өз алдынча жолго түшкөн соң көптөгөн мыкты адистердин тапталып чыгуусунда да парламенттин орду чоң. Албетте, коомчулукта депутаттардын кадыр-баркы тууралуу нааразычылыктар, сындар айтылып жүрөт. Бул да болсо парламенттин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгынан десек болот.
Жогорку Кеңештин бардык жыйындары түз эфирде көрсөтүлүп, депутаттын ишмердүүлүгү ачык-айкын көрүнүп турат. Жогорку Кеңештин эгемендүүлүккө жеткенден кийинки ишин бир кылка кароого болбойт. Анын маанилүүлүгү тууралуу пикирлер ар бир бийлик алмашкан сайын ар башка болуп турду. 2010–2020-жылдар аралыгында мамлекеттик башкарууда парламенттин ролун көбөйтүү үчүн аралаш башкаруу системасы киргизилип, депутаттардын ролу кайсы бир деңгээлде жогорулаган. Өкмөттүн курамын бекиткен, көзөмөлдөгөн, бюджетти кабыл алган институт бийликтин бир бутагы катары таасирге ээ боло баштаган.
Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча парламентте бир канча жолдор бар. Менимче, бир гана парламентке калтырып койбостон жарандык коом өкүлдөрү, же кайдыгер эмес жарандар талап кыла билиш керек. Мисалы, былтыр август айында Президент Садыр Жапаров билим берүү мыйзамын кабыл алган. Ал жакта билим берүүнү жөнгө салган мыкты эрежелер киргизилген. Эми аны мугалимдер да билип, талап кылса деп ойлойм.
— Өлкөдө коррупцияга каршы аракеттер жүрүп жатат, экономикалык абалды жакшыртуу үчүн кандай кадамдарга баруу маанилүү деп ойлойсуз?
— Коррупция эмнеден улам пайда болот? Көзөмөлдүн жоктугунан, системанын туура иштебегенинен чыгат. Азыр коррупционерлерге каршы күрөш жүргөнү менен эртең бул көрүнүш кайра кайталанбашы үчүн эмне кылышыбыз керек? Ал үчүн болушунча санариптештирүү менен адам факторун азайтып, коомдук көзөмөл күчтүү болушу керек. Жарандык активисттер, жалпыга маалымдоо каражаттары канчалык эркин болсо, коррупциялык жолдорго барган мамлекеттик мекемелерге же кызмат адамдарына карата коомдук көзөмөл ошончолук күчөйт. Ал эми экономикалык абалга келсек, өлкөнүн өнүгүүсү ал жерде жашаган жарандарга түзүлгөн ыңгайлуу шарттар, алардын бактылуу турмуш кечирүүсүнө карап бааланат. Дүйнөдө ушул приоритетти карманган өлкөлөр көп көрсөткүчтөр боюнча алдыда. Өнүгүү жөнүндө сөз кылганда, биз да ушул призмадан караганыбыз оң болот. Кыргызстанда экономиканын негизги кыймылдаткычы – ишкерлер же болбосо алардын төккөн салыктары. Ошол себептүү Өкмөт бизнести болушунча коргоп, аларга бардык шарттарды түзүшү керек, башка альтернатива жок. Ишкердик кыйраса, экономика алсырайт. Кен байлык, мунай бир күнү түгөнөт, ал эми адамдык ресурс түбөлүктүү. Эркиндиги корголгон чөйрөдөн жаратман адамдар чыгат. Анын жаратмандыгы мамлекетке канчалаган салыктарды төгүп, көптөгөн адамды жумуш орду менен камсыз кылат. Ошол себептүү биз адам ресурсуна артыкчылык беришибиз керек деп ойлойм.
— Административдик аймактык реформа, ирилештирүү ишинин натыйжасына пикириңиз кандай?
— Өлкө боюнча жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформа чыгымдарды азайтып, айрым кайталанган кызматтарды жоюп, кайсы бир деңгээлде инвентаризация иши жүргөндөй болду. Бирок жергиликтүү бийликтин иши үчүн мындан да маанилүү маселе бар. Ал таасирдин же ыйгарым укуктардын тең салмактуулугунун бузулганы. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мурдагыдай таасири калган жок. Биз келечекте децентрализация саясатын жүргүзүп, аймактардын өз алдынча иш алып баруусуна жергиликтүү көйгөйлөрдү жеринде чече ала турган шарт түзүшүбүз керек. Жергиликтүү депутаттардын ыйгарым укугун жогорулатып, алар аркылуу элдин көзөмөлүн күчөтүп, акимдердин, мэрлердин жана айыл өкмөт башчыларынын ачык-айкын иштешин кепилдеген шартты пайда кылышыбыз зарыл.
— Жакында дин тармагындагы мыйзам толугу менен жаңыртылууга коомдук талкууга чыгарылды, негизинен өлкөдөгү диний саясат, мамиле, жоопкерчилик кандай?
— Бул мыйзам долбоорунун тегерегинде талкуу күч алды. Ишеним – жарандын эркиндиги экени, ал мыйзам менен корголо турганы Баш мыйзамда жазылган. Экинчиден, диндеги принциптерден оолак болуп, коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан топтор үчүн мамлекет тынчсызданып жаткан болушу мүмкүн. Маселенин бир канча өңүтү бар. Ошондуктан муну дин аалымдары, коопсуздук кызматкерлери жана жарандык коом менен ар кандай аянтчаларда талкууларды көп өткөрүп, бардык тарапты канааттандыра тургандай чечимге баруу керек. Ишеним – өтө талылуу маселе болгону үчүн кылдат мамилени талап кылат.
— Сот тармагына реформа жасоо керектиги айтылып келет. Ишти эмнеден баштоо керек?
— Ооба, сот тармагы өлкөбүздөгү дагы бир маанилүү бийликтин булагы. Бүгүнкү күндө бул органга ишеним абдан төмөн. Буга эл арасындагы пикирлер, жүргүзүлгөн сурамжылоолор негиз болуп берет. Менимче, сот тармагы толук реформалоого муктаж. Эң негизгиси, соттордун акыйкат жана адилет иш алып барышын камсыз кылуу, мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу жана коррупцияга жол бербөө керек деп ойлойм. Соттордун адилеттүүлүгүн ишке ашырууда сөз эркиндигинин өнүгүшү абдан маанилүү.
— Спорт тармагына каржылоо жакшырганын белгилеп кетсек болот, ал эми коомчулукта билим тармагы менен дүйнөлүк олимпиадалардан алдыңкы орундарды камсыздап келген окуучуларга көңүл бурулбайт деген пикирлер бар. Билим берүүдө эмнелерге жетише албай жатабыз, каражат менен бардык маселени чечүү мүмкүнбү, 12 жылдык билим берүү моделин киргизүү кандай натыйжа берет?
— Спорт тармагына жакшы көңүл бурулуп жатканы көңүл жылытат. Париж олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнө эле эмес, ар бир катышуучусуна белектер берилип, өзгөчө көңүл бурулганы да мисал болсо керек. Ушул эле нерсени дүйнөлүк предметтик олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө да көрсөтүп, жаштарды билим алууга шыктандыра алсак жакшы болмок. Бул багытта Билим берүү жана илим министрлигинин аракеттери да чабал. Жогоруда токтолуп өктөндөй, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, жарандык коомдун биргелешкен аракети менен кабыл алынган заманбап мыйзамыбыз бар. Президент кол койгон ошол мыйзамда акчасыз эле билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүгө шарт түзгөн жоболор бар. Албетте, жетиштүү каражат бөлүнсө бир топ көйгөйлөрдү тамырынан чечүүгө мүмкүн. Азыр Кыргызстанда балдардын 74%ы балдар бакчасына бара албайт, анткени балдар бакчасы жетишсиз. Билим алуунун 3 негизги булагы бар, анын негизгиси окуу китептери. Өлкөбүздө окуу китептеринин жетишсиздиги да абдан чоң, жалпы 18 млн даана китеп керек болсо, бүгүнкү күндө 17 млн китеп жетишпейт. Бул тармакта бир катар көйгөйлөр арбын. Билим берүү министрлиги терең анализдин негизинде чечимдерди кабыл алса жакшы болмок. Албетте, 12 жылдык билим берүү эл аралык тажрыйба.
— Ааламдашуу заманында азыркы жаш муундарга кандай багыттар таасир берет деп ойлойсуз? Негизи эле жаштардын билимге, жакшы максаттарга умтулуусу кандай, ошол эле учурда жаш жеткинчектердин ата-энелеринин жоопкерчилиги, баланын ийгиликтүү болушуна бүгүнкү атаэнелердин таасири, көңүл буруусу кандай?
— Ааламдашуу заманында жаш муундарга көптөгөн тармактардын таасири бар. Алардын катарына маалымат технологиялары, маданияттардын аралашуусу, интернеттеги социалдык медианын күчү жана дүйнө жүзү боюнча билимге жетүү мүмкүнчүлүгү кирет. Бүгүнкү күндө жаштар үчүн билимге жана өнүгүүгө умтулуу үчүн мүмкүнчүлүктөр көп, бирок ошол эле учурда бул маалыматтардын агымы кээде жаштарды туура жолдон адаштырып коюшу мүмкүн.
Глобалдык деңгээлде атаандаштык күчөп жатат. Жакшы максаттарды коюп, аларга жетүү үчүн окуучуларга туура багыттарды көрсөтүү зарыл. Бул жерде ата-энелердин ролу чоң. Ата-энелер балдарынын билим алуу процессине жана максаттарына активдүү аралашуусу, колдоо көрсөтүүсү абдан маанилүү. Ошондой эле ата-энелердин үлгү көрсөтүүсү, алардын берген кеңештери жана колдоосу балдардын ийгиликтүү болушунда чоң роль ойнойт.
— Мындан бир жыл мурда сиз демилгелеп “Билимдүү Кыргызстан” улуттук демилгеси түзүлдү эле, бул долбоордун максаты, кайсы тараптар менен кандай иштер аткарылып жатат?
— “Билимдүү Кыргызстан” улуттук демилгеси дагы деле активдүү иштеп жатат. Жогоруда токтолуп өткөн “Билим берүү жөнүндө” мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алууда эксперттер жигердүү аралашты. Азыр да айрым мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгууга көмөктөшүү, билим берүү демилгелерин анализдөө, чечимдерди сунуштоо сыяктуу аракеттер жасалып жатат. Азыр 650гө жакын мүчөсү бар. Башкы максаты — Кыргызстандагы ар бир жаранга сапаттуу билим берүүнү жеткиликтүү кылуу.
— Учурда эмне менен алексиз, соцтармактарда жакшы таасирдеги билдирүү, маалыматтарды бөлүшүп турасыз…
— Азыркы учурда көбүнчө коомдук иштер менен алекмин. Ооба, социалдык тармактардагы баракчаларым аркылуу катталуучулар менен тынбай маалымат алмашып, талкуулап турабыз.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы