"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Борис Сандын уулу УКМК тарабынан кармалды

«Кримтөбөл» Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан иштин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Сан Борис Анатольевичтин уулу – Сан Александр Борисович кармалганы белгилүү болду.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, алар «Иттипак» уйгур диаспорасынын лидери Турсунтай Салимовго таандык болгон мурунку бала бакчанын (азыркы “Роял спорт” ден соолукту чыңдоо комплексинин) аймагына көп кабаттуу премиум турак жай курууну пландап жатышкандыгы аныкталган. Көп кабаттуу үйдү курууну баштоонун шарттарынын бири катары курулуш компаниясы турак жайдын курулушун бүткөрүүнүн кепилдиги жана күрөө катары кымбат батирди бериши шарт болгон. Андан кийин, турак жай курууга уруксат алуу мүмкүн болбогондуктан, келишим бузулган. Бирок, Салимов Ильшат Турсунтаевич 2020-жылдын январь айында Сан А.Б жана К.Көлбаев менен сүйлөшүп алып, басым көрсөтүү жана күч колдонуу менен коркутуп премиум класстагы курулуш компаниясына таандык (баасы 300 000 доллар турган, “Магнат” турак жай комплексинде аянты 300 м.кв. болгон) кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алышкан. Кийинчерээк бул батирди Көлбаев Чолпон-Ата шаарындагы имараты бар жер участогуна (мурдагы “Зодиак” казиносу, Сан Б.А.га таандык) соода борборун куруу максатында алмаштырып алган…
Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн батир КР ЖКнын экс-депутаты Сан Борис Анатольевичтин (“Сан-Сити” комплексинин, “Золотой Дракон” ресторанынын, мурунку “Сан-клуб” казиносунун ээси) Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга катышкан уулунун — Сан Александр Борисовичтин наамына катталган.

Сандын үй-бүлөсү 59 бирдик кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө, анын ичинде жалпы баасы 80 млн долларды түзгөн коммерциялык багыттагы мүлккө ээ экендиги боюнча маалымат алынган. Тактап айтканда, Бишкек шаарында жалпы аянты 61 918 кв.м., 50 миллион долларлык кыймылсыз мүлк, анын ичинде учурда курулуш жүрүп жаткан, аянты 20 800 чарчы метр мурдагы “Сан сити” комплекси. Ысык-Көл облусунда — кыймылсыз мүлк объектилери (“Ак-Марал” эс алуу борборундагы Көлбаевдин коттедждеринин жанында жайгашкан коттедждер, алардын туруктуу байланыштарын көрсөтүп турат), ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналарда жайгашкан баасы 15 млн долларлык, жалпы аянты 12,9096 чарчы. м (12,9 га) жер участоктору. Чүй облусунда — баасы 15 млн долларлык, жалпы аянты 201 000 чарчы метр (20,1 га) жер тилкелери. Ошондой эле, Сандын үй-бүлө мүчөлөрү курулуш, коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси жана дүң жана чекене соода тармагындагы 11 ЖЧКнын тең түзүүчүлөрү болуп саналышат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта ишканалары бар экени аныкталган.

 

 

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!