Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси- Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов.
Талкуу учурунда депутат Дастанбек Жумабеков желектин айрым элементтерин өзгөртүү маселеси боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады. Депутат Нурланбек Азыгалиев мамлекеттик символдор өзгөртүлбөшү керек деп айтуу туура эмес экенин белгиледи. Депутат Мейкинбек Абдалиев Кыргызстандын жарандарынын пикирин эске алуу керектигин айтса, депутат Улан Примов 32 жыл мурун желекти референдум эмес, парламент бекиткенин белгиледи.