"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек БОКОЕВ: “ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН ЧЕЧКИНДҮҮЛҮГҮ ӨЗГӨЧӨ СӨЗ КЫЛУУГА АРЗЫЙТ”

Жогорку Кеңештин эки чакырылышында эл өкүлү болгон Кенжебек Сатымкулович жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча өлкөдөгү тажрыйбалуу, дасыккан адистердин алдыңкы катарын толуктайт. Кезегинде айыл өкмөттөн баштап иштегенгеби, жергиликтүү кеңештер боюнча маселелерди иликтеген жагынан мактанаарлык тажрыйбасы бар. Тажрыйбалуу мындай инсан менен жакында жыйынтыкталган административдик-аймактык реформанын биринчи этабы менен жергиликтүү шайлоонун жүрүшү тууралуу кеңири маанайда баарлаштык.

— Жакында өлкөбүздө жергиликтүү жана шаардык кеңештердин шайлоосу өттү. Бул саясий өнөктүктө партиялар менен талапкерлердин бардыгына бирдей шарт түзүлүп, шайлоо таза, мыйзамдуу өткөнүнө кошуласызбы?

— Ооба, өлкөбүздө админис-тративдик, аймактык реформадан соң айыл-шаарлар ирилештирилип, жергиликтүү кеңештерге жаңы шайлоолор өттү. Бул шайлоолордо шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу абдан төмөн болду. Өлкө аймагы боюнча добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 30% келиши эмне деген көрсөткүч? Бул өтө аз. Биз тээ Европаны мисалдатпай эле коёлу, Түркияда кандай шайлоо болбосун, добуш берүү күнү жалпы шайлоочулардын 80%дан кем эмеси жараянга катышышат экен.

— Бул жолку шайлоого болуп көрбөгөндөй эл аз санда катышыптыр…

— Кызыгы социалдык түйүндөрдөгү соңку шайлоо боюнча комментарийлерге көз жүгүртсөң “жергиликтүү кеңештердин эмне кереги бар? Муну жоюп эле салуу керек” — деген өңдүү билимдүү кишилердин жазгандарына күбө болдум. Ушундай катмардагылар анан кантип шайлоого келишет? Бир эсе буга чейинки талапкерлер менен шайланган эл өкүлдөрү ишенчиликтен кетишип, элибиздин көңүлүн калтырышкан. Ооба, бул жолку жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоочулар өтө аз санда келишти. Мунун өзү жергиликтүү кеңештердин шайлоо системасы боюнча өзгөртүүлөргө барбаса болбой тургандыгын турмуш өзү көрсөтүүдө. Кийинки шайлоолор өзгөртүлгөн тартип менен өтпөсө болбойт. Элибиздин шайлоого болгон кайдыгерлиги өтө жогорку чекке жетти.

— Сын айткан оңой да Кенжебек Сатымкулович. Биз эми жаманга эмес жакшыга салыштырганды, реалдуу сунуш бере билгенде балким жакшы жагына өзгөрүүлөр болот беле?

— Бизде шаардык менен айылдык кеңештер жергиликтүү кеңештин курамына кирет. Мындай шартта жергиликтүү кеңеш бизде 2ге бөлүндү болуп, экөөндө эки башка шайлоо системасы болууда. Тагыраагы, шаардык кеңештерге шайлоо партиялык (пропорционалдык), ал эми айылдык кеңештерде конкреттүү адамдарга добуш берүү (можаритардык) болууда. Ошондуктан, шаардык жана айылдык кеңештерди экөөнү тең бир шайлоо системасына алып келишибиз керек. Менин сунушум айылдык жана шаардык кеңештерге шайлоону можаритардык системада өткөрүшүбүз керек. Партиялык жол менен шаардык кеңешке шайланып келүүнүн эч кандай кереги жок.

— Айылдык кеңешке можаритардык жол менен шайлоо болгондо деле ал жакка шайлоочулардын канчалык санда келгенин байкаган жоксузбу?

— Ооба, айылдык кеңештерге можаритардык жол менен шайлоолордо конкреттүү ысымдарга добуш берилүүдө. Бирок, 4 мандаттуу айыл аймагында 10 талапкерден 4 кишиге добуш берип, аларды өткөрүп жатабыз. Жыйынтыгында кайсы бир көчө же аймак бизден бул шайланган деп бирөөнү атап, талаптарын коё албай жатпайбы. Мындай шартта, айылдык кеңештерге дагы шаардык кеңештики сыяктуу бир мандаттуу округдарды түзүп, кон-креттүү округдан шайлануу жолун киргизишибиз зарыл. Бир мандаттуу округдардан шайланып келген айылдык же шаардык кеңештин депутаты иштебесе, кылмыш ишине кириптер болуп же мурда-кийинки кыңыр, күмөндүү иштери бар болсо, андай депутатты карапайым шайлоочулар чакыртып алгандай механизмге өтүшүбүз керек. Азыркы Баш мыйзамда Жогорку Кеңештин депутатын чакыртып алуу каралган. Мындай система жергиликтүү кеңештердин депутаттарына да иштеши абзел. Ошондо жоопкерчилик күчөмөк…

— Жергиликтүү кеңештердин шайлоосун улай жыл жаңырса парламенттик шайлоого карай тымызын аракеттер, эл кыдыруу, саясий “упай топтоо” өңдүү саамалыктар башталат. Өлкөбүздөгү саясий партиялардын дараметтери тууралуу кандай ойдосуз? Бизде азыр күчтүү партиялар барбы? Же талапкерлер ар шайлоо сайын улам бир партия менен чыгып жатып, саясий партиялардын кадыры калбай калдыбы?

— Алыс барбай, өлкөбүздөгү 2010-жылдан берки көрүнүштөргө көз чаптырып көрөлүчү? Бизде партиялык система менен шайлоо башталгандан бери бир нече шайлоолор өттү. Ар бир шайлоо сайын талапкерлер бир партиядан башка партияга “секирип”, мандат алган эрөөн-терөөнгө айланбай, кадыресе көрүнүшкө айланып калды. Соңку шаардык кеңештердин шайлоосунда Бишкек жана башка шаарларда жаңыдан түзүлө калган партиялар жеңишке жетишүүдө. Ошондуктан, партиялык тизме бир гана парламентке шайлануу эрежесинде калып, АКШдагыдай болуп 2 гана ири партия болбосо дагы, куру дегенде партиялар ирелешип, күчтүү саясий топтор чоң партияларга биригишсе, алар өсө тургандай шарттар түзүлүш керек. Бизде акчасы барлардан шайлоо командасын түзүп алышып, кыска аралыкта жеңишке жетип чыга келишүүдө. Мунун өзү партиялык шайлоо системасындагы чоң минус болууда. Партиянын программалары каралмак тургай, азыр айтылбайт. Кыргызстанда партиялар күчөп жатат деген пикирлерге мен таптакыр кошула албайм.

— Бүгүн эл өкүлдөрүнө карата (бардыгына эмес албетте) мамлекеттик-конституциялык түзүлүш, саясий маселелерден түшүнүктөрү, билими боюнча көпчүлүктүн сыны бар. Ушундай сындар менен сиз макулсузбу?

— Парламенттин V-VI чакырылыштарынын депутаты катары биз иштеп турганда деле мындай сындар байма-бай айтылчу. Өзгөчө “партиялык тизме менен акчасы бар, базаркомдор шайланып, парламенттин төрүн ээлеп алышты” — деген сындар мурда-кийин айтылып эле келген. Азыр мындай кептер күчүндө. Элибиздин дал ушундай сыны менен парламент жана анын курамы келечекте түздөлүшү керек. Саясий партиялар өзүнүн ичиндеги шайланып келген депутаттардын сапаты менен элден баа алгандай болсо ошондо оңолуу жолуна түшөт. Бүгүн бизде саясий партиялар мындай деңгээлге жетишкен жок. Кыргызда “кой аксагы менен миң” — деген кеп бар. Азыркы парламенттин арасында да астына жазып берген кагазын окуй албаган эл өкүлдөрүн журналисттер жакшы билсеңер керек. Аныгында мындай катмардагылар депутат болбошу керек.

— Жакында Президент тарабынан депутаттардын кызматтык автоунаасы тууралуу мыйзам долбоору артка кайтарылды. Айтыңызчы, өлкөдө башка “кайнаган маселелер” турганда эл өкүлдөрүнүн кызматтык унаа алуу боюнча мыйзам демилгелеши канчалык деңгээлде туура болгон деп ойлойсуз?

— Бул маселеде мен Президент Садыр Жапаровду колдойм! Маселен, биз парламенттин өткөнкү чакырылыштарында депутат болуп турганда эл өкүлдөрүнүн кызматтык автоунаалары биздин “Республика” партиясынын депутаттарынын сунушу менен жоюлган. Келечекте эл өкүлдөрү гана эмес, аткаруу бийлигинде иштегендер да кызматтык автоунаалардан баш тартышы керек. Бизде автоунаага байланышкан чыгымдар өтө көп. Мындайды билип туруп, кайрадан кызматтык автоунааларга кайтып келебиз деген сунуштун өзү туура эмес.

— Өлкөбүздө админис-тративдик-аймактык реформанын биринчи этабы жыйынтыкталды. Бул өнөктүккө карата оюңуз кандай? Бул жолку реформа өз жемишин бердиби?

— Бул маселе көптөгөн жылдар бою айтылып, жазылып келген. Азыркы бийлик административдик-аймактык реформанын биринчи этабын кыска убакытта абдан жакшы жыйынтыктаганы колдоого гана арзыйт. Бийлик бул жагынан конкреттүү жыйынтыктарды чыгарып, көптөгөн иштерди жасап салышты. Айылдарды ирилештирип, кошуудагы кемчиликтери ал башка маселе. Эң башкысы, бул реформаны кыска аралыкта, көздү ачкандай жасалышы тарыхый жетишкендик десек болот. Бул жагынан Президент Садыр Жапаровдун чечкиндүүлүгү өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Анан калса азыркы жасалган реформанын биринчи гана этабы. Башталган иштер ушуну менен токтоп калбастан, экинчи этабын да ийгиликтүү өткөрүп алсак тарыхый иш болот. Элестетсеңер, биздин кошуна өлкөлөрдүн бир облусунда 10 млн калк жашайт экен. Муну айтканым, аймактык реформанын экинчи этабында райондорду ирилештиргенге барышыбыз зарыл. Азыркы 40 районду 20га бириктирип, губернатору жок эле Өкмөт башчы менен түз иштеген жолго алып баруу абдан жакшы болмок. Мындай шартта облустук администрацияларды да жоюу зарыл.

 

   Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

 

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!