— Каныбек агай, Россиянын төрагалыгы астында БРИКС бирикмесинин кезектеги саммити болуп өттү. Дүйнөлүк ЖМКда түрдүү эмоциядагы оң жана терс пикирлер айтылууда. Саммиттин келечеги, орду жөнүндө сөз баштап берсеңиз…
— Ооба, БРИКСтин XVI саммити дүйнө коомчулугунда абдан резонанстуу пикирлерди жаратты. Азыр дүйнөлүк геосаясат өзүнүн эң драмалуу этабын башынан өткөрүп жаткан кези. Абал оор, эл аралык мамилелер өтө катуу чиеленишип кетти. Украина-НАТОРоссия согуштук конфликттери 2,5 жылдан бери алоолоп от алса, эми Жакынкы Чыгышта кадимкидей кандуу согуш жүрүп жатат. Биз бүгүн, керек болсо дүйнөнүн жаңы түзүлүшүнө күбө болуп калуубуз мүмкүн. Саясий көз караштар кескин каршылыктарга учурап, абалдардын поляризацияланышы көз көрүнө эле курчуп кетти. БРИКС жөнүндө кыскача маалыматтан баштасак. Бул уюмдун келип чыгуу тарыхы кызыктуу. Анын башаты азыр эл аралык аренада белгилүү болуп калган Петербург экономикалык форумунан деп билебиз. 2006-жылдын июнь айында дал ушул форумдун алкагында жолугушкан Бразилия, Россия, Индия жана Кытай өлкөлөрүнүн экономика министрлери уюмду түзүшүп, аны 4 өлкөнүн аталыштарынын баш тамгаларын колдонушуп, БРИК деп аташкан. Ошол эле жылдын сентябрь айында, Нью-Йоркто БУУнун кезектеги жыйынында жолугушкан төрт өлкөнүн тышкы иштер министрлери, Президент Владимир Путиндин сунушу менен биринчи расмий сүйлөшүүлөрдү башташып, алгачкы көп пландуу кызматташтыкты болжолдошкон. Ал эми 2020-жылдын 12-ноябрында Сеул шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк G-20 саммитинин алкагында Түштүк-Африка Республикасы жогорку төрт өлкөгө кошулуу ниетин билдирген. Ошентип, БРИКС кызматташуу тобу пайда болгон. Азыркы күндө анын түзүмү кеңейип, расмий түрдө 10го жетип отурат. Жаңы киргендер: Иран, Египет, Эфиопия, Бириккен Араб Эмираты жана Сауд Арабиясы. Дагы 20 өлкө уюмга кирүү арыздарын беришкен.
— БРИКСтин негизги максаттары эмне?
— Биринчиси, экономикалык өнүгүүгө шарт түзүү. БРИКСтин мүчөлөрү өз ара соода, инвестиция жана биргелешкен долбоорлорду уюштуруу аркылуу экономикаларын күчөтүү. Экинчиси, көп жактуу кызматташтык. Бул максатта илим, технология, билим берүү, саламаттыкты сактоо, инфраструктура жана финансы багыттарына артыкчылык берилет. Үчүнчүсү, бир уюлдуулукка каршы туруу. Уюмдун негизги максаты болуп, АКШ жана Еврокошуун баштаган Батыш өлкөлөрүнүн үстөмдүктөрүнө каршы альтернативалык саясий жана экономикалык процесстерди камсыз кылуу. Төртүнчүсү, дүйнөлүк экономиканы стабилдештирүү. БРИКСтин жаңы өнүгүү банкын түзүү аркылуу финансылык архитектураны чыңдоо. Бул банк БРИКСтин мүчөлөрүнө жана башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өнүгүү долбоорлоруна кредиттерди берүүнү карайт. БРИКС 2010-жылдан бери карай жылына бир жолу саммит өткөрүп, 1 жылдык аракет планын бекитип алат. Ал эми саммитке ар бир мүчө өлкө кезектешип, төрагалык кылат. Быйыл, Россия төрага болуп, 16-саммит Татарстандын борбору Казань шаарында өттү.
— БРИКСтин жалпы саясий, адам ресурстук жана финансылык даремети кандай? Алар АКШ баштаган башка өнүккөн өлкөлөргө каршы аттанып отурушабы?
— БРИКСтин негизги стратегиялык максаттары жөнүндө Казань-24 саммитинин астында, б.а. 18-октябрда БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы ЖМК башчылары менен уюштурулган пресс-конференциясында Россиянын лидери Владимир Путин так кесе эле айтты го? Анын ою боюнча бул уюм антибатыштык эмес, ал бүткүл адамзаттын кызыкчылыгын коргоого арналган альтернативдик аракет. Кана эми, ошондой эле болсо дейм! Бул уюмга кирген өлкөлөрдүн үлүшүнө жер шарынын кургактык бөлүгүнүн 33%ы жана жалпы калкынын 45%ы туура келет экен! Баарынан кызыгы, БРИКСке дагы 30 өлкө кошулуу алдында турушат. Аталган уюм азыркы эле 10 өлкө менен аныкталган версиясында жалпы экономикалык өсүүсү 4%ды түзүп, ооз көптүрүп, “биз өнүккөн өлкөлөрбүз” дешкен – G7 бирикмесинен озуп кетип отурушат! БРИКСтин биргелешкен Ички дүң продуктысы – 60 трлн $дан ашты, ал эми жалпы дүйнөлүк ИДПдагы үлүшү G7ни артка калтырып, өсүү темпи укмуштуудай ылдамдык менен жогорулоонун үстүндө. Дагы бир көзгө урунган фактылар жөнүндө айтып коёюн, эгерде 1992-жылга салыштырмалуу дүйнөлүк ИДПнын 45,5%ы G7- өлкөлөрү түзсө, азыркы БРИКСке кирген мамлекеттердин бул көрсөткүчү араң эле 16,7% болгон экен. Азыркы жагдай такыр башкача болуп турат. Ошол эле көрсөткүчтөр 2023-жылга карата БРИКС – 37,4%, ал эми G7 – 29,3%. Көрдүңүздөрбү, акыркы 30 жылда БРИКСке кирген өлкөлөрдүн таасири кандай өскөн? Мындан сырткары, БРИКСтин “негизги оюнчулары” дагы бир күчтүү кадам жасашты. Алар аталган уюмга “Глобалдык Түштүк” жана “Глобалдык Чыгыш” аттуу бренд менен жаңы өлкөлөрдү өздөрүнө тартып киришти. Чыныгы геосаясат оюндарын баштап отурушат. Мындай жолго барууга албетте, АКШ баштаган Батыш Европа, Япония жана Түштүк Кореялардын амбициялары өтө ашынган саясаттары себеп болуп отурат. Натыйжада, БРИКС менен “Чоң жетилик – G7” менен “Чоң жыйырмалык” бирикмелеринин ортосунда айыгышкан “саясий жана экономикалык-финансылык” согуштар күч алгыдай. Биздин Кыргызстан бул учурда кылымдарды ийгиликтүү карытып келе жаткан эл аралык сылык дипломатиябыз менен гана мамиле кылуубуз абзел.
— БРИКС биринчи иретте финансылык багытты чыңдап алуусу керек го?
— Мен Казань-2024 + саммитинде сүйлөгөн сөздөрүнөн төмөнкү өзгөчө жана негизги экономикалык контурларды байкадым. Биринчиден, БРИКС Батыштын өзүмчүл болуп калган жана кийинки учурларда саясатка аралаштырып Россия, Кытай сыяктуу өлкөлөргө санкция киргизген, SWIFT финансылык системасына альтернатива боло алган жаңы биргелешкен системаны иштеп чыгууну башташты. Натыйжада, мындай кадам эл аралык финансылык карым-катнаштыкты камсыз кылат. Ар бир БРИКС өлкөлөрүнүн Борбордук банктарынын ортосундагы финансылык маалыматтарды алмашып туруу жолун ачат. Экинчиден, жаңы өнүктүрүү банк БРИКСтин мүчөлөрүнүн финансылык кызматташтыгын күчөтөт. Бул батыштык финансылык структураларга татыктуу альтернатива боло алат. Кээ бир финансы жаатындагы адистердин пикиринде азыр эле сезилээрлик күчкө ээ боло баштады. Үчүнчүдөн, БРИКС мамлекеттеринин улуттук валюталарын эл аралык финансылык эсептешүүлөрдө активдүү түрдө колдоно башташты. Россия, Индия жана Кытай баштаган финансы институттары бул жагдайды күчөтүү максаттарында керектүү инструменттерди ойлоп таап коюшту. Нефть, газ, кенбайлыктар ресурстары, ж.б. керектүү жана маанилүү товарларга өз ара эсептешүүлөр улуттук валюталар аркылуу жүрө баштады. Төртүнчүдөн, кечээ Казанда өлкө лидерлери, сандык валюталар жөнүндө көп айтышты. Жасалма интеллекттин экономикага тийгизе турган таасири менен мааниси жөнүндө ар бири кеңири кеп кылышты. Менимче, бул эң туура аракет болуп жатат. Анткени, эң башкысы аталган заманбап финансылык жана экономикалык технологиялар ошол процесске катышкан өлкөлөрдүн инфляцияга туруштук берүү касиеттери күчөйт…
— БРИКСтин бирдиктүү валютасы жөнүндө кыйытып, жатасыз го, агай?
— Ооба ошондой. Бирок, Казанда бирдиктүү валюта боюнча эч кандай чечим кабыл алынган жок. Али эрте го? Владимир Путин “бул маселени абдан тыкандык менен кароо керек” деп койду. Бирок, андай болгону менен БРИКС мүчөлөрүнүн финансы министрлери менен Борбордук банктарынын башчылары саммиттин алдында жолугушуп, эл аралык валюттук-финансылык системаны түзүү боюнча иштерин башташканы белгилүү болуп отурат. Ал турсун бирдиктүү валютанын эскиз-долбоору менен да тааныштырып жиберишти. Бул жерден, мен мындай өзгөчөлүктөр жөнүндө айткым келип турат. Эң башкысы, бардык мүчөлөр үчүн бирдей жеңилдик жана оңойлук менен камсыз кылынган финансылык төлөм-эсептик инфраструктурасын түзүү керек. Саммиттин катышуучулары бул маселеге көп көңүл бурушту. Андан ары БРИКС банкынын депозитардык системасы маанилүү. Баалуу кагаздар кандай бөлүштүрүлөт. Финансы системасынын коопсуздугун чечүү маселелери кандай чечилет. Иши кылса БРИКСтин алдында көптөгөн чакырыктар жана кыйынчылыктар турат. Анан калса АКШ баштаган “карт бөрүлөр” БРИКСтин дүңгүрөп эле бутуна туруп кетишин эч качан каалабайт. Бул жерде Жакынкы Чыгыш менен Украинанын айланасындагы согуштук аракеттер да өз таасирин тийгизбей койбойт.
Зулпукаар Сапанов