Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын Тургунбек уулу деп расмий өзгөркөнүн билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасынан бул анын «көптөн берки кыялы» болгонун жазды.
«Чындыгында, аты-жөнүн өзгөртүү ар бир адамдын жеке чечими. Депутаттар Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев болуп бирге демилгелеген мыйзам долбоорубузда аты-жөндү улуттук өзгөчөлүгүбүзгө ылайык жазууну сунуштаган бир нече вариант берилген. Алардын ичинен тандап, мен Шакиев деген фамилиямды Тургунбек уулу деп өзгөртүүнү туура көрдүм»,-деди спикер.
Өткөн айда парламент кыргызстандыктардын аты-жөнүн тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырган. Документте жарандардын фамилиясын, атасынын атын жазууда үч вариант сунушталган.