Кызматташтыктын жаңы барагы
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев 13-сентябрда Кытай Эл Республикасына расмий сапары менен барды.
Анда Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин Төрагасы Ван Хунин менен жолугушуп, саясий-экономикалык, маданийгуманитардык байланышты бекемдөө маселелери талкууланды. Аны менен катар Жогорку Кеңеш менен Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын жана Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу да сөз болду.
Ван Хунинди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы менен куттуктаган Нурланбек Шакиев, бул жылдар аралыгында Кытай Эл Республикасы эмгекчил элинин аркасы менен дүйнөдөгү алдыңкы экономикалык жана саясий державалардын бирине айланганын белгиледи.
Акыркы жылдары кыргызкытай кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жатканы анык. Ага мамлекет башчыларынын салымы өтө чоң. Ал эми эки өлкөнүн эл өкүлдөрү жетишилген келишимдерди, жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү ар дайым колдоп келет.
Эки өлкөнүн соодаэкономикалык тармагында мүмкүнчүлүктөр өтө чоң. Экономикалык байланыштардын негизин түзгөн энергетика, тоо-кен, логистика өңдүү тармактарда биргелешкен долбоорлор арбын. Төрага “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушу ишке ашса, кызматташтыктын жаңы барагы ачылып соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүүгө жана жарандар ортосундагы байланышты кеңейтүүгө көмөкчү болооруна ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Ван Хунин Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын Бээжинге расмий сапар менен келиши тарыхый окуя экенин белгиледи. Ал ушул жылдын алгачкы алты айында эле эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 9 млрд долларды түзүп, 17,6%га өскөндүгүнө токтолуп, жыл аягына чейин дагы жогорулай тургандыгын канааттануу менен белгилеп өттү.
“Мен Кыргызстанга көп жолу баргам. Өлкөңүздөрдөгү акыркы жаңылануулардан, калк турмушун жакшыртуу багытында жасалып жаткан жакшы иштерден кабарым бар. Биз коңшу Кыргызстандагы өнүгүүнү ар дайым кубаттайбыз жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу колдоого даярбыз”, – деди Ван Хунин.
Түз аба каттамдарын көбөйтүү маселеси көтөрүлүп, Ош–Кашкар аба каттамынын ачылышы мындан ары да байланышты бекемдөөгө өбөлгө болоорун белгилешти.
Борбор Азиянын ичинен Кыргызстан менен кызматташуу өтө маанилүү
Андан соң Төрага Нурланбек Шакиев Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Чжао Лэцзи менен жолугушту.
Алгач Нурланбек Шакиев Чжао Лэцзи баштаган Туруктуу комитеттин мүчөлөрүн Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы жана Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы менен куттуктап өттү.
Эки мамлекеттин саясийэкономикалык, маданийгуманитардык алакасын арттыруу тууралуу сөз болгон бул жолугушууда, Нурланбек Шакиев ортодогу алакалар жаңы деңгээлге көтөрүлгөндүгүн белгиледи.
Кыргызстан негизги стратегиялык өнөктөш өлкө катары Кытай менен болгон кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар. Айрыкча соода-экономикалык алакаларды арттыруу башкы максатыбыз болгондуктан, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жаатында өтө чоң мүмкүнчүлүктөрүбүздү гана айтпастан, ага катар бул багыттагы тоскоолдуктарды жоюу маселесин да койду. Кыргызстандык оор жүк ташуучу унаалардын Кытай мамлекетинин аймагында жүрүүсүнө байланышкан айрым чектөөлөрдү алып салууну сунуштады.
Узак жылдардан бери көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келе жаткан “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу аталган үч өлкө үчүн эле эмес, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери үчүн пайдалуу экенин, эртерээк аны ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи.
Айтылган ар бир сунуш-пикир маанилүү экенин белгилеген Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Чжао Лэцзи Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан менен кызматташуу өтө маанилүү экенин билдирди. Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азык-түлүктөрүн Кытайга экспорттоо боюнча биргелешип иш алып баруу зарылдыгын, жаңы соода аянттарын ачууга жана илимий-техникалык багытта да кызматташууга кызыкдар экендигин айтты. Кытайдын энергиянын жаңы булактарын ишке киргизүү, машина куруу жана заманбап технологияларды жайылтуу жаатында мүмкүнчүлүктөрү чоң.
Чжао Лэцзи Төрага Нурланбек Шакиев айткан оор жүк ташуучу унаалардын каттамына байланышкан маселе боюнча жеринен тийиштүү жетекчилерге тапшырма берип, оң багытта чечилүүсүнө көмөктөшөрүн убада кылды.
Си Цзиньпиндин дипломатиялык идеялары
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Кытай Эл Республикасындагы расмий сапарынын алкагында Кытай эл аралык институтуна караштуу Си Цзиньпиндин дипломатия боюнча идеяларын изилдеген борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Аталган борбор 2020-жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин дипломатия темасына байланышкан теориялык жана практикалык багыттагы идеяларын изилдеп, аларды тактап, талкуулап, жайылтуу максатында түзүлгөн. Борбордо ири державанын эл аралык байланышын өнүктүрүүгө арналган маселелер иликтенет.
Төрага Нурланбек Шакиев байыркы коңшу катары Кыргызстан Кытай менен калыптанган алакаларды арттырууга ар дайым кызыкдар экендигин белгилеп, борбордун Ардак коноктор китебине каалоо тилегин жазып калтырды.
Циндао шаарынын жетишкендиктерибизге үлгү
Төрага Нурланбек Шакиев Циндао шаардык Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин партиялык тобунун катчысы Ван Люмин менен жолугушту. Коңшу Кытай мамлекети Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Акыркы жылдары эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданийгуманитардык байланышы жигердүү өнүгүп, эки тараптуу алакаларда жана эл аралык аянтчаларда бири-бирибизди колдоп келебиз. Андыктан калыптанган мамилелерди аймактар аралык байланыштар менен улантып, анын ичинен Кыргызстандын ири шаарлары менен Кытайдын Циндао калаасынын кызматташтыгын арттырышыбыз зарыл. Кезинде улуу ойчул, философ Конфуций чыккан, эки жолу Шаңхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн маданий борбору катары таанылган Циндао шаарынын жетишкендиктеринен үлгү алуу биз үчүн өтө маанилүү”, — деди.
Аны менен катар Кыргызстанда мыйзамсыздыкка жана коррупцияга каршы күрөш күчөтүлүп, чет өлкөлүк ишкерлер менен инвесторлорго толук шарт түзүлүп жаткандыгын айтып, Циндао шаарынын ишкерлерин кызматташууга, экономикалык багыттагы долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды.
Өз кезегинде Ван Люмин Кытайдын тарыхый калаасында Кыргыз парламентинин Төрагасы баштаган делегация менен жолугушуп жатканына кубанычта экенин айтып, бүгүнкү баарлашуу калыптанган кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишенерин билдирди.
“Жылдан жылга Кыргызстан менен Циндао шаарынын соода байланышы жогорулап келет. Ортодогу мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдаланып, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрө турган болсок, көп ийгиликтерге жетише алабыз”, — деди Ван Люмин.
Бишкек менен Циндао шаарлары боордош калаа макамында тыгыз кызматташып келе жатканын эске салган Ван Люмин Кыргызстандын башка шаарлары менен да кызматташууга кызыкдар экендиктерин кошумчалады.
Мүмкүнчүлүктөрдү пайдалансак, көп ийгиликтерге жетишебиз
Кечээ Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Циндао шаарындагы Кытай — Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык соода-экономикалык кызматташтыгынын көргөзмө борборуна барды.
Циндао шаары деңиз жээгинде жайгашкан. Аталган шаар суу аркылуу жүк ташууга ыңгайлуу порттору менен белгилүү. 2019-жылы ишин баштаган борбор Кытай менен Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн ичинде гана эмес, башка мамлекеттер менен да соодаэкономикалык байланышты өнүктүрүү максатын көздөйт. Учурда борбордо Кыргызстанга таандык павильон да жигердүү иштеп, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү, айрыкча инвестиция тартуу багытында иш жүргүзүүдө. Натыйжада Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү эселеп жогорулап, айрыкча Циндао шаары менен жүргүзүлгөн алакалар акыркы жылдары жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. Былтыр эле көргөзмө борбордун көмөгү менен кыргызстандык ишкерлер чет өлкөлүк инвесторлор менен 40тан ашуун келишимге кол коюп, ири инвестициялык долбоорлор ишин баштаган.
Төрага Нурланбек Шакиев Кытай — Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык соодаэкономикалык кызматташтыгынын көргөзмө борборун жана түзүлгөн соода-логистикалык шарттарды, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланып, чөлкөмдөгү мамлекеттер менен гана эмес, алыскы өлкөлөр менен да кызматташтыкты өнүктүрүү керектигин белгиледи.
Даярдаган Жылдыз Дыйканова