Бөдөш Мамырова мамлекеттик башкаруудан, ага удаа саясаттан түшүнүгү кенен, тажрыйбалуу айымдардын бири. Кандай учур, кандай кырдаал болбосун “башкалар эмне деп жиберет” дебестен, адилет сөзүн айтуу менен көпчүлүктүн алкоосуна арзып келет. А биз бул айым менен учур кырдаалынан баарлаштык.
— Бөдөш айым, учурда эмне иш менен алексиз?
— Учурда үйдө элемин. Кыска мөөнөттүү бир долбоор менен иштедим. Азыр кырдаалга көз салуу менен бирге балдарыма, неберелериме көбүрөөк көңүл буруп, ошолор менен алек болуп жаткан чагым.
— Жакында Президентибиз Садыр Жапаров өлкөдө кадрдык таңкыстык бар экенин, мындан ары кадрларды Акаевчи же Бакиевчи дебестен, башка планетадан болсо да алып келүүгө даярдыгын билдирди. Чын эле өлкөдө кадрдык таңкыстык барбы?
— Болгондо да билимдүү, тажрыйбалуу, иштин көзүн таба билген, дүйнөлүк денгээлде ой жүгүртө алган кадрларга муктаждык бар. Бул көрүнүш мурда деле бар болчу, азыр ачык айтылып жатат. Биз эгемендикти алган 30 жылдын ичинде кадр даярдоо жагын колго ала албай келдик. Ошол эле мезгилде биздин абдан билимдүү, эл аралык деңгээлде билим алган, дүйнөлүк алкакта прагматикалык деңгээлде ой жүгүрткөн уул-кыздарыбыздан уучубуз куру эмес. Өкүнүчтүүсү, алар өз өлкөсүнө эмес, сыртта – дүйнөнүн булуң-бурчунда эмгектенүү менен дараметин көрсөтүп жүрүшөт. Алар убагында мамлекеттик кызматтарга тартылбай, көз жаздымда калып, кийин көпчүлүгү чет өлкөлөргө чыгып кетишкен. Өлкөбүзгө келген күндө деле эл аралык деңгээлде, мыйзам чегинде иштегенге калыптанып калышкан соң, биздин системабызга чиновниктик иш стилибизге бат киришип кете алышпай, тез эле сүрүлүп калып атат. Бизде кандай система иштерин баарыбыз эле билет эмеспизби. Бул жагынан караганда Президент айткандай кадрдык таңкыстык бар! Ошол эле учурда тажрыйбалуу, билимдүү, артында “калбыры” жок таза кадрлардын иштей турган маалында үйлөрүнө отургузуп койдук. Кадрдык таңкыстык дегенибизди бир сөз менен түшүндүрүү да кыйын. Илим-билимдүү кыздар-балдарыбыздан тышкары тажрыйбалуу, өз ишин майын чыгара иштеген кесипкөй кадрлардан деле уучубуз кур эмес. А бирок, мындай катмардагылар эмнегедир бийлик бутактарына тартылбай жаткандай.
— Бийликке мындай сын айтуу албетте, жеңил. Сынга удаа сунуш айтуу жагынан да идеяларыңыз барбы? Анан калса азыркы бийликте бир кездери парламентте сиз менен чогуу отурган өңчөй инилериңиз отурушат…
— Туура, сын айткан оңой. Бирок, ошондой сындардын да керектүүсүн өзүнө сиңирип алып, пайдаланып, жооп кайтарып койгон деле пайдалуу болот. Сын да жөн жерден айтылбайт. Айтайын дегеним, сын пикир айткандын баарын эле душман санабаш керек. Мамлекет, бийлик жалаң эле бийлик башында тургандардыкы эмес, жалпы элге таандык болгондон кийин чогуу-чаран түшүнүү менен өткөндөн сабак алып, иш алпаруу керек. Мурункулардын кемчилигин кайталоодон этият болуп, адамдарга аяр мамиле жасап, мыйзам баарына бирдей иштейт деген принцип менен ички-сырткы көйгөйлөргө дыкат көз салып, нааразычылыкты болтурбоону колго алышса дээр элем.
— Соңку күндөрү Акаевдин келиши, Бакиевдин маек бериши Ала-Тоо ичинде кеп-сөзгө айланып кеткендей. Биз буларды талкуулабай, башка көйгөйлөрүбүздү сөз кылсак жарашат беле?
— Экөө тең өз өлкөсүнөн жөндөн-жөн бири Москвага, бири Минскиге “конокко” же «элчи» болуп кеткен эмес да. Элдин толкуну менен мекенинен куулушкан. Аскар Акаевдин кеткенине 18 жылдын жүзү болуптур. Бакиевдин кеткенине 13 жыл толуптур. Бул экөөнүн кадамдарына коомчулук көңүл бурбай коет дегенден алыс болушубуз керек. Акаевдин да, Бакиевдин да элдин нааразычылыгын жаратып, кыжырын кайната турган себептери бар. Албетте, мекенге, эли-жерине болгон кусалыктан өткөн кордук жок. Бирок, ошондой тагдырды өздөрү жаратты да. Кетип атканда келээрин дагы ойлонуш керек эле. “Эртеңки күнү коомчулук астына чыгуу менен өйдө-төмөн сөздөрдү жаратып бийлик башындагыларга ыңгайсыздык жаратып койбоймунбу?” деп. Эгерде мекендин, эл-жердин баалуулугу ошончолук кымбат болсо элин атып, жерин сатып, байлыгын чачып, бийлигин ашарга айлантып, акыры эли-жерин таштай качпай кетирген кемчилдигин мойнуна алып, керек болсо мыйзам алдында жооп берүүгө даярмын деп ушунча убакыт ичинде абийирдин, мыйзамдын алдында дагы тазаланып алса болот эле да. Өздөрүнө ыңгайлуу жерде каалагандай күн кечирип жүрүп, эл-журтту көзгө илбей кирип келгени албетте, кыжыр кайнатаарлык көрүнүш. Акаевдин өлкөбүзгө кириши менен Бакиевдин дагы тарапташтарынын козголо башташына түрткү болду. Ырас, А. Акаевге шарт түзүлгөндөн кийин К.Бакиевдин келишин камсыз кылууну көздөгөндөр болот. Анткени, экөөнүн тең эл алдында күнөөсү окшош.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ