"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Кубанычбек Самаков ант берди

27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Кубанычбек Самаков ант берди.

Самаков Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттык тобунун курамына кирди.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 10-сентябрында Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда кайрадан шайлоо өткөн.