"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңеш 26-октябрда бир катар мыйзам долбоорлорду кабыл алды

Жогорку Кеңештин 26-октябрындагы жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды.

Биринчи окууда:

  • “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 06.06.22деги кир. № 6-11519/22);
  • “Эмгек жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 10.06.22деги кир. № 6-12047/22);
  • “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору(демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 30.06.22деги кир. № 6-14472/22);
  • “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 20.07.22деги кир. № 6-15750/22);
  • “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлɵрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 10.06.22деги кир. № 6-12045/22);
  • “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Граждандык кодексине, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга)өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, кир.№ 6-11426/22, 06.06.2022).

Экинчи окууда:

  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Кенжебаев А.Б., Самыйкожо М., 14.04.22деги кир.№ 6-6814/22);
  • “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы,08.22деги кир. № 6-16811/22);
  • “2022-жылдын 20-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамдары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы,09.22деги кир. № 6-17251/22);
  • “2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 12.08.2022деги кир.№ 6-16545/22).

Үчүнчү окууда:

  • “Өрт коопсуздугу жөнүндө” мыйзамдын долбоору(демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 03.22деги № 158 токтом);
  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 12.04.2022деги кир.№ 6-6537/22);

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!