"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жогорку Кеңеш жаңы залда алгачкы жыйынын өткөрдү

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин V сессиясынын расмий ачылышы өттү.

Жыйындын башында парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сессияны ачык деп жарыялап, мамлекеттик гимн жаңырды.

Төрага өз сөзүндө Жогорку Кеңештин имараты толук оңдоп-түзөөдөн өткөнүн белгилеп, жыйындар залы заманбап талаптарга ылайык жасалгаланганын айтты. Ошондой эле бул ишке колдоо көрсөткөн Президентке жана аткарган Иш башкармалыкка депутаттардын атынан ыраазычылык билдирди.

“Ушул залда өлкөбүзгө керектүү туура, адилет чечимдер кабыл алынып, элибиздин жашоосун жакшырта турган мыйзамдар кабыл алынат деген ишеничтемин”, – деди Тургунбек уулу.

Ал мындан тышкары, депутаттар эки ай бою аймактарда эл менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп келгенин эске салып, эми көтөрүлгөн маселелер Аткаруу бийлиги менен чогуу талкууланып, чечилерин кошумчалады.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.