"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңеште коомдук транспорт маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеш 2-июндагы жалпы жыйынында Бишкек шаарынын маршруттук каттамдарын тейлеген айдоочулардын иштерин таштаганы жөнүндөгү маселени көтөрдү. Депутат Марлен Маматалиев каттамды иштеткен ишканалар жол кире маселеси боюнча Бишкек шаардык мэрия менен келишимдеше албай, анын кесепетинен эл жабыр тартып жатканын айтты.

Ал өкмөткө протоколдук тапшырма менен маселени чечүүнү өтүнүп, каттамга чыкпай жаткандардын лицензияларын алуу керектигин билдирди.

«Жыл сайын кайталанган көрүнүш, биз буга киришпесек болбой калды. Өкмөткө тапшырма беребизби, же комитетке тапшырабызбы… Бул маселени чечүү керек. Мен билгенден 700дөй автобусту өзүбүз эле бекер алып келип берсек болот. Бизге каттамды бергиле десе, мэрия ага көңүл бурбай жатыптыр. Бул маселени чечүү керек», — дейт Маматалиев.

Бүгүн, 2-июнда Бишкек шаарынын тургундарын тейлеген маршруттук каттамдардын айдоочулары иштерин ташташты. Бул тууралуу маалымат 1-июнь күнү айтылган. Айдоочулардын койгон талаптары — жол кире акысын көтөрүү.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!