"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин депутаттары Ош облусунун Алай районунун тургундары менен жолугушту

Алгач депутаттар Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жанарбек Акаев, Эльдар Сулайманов, Азамат Исраилов Сары-Могол айылына барып, жергиликтүү калк менен баарлашты. Жолугушууда бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлүп, талкууланды. Андан тышкары депутат курулушу башталган бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Алсак, 140 балага ылайыкташкан бала бакчаны ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Ага мамлекеттик бюджеттен 86 млн сомдон ашуун каражат каралган.

Муну менен катар эл өкүлдөрү Сары-Таш айылында жайгашкан авариялык абалдагы мектептен кабар алып, жаңы салынып жаткан окуу имаратынын курулушу менен таанышты. Белгилей кетсек, 2022-жылы пайдубалы түптөлгөн мектеп 150 окуучуга ылайыкташып, эки кабаттуу болот. Билим уясына мамлекеттик казынадан 118 млн сомдон ашуун каражат берилери айтылган. Өз кезегинде депутаттар мектептин ыкчам, мөөнөтүндө бүткөрүлүшү үчүн керектүү каражатты убагында бөлдүрүүгө көмөктөшөрүн билдиришти.

Ошондой эле Алай районунун Будалык жана Арпа-Тектир айылдарына барып, салынып жаткан мектептин жана спорт залынын курулушун көрүштү.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!