Элинин саны боюнча өлкөдөгү эң ири аймак болгон Кара-Суу шайлоо округунан 2024-2025-жылдары эки ирет парламенттик шайлоого катышып, 30 жашында эки жарышта тең топ жарып, алдыга чыккан эл өкүлү Илимбек Кубанычбековго бир катар соболдорубузду жолдодук. “Отузунда орок оруп, кыркында кылыч чабууга камынган”, такшалуунун, өзүн өстүрүүнүн үстүндө тынбай эмгектенген эл өкүлүнүн кебине назар салыңыздар…
– Илимбек мырза, чоң жарышта топ жарып, элдин жүгүн аркалоого болгон аракетиңдин акыбети “канча жашылбай” менен жыйынтыкталды? Сен деле элден калбай, миллиондорду сарптадың да, туурабы? Капчыктагы каражатсыз жеңишке жетүүнүн сыры оор болоору баарыбызга маалым эмеспи…
– Шайлоодон кийин эч кимге маек бере элек элем. Ыңгайдан пайдаланып эң оболу Жаратканга жана карапайым шайлоочуларыма ыраазычылык билдирем. Чоң жарышта Кудайдын каалоосу, элибиздин колдоосу менен сиз айткандай “топ жарып” чыктык. Ооба, шайлоого талапкер болуп чыккан соң аламан жарыштын “көркү” каражатсыз чыкпашы анык. Бирок, мен ийгиликтүү ишкер болбогондуктан шайлоого миллиондогон “жашылбайларды” корото алган жокмун. Албетте, майда-барат чыгымдарга, үгүтчүлөрдүн айлык-маяналарына каржылык абалыбызга жараша аз-аздан бере алдык. Айрым талапкерлер сымал “миллиондогон жашылбайларды” чыгымдоого каржылык мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Ошентсе да шайлоочуларыма рахмат. Аламан жарыштагы “кыл чайнашкан” кыйын кырдаалдарда мага арка-бел, жөлөк-таяк болушуп, күлүктөрдүн арасынан ат чабым алдыга чыгарышты. Эл-жериңе иштөөгө карата ышкың ойгонуп жатса, андай тилегиңе көпчүлүк эл каршы чыкпай, тескерисинче колдон-буттан алып, сүрөөнчү болуп жатышса, мындай шартта элибизге кантип “карууңду казык, жаныңды азык кылып” иштегиң келбесин?! Мен мындан ары, керек болсо өмүрүмдүн акырына чейин эл үчүн “башымды сайып” иштеп берүүгө бар күчүмдү жумшамакчымын.
– Бул жолку шайлоо өткөн чакырылыштагы аламан жарыштардан кандай өзгөчөлүгү менен жыйынтыкталды? Кандайдыр бир өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңбы?
– Аныгында бир же көп мандаттуу шайлоо округдарынан топ жарып, шайланып келиш жеңил болбойт. Мындай шайлоодо чоң ресурс жумшалып, бүтүндөй бир чоң команда болбосо жеңишке жетүү оор болот. Соңку шайлоодо округдар чоңоюп, ар бир шайлоо аймагында 150-160 миңге чейинки шайлоочулар болууда. Маселен, VII чакырылышта парламенттин курамы 36 бир мандаттуу, 54 орун партиялык система менен шайланып келгендерге ыроолонгон. Партиялык система менен парламентке келүүгө жаштарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга, кесипкөй адистерибиздин келишине шарт түзүлгөн. Маселен, партиянын катары менен жарышка чыккан жаш талапкер азыркы системадагыдай бир округду гана карап, ал жакка байланбай, өлкө аймагы боюнча өз тарапташтарынын, колдоочуларынын добушун алганга мыкты шарт бар эле. Ушул сындуу мисалдарды келтире берсек албетте, тизме узара берет.
– Башта айтканыңдай, бул жолку ар бир шайлоо округу 150 миңге чейин шайлоочулардан куралды. А бирок, 150 миң эмес, 500 миң шайлоочуну бир округ кылып койсок деле элибиздин жараянга катышуу көрсөткүчү ар жылы төмөндөгөндөн-төмөндөп баратканын кайда катабыз? Шайлоочуларыбыздын шайлоого болгон аң-сезими менен кайдыгерлигинен жакын арада кутула алабызбы?”
– Бул жолку парламенттик жарышта шайлоочуларыбыздын аралыктан добуш берүүгө катышуусунан улам көрсөткүч 40%га чыкты. Буга чейинки шайлоолордо элибиздин жараянга катышуусунун көрсөткүчү 30-35%га чейин болуп келген. Соңку шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн натыйжасында бул көрсөткүч 5% болсо да көтөрүлдү. Бул жагынан БШК баштаган тиешелүү органдардын жемиштүү иши көрүндү деп айта алам. Ооба, шайлоочуларыбыздын шайлоо жараянына жылдан-жылга аз катышып, кайдыгерлик кылып жатканы бир эседен өкүнүч жаратууда. Биз мындай кайдыгерликтен тез арада кутулбасак болбойт. Бул жагын да кандайдыр бир механизм же идеялар менен жөнгө салууну жалпыбыз ойлонуштурушубуз керек.
– Бул чакырылышта кандай мыйзамдарды демилгелеп, ишке ашырууну пландап жатасың? Негизги миссияңдын “майын чыгарууга” талант-шыгың менен билим, тажрыйбаң жетиштүүбү?
– Көп эле асыл максат, изги тилектерим бар. Өткөн VII чакырылышта бир топ мыйзам долбоорлорун 1-2-окууда өткөргөм. Ошолорду мындан ары да улантып, эл тарабынан сунушталган маселелерди мыйзам менен демилгелөөнү колго алам. Элибизге ыңгайлуу, мамлекетибизге пайда алып келе турган жакшы мыйзамдарды жазууга болгон күч аракетимди жумшайм. Буюрса анын баарын бара көрөсүңөр…
Калыгул Бейшекеев

