"Эркин-Тоо"
Эл өкүлү эмне дейт? Эркин Тоо гезити

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен МАМАТАЛИЕВ: “Мыйзамда өлүктү өрттөө жөнүндө сөз жок”  

Кыргызстанда жаңы кабыл алынган “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамынын негизинде биологиялык калдыктарды, жандыктардын өлүктөрүн атайын крематорийлерде өрттөөгө уруксат берилди. Мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр 28-декабрда кабыл алып, Президент Садыр Жапаров 24-февралда кол койду. Биз бул тууралуу аталган мыйзамдын автору, депутат Марлен МАМАТАЛИЕВ менен кеңири маектештик.

— Марлен мырза, учурда сөөк коюу, өзгөчө өлүктөрдү өрттөөгө уруксаат берүү мыйзам долбоору кабыл алынып, коомчулукта түрдүү багытта талкууланууда. Мыйзамды үстүртөн уккандар демилгечиси катары сизге сын айтышууда. Бул мыйзамдын демилгечиси катары эмне дейсиз?

— Бул боюнча кимдир бирөөлөр туура эмес, калпыс маалыматтарды чыгарышып, максаттуу түрдө таратышууда. Кеп кезеги келгенде тактап коеюн, бул мыйзамда “өлгөндөрдү өрттөйт” деген норма тап-такыр жок. Аталган мыйзамда тескерисинче колдоого ала турган жакшы көрүнүштөр бар. Кезегинде маркум журналист Уланбек Эгизбаев көрүстөндөгү көр бизнеси, андагы чырмалган жемкорлук көрүнүштөр, бул багытта атайын “мафиялар” боюнча иликтөө жүргүзбөдү беле? Биз көрүстөндөрдөгү бизнестерди, бул жааттагы жемкорлукту жокко чыгаруу максатында азыр талкуу жаратып жаткан мыйзамды жаздык. Биздин демилгебиз менен кабыл алынган мыйзамга “сөөк коюш үчүн жерлер 40 миң сомго сатылбасын, бекер берилсин” деп киргиздик. Азыр маркумдун өлгөндүгү тууралуу справка сатылган көрүнүштөрдүн бар экендигинен улам аны мыйзам аркылуу жокко чыгардык. Өлгөн адамдын артынан бериле турчу акча да айлап-жылдап берилбей жүргөн көрүнүштөр бар болчу. Биз ушул норманы “маркум үчүн берилчү акча 3 күндүн ичинде берилсин” деген жобону мыйзамга киргиздик. Ошондой эле “мусулмандар менен христиандардын көрүстөндөрү өз-өзүнчө болсун” деп мыйзам аркылуу да жөнгө салып жатабыз. Өлкөбүздө аз сандагы түрдүү улуттун элдери бар. Алардын арасынан өлүм катталса мусулмандар көрүстөнүнө койдурбаган талаш-тартыштар болуп келген. Ушундай көрүнүштөрдөн улам чатак чыгып кетпеши үчүн мамлекеттик дин комиссиясы атайын бизден суранышкандыктан, мыйзамга “түрдүү улуттагылар үчүн да көрүстөнүнө жер берилсин” деген беренени кийирдик.

— Сөөктү өрттөө маселеси тууралуу айтсаңыз…

— Бул мыйзамда сөөктү өрттөө жөнүндө эч кандай сөз болгон жок. Ал жерде биологиялык калдыктарды, тагыраагы, адамдын ички организиминен кескиленген (ичеги-карын, онкологиядан жана операциядан улам кесилген ашказан же боор, бойдон алдыргандагы калдыктар ж.б.) дене мүчөлөрдү өрттөө тууралуу гана сөз болгон. Маселен, Бишкек шаарында эле 1 айда адамдын организминен кескиленген калдыктар 3 тоннага жакын көлөмдө болоору маалым болду. Адамдын денесинен чыккан ошол 3 тонна калдыктарды бир жерге алып барып көмүп коюшат экен. Андай жерлерге келечекте балдар ойношот, бара-бара эгин эгилип, чөп чабылат. Ушундай көрүнүштөрдү эске алып, адамдын денесинен чыккан калдыктарды гана таштандыга таштап же жерге көмүп койбостон, өрттөөгө уруксаат берүүнү мыйзам аркылуу бекемдедик. Тилекке каршы, кабыл алынган бул мыйзамды айрымдар туура эмес таратып жатышат.

— Жакында парламенттин жыйырмага жакын депутаты жогорку мамлекеттик наамдарды алдыңыздар. Эл өкүлдөрүнө карата коомчулукта ансыз да сындар көп айтылат. Бул жолу да элдин сынынан сыртта калбадыңыздар…

— Мамлекеттик маанидеги наам алуу боюнча атайын мыйзам бар. Башка кесиптеш эл өкүлдөрү үчүн алардын канчалык деңгээлде татыктуулар алышкандары боюнча жооп бере албайм. Маселен, жеке өзүм мамлекеттик кызматкер болуп иштегениме бир топ жыл болду. Жогорку окуу жайды бүткөн соң ишимди катардагы мамлекеттик кызматкер болуудан баштап, министрдин орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты болгонго чейинки кызматтык тепкичтерди ырааттулук менен басып өткөм. Чагылгандай тездик менен же түндүктөн түшкөндөй образда карьералык секириктерди жасаган эмесмин. Жакында алган “Жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисин алуу” үчүн буга чейинки мамлекеттик кызматтагы наамдарды да алгам. Азыркы алган наамыма эмгек тажрыйбам да жетиштүү деп ойлойм.

— Соңку убакта парламенттеги  кесиптештериңиз мандаттарын таштап кетишсе, айрымдары сот аркылуу мандатынан ажырап калышууда. Бул көрүнүштү кандайча сыпаттайт элеңиз?

— Парламентаризм институту туруктуу деңгээлде иш алып барышы үчүн ал кимдир бирөөнүн же кайсы бир депутаттын атынан же фамилиясынан көз каранды болбойт. Ал эми депутаттар эл өкүлү болгон соң арадан 2 же 3 жыл өткөндөн кийин сот аркылуу мандатынан ажырабашы керек. Эл, шайлоочулар 5 жылдык мандатты ага ыйгарышкан соң аталган убакыт ичинде эл өкүлдүк вазыйпасын татыктуу аткарып, ишин алып барышы зарыл. Ал эми моралдык жагы өзүнчө сөз. Бүгүн 30 жылда болбогон тазалануу жараяны болуп жатат. Айрым депутаттар да моралдык жагын эске алышып, өздөрү кетип жатышкандыгы бир эседен туура деп эсептейм.

— Маселен, бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген эл өкүлүнө 3 жылдан соң атаандашы арыз жазып, сот аркылуу анын мандатын тартып алган көрүнүштүн өзү кооптуу эмеспи? Мындай көрүнүштү мыйзам менен токтотпосо болбойт го?

— Бул өтө туура эмес көрүнүш. Демократиялык өлкөдө парламент институту туруктуу деңгээлде иш алып барыш үчүн атайын 4 же 5 жылдык иштөө мөөнөтү коюлат. Ошол мөөнөт ичинде эл өкүлү шайлоочуларынын таламын талашып, мыйзамдарга коркпой-үркпөй добуш берип, адилеттүүлүктүн жарчысы катары иш алып барышы керек. Анан эле 3 жылдан соң “ойгонуп”, атаандашынын депутаттык мандатын тартып алыштын өзү туура эмес. Мунун өзү келечегибизге сокку боло турчу көрүнүш. Мындай көрүнүш улана берсе анда кийинки шайлоодо бир мандаттуу округдан шайлануу эрежесин алып коюшубуз керек. Парламенттеги 90 орундун бардыгына партиялык тизме менен депутаттар шайлана турган болсо, азыркыдай ортодон убакыт өткөн соң сот аркылуу мандат тартып алмай “өнөкөтү” токтойт. 2005-жылдагы парламенттин 3-чакырылышында да азыркыдай (анда да бир мандаттуу шайлоо округунан шайланышкан) эл өкүлдөрүнүн шайлоодо 2-3-орунду алган талапкерлер жеңүүчүнүн мандатын тартып алмай “өнөнкөтү” күч алып кеткен. Азыр да ошол көрүнүш кайталанууда. Андыктан, тарых да бүгүн бизге бир мандаттуу шайлоо системасы жарабастыгын дагы бир ирет тастыктап жатат.

 

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№20 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 12-марты