"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан ЖАКЫШОВ: “Ак үйдөгү “саясий оюндарга” аралашпайм”

Дал ушундай рубриканын астында коомчулук көзүндөгү аттуу-баштуу инсандарга азыноолак соболдорубузду жолдоп турмайыбыз бар. Бул сапар “бутага” эл өкүлү Русланбек Шергазиевич илинди. Биздин кыскача баарлашуубузга абай салып көргүлө.

— Руслан мырза, парламент тарыхый миссиясын канчалык деңгээлде татыктуу аркалап жатат деп ойлойсуз?

— Парламент тарыхый миссиясын кандай аткарып жатканына эл баасын берсе жакшы болот. Анан калса азыркы чакырылыштагы парламенттин иштеп баштаганына 1 эле жыл болду. Дагы алдыда 4 жыл бар. Андыктан, бул чакырылыштын кандай иштегени 5 жылдык мөөнөт ортологонунда баары алаканга салгандай так, даана көрүнүп калат.

— Аксарайдагы “ордо оюндарына” көнүшүп бүттүңүзбү? Ак үйдөгү интригалар сизди канчалык деңгээлде “сиңирип” алды?

— Мен чынында интрига жана ар кандай жаман “оюндарга” аралашпайм. Сен атагандай “оюндар” менин табиятыма жат нерсе. Бул жагын жашырбай айта алам. Андыктан, аксарайдагы “ордо оюндары” мага билинген деле жок. Анан калса менин мүнөзүмдү бардык депутаттар билишет. Мен акты ак, караны кара деп айтып, өз ишимди кылып жүрө берем. Сен атагандай аксарайдагы саясий “оюндарга” аралашпайм жана аралашуу да оюмда жок.

— Кичи мекениңиз Таластагы соңку көйгөйлөр катары кайсы маселелерди тизмектээр элеңиз?

— Көп эле көйгөйлөрдү тизмектесек болот. Кайсы бирин айтайын дегендей да. Таластагы мага кайрылган жана жеке өзүмө белгилүү болгон эң көйгөйлүү маселелерибиз – дыйкандарыбыздын өндүргөн продукциялары баа болбой жатканы маселе жаратууда. Өзгөчө алма, кара өрүк, картошка, төө буурчактын баасы карапайым дыйкандар ойлогондой эмес. Дагы бир баса белгилөөчү көйгөй мектептердин, бала бакчалардын эскилиги жана жетишсиздиги, билим уяларында заманбап техникалык аппараттардын аздыгы көңүл чөгөрүүдө. Сыртта илим менен заманбап техника күн эмес саат сайын өзгөрүп, өнүгүп жаткан шартта бул жагындагы көйгөйлөр кантип көңүлдү көтөргөн болсун? Ошол эле жол маселеси да көйгөйлүү иштердин сап башында турат. Таластагы ички жолдордо союз тарагандан бери асфальт көрбөгөндөр бар. Ушул сындуу көйгөйлөрдү тизмектесек тизме узара берчүдөй. Мунун баары баарыбызга белгилүү да. Болгону Министрлер Кабинети менен биргеликте чечишибиз керек.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№8 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 3-февралы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!