"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев: “Энемдин бир туугандарына жакшылык жасагыбыз келип турат”

Ар жылы май айынын үчүнчү жекшембиси өлкөбүздө Энелер майрамы катары белгиленет. Биз бул майрам-шаңды утурлай УКМКнын Төрагасы Камчыбек Ташиев менен парламент депутаты Шайырбек Ташиевди жарык дүйнөгө алып келген Алима Ташиеванын элесин эл өкүлү болгон уулу менен бирге эскердик. Пайгамбар жаш курагында бу жалгандан көзү өткөн Алима эненин рухунун алдында биздин каармандар урпактык милдеттерин кандай аркалап жатышат? Бул жагын төмөндөгү маегибизден аңдап алсаңар болот…

— Шайырбек мырза, энеңиз Алима Ташиеванын ким экенин, дегеле ал кишинин бейнесин коомчулукка кантип ачып берер элеңиз?

— Ыраматылык, Бейиши болгур алтын апам Алима Ташиева өмүр бою колхоздун пахта талаасында атам менен биргеликте иштеп, айылга кадыр-баркы сиңген акылдуу аялзатынан болгондугун сыймык менен айта алам. Өзү табиятынан ачык мүнөз, колу ачык, сөзгө чебер, интеллигент болбосо дагы балдарынын бардыгын окуткан, турмуштан ордубузду таап, орун-очок алышыбызга опол тоодой салым кошкон асыл жан эле. Бирөөгө жамандыгы жок асылыбыз баарыбыздын жакшылыгыбызды көрөөр кезде 2005-жылы 63кө келгенде, пайгамбар жаш курагында шум ажалга алдырып ийдик. Өзү ар убак “балдарым, колуңардан келсе бирөөдөн жакшылыгыңарды аябай, ар убак жардам бергиле” — деген осуятын көп айтчу. Биз 6 уул, 5 кыз, жалпы 11 бир тууганбыз. Эки агам да бу жарыкчылыктан өтүп кетишти. Апабыз – Баатыр Эне.

— Энеңиздин элесин эскерип, анын руху ыраазы болоорлук максатта урпактык милдетиңизди аткарып турасызбы? Дегеле өзүңүз бу жалганда жашап турганда энеңизге карата кандай эстелик тургузсам дейсиз?

— Сөзсүз да. Кеменгер кыргыз “атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн” — деп коёт эмеспи. Биз ата-энебиздин жоро-жолдошторун, тааныштарын, ага-тууган, бир туугандарын колдон келишинче сыйлаганга аракет кылабыз. Энемдин бир иниси, бир сиңдиси бар. Өзгөчө ушул тай эжем менен тагама колубуздан келишинче жакшылык жасап, көңүлдөрүн көтөрүп турганга бар аракетибизди кылып келебиз. Ошондой эле ата-энебиздин рухтары ыраазы болсун деп Куран окутуп турабыз. Ал эми эстелик болгондо кандай? Мен бу жалгандан өткөндөн кийин артымда калган балдарым мен үчүн уялбагандай болуп, керек болсо сыймыктанып жашашы керек. Ошол сыңары, мен дагы адал эмгек, асыл мээнет менен жасаган көптөгөн кайрымдуулук иштеримдин соопчулугу ата-энемдин рухтарына тийсе, изги иштерим аларга эстелик болсо экен деп тиленип турам.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!