"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин эртеңки жыйыны жылдырылды

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Координациялык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана аппараттын жетекчилери менен бөлүм башчылары катышты.

Координациялык кеңеш жыйындардын календардык планын бекитип, муну менен катар каралчу маселелердин тизмесин тактады.

«11-майда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата маарекелик иш-чаралар өтөт. Андыктан аталган күндөгү парламенттин жыйыны кийинкиге жылдырылды», — деп айтылат маалыматта.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!