Бүгүн, 10-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата шайлоо алдындагы үгүт иштери расмий түрдө башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.
БШКнын маалыматына ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, үгүт иштери бардык талапкерлер катталгандан кийин башталып, добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат.
Алдыдагы шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткандыктан, шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылып, үгүт иштери 20 күнгө созулат — 2025-жылдын 10-ноябрынан 29-ноябрына чейин, саат 8:00гө чейин уланат.
БШКнын маалыматы боюнча, мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого жалпы 467 талапкер катталган. Алардын 276сы — эркек, 191и — аял.
Үгүт мезгили башталган учурдан тартып талапкерлер, саясий партиялар жана башка катышуучулар шайлоочуларды белгилүү бир талапкерди колдоого же каршы добуш берүүгө үндөөгө, ошондой эле шайлоо алдындагы программаларды талкуулоого укуктуу.
БШК белгилегендей, үгүт иштеринин бардык формалары жана ыкмалары шайлоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшү керек.
Үгүт төмөнкү тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн:
-
жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
-
митингдерде, чогулуштарда, теледебаттарда жана башка ачык иш-чараларда;
-
басылма жана көрмө-укма материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен.
Мында үгүт материалдары өлкөнүн ичинде гана даярдалышы керек жана ар бир нускасы БШКга тапшырылат.
Мыйзам боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, байкоочуларга, диний ишмерлерге, чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошондой эле 18 жашка чыга элек жарандар да үгүт иштерине катыша алышпайт.
Кыргызстандын аймагында тараган чет өлкөлүк ЖМКларда үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат, ал эми шайлоо маалында чет элдик теле жана радио программалар жазылган түрүндө гана көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, талапкерлердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды тараткан жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчиликке тартылары эскертилди.
БШК маалымдагандай, каржылоону талап кылган бардык үгүт иш-чаралары талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддору аркылуу гана жүргүзүлөт.

