"Эркин-Тоо"
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин төртүнчү сессиясы аяктады

26-июнда Жогорку Кеңештин жыйындар залында 7-чакырылыштагы төртүнчү сессиянын жабылыш аземи өттү. Сессия жабылган соң депутаттар сентябрь айына чейин жайкы эс алууга кетишти.

Жыйын учурунда төрага Нурланбек Тургунбек уулу бул сессия маанилүү окуяларга бай болгонун белгиледи. Анын айтымында, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын парламент жетекчилери Кыргызстанга расмий сапар менен келишти. Ошондой эле кыргыз парламентинин делегациясы да бир катар мамлекеттерде иш сапар менен болду. Июль айында Кытай Эл Республикасынын парламентинин өкүлдөрү Кыргызстанга келери күтүлүүдө.

Ал депутаттарга ыраазычылык билдирип, жакшы эс алуу каалады.