"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары шайланды

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар парламенттин сегиз комитетинин төрагаларын шайлашты.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына Медербек Алиев;
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгына Жанарбек Акаев;
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына Аманкан Кенжебаев;
Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымдыгына Динара Ашимова;
Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагалыгына Азизбек Турсунбаев;
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына Бактыбек Сыдыков;
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына Данияр Төлөнов;
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына Сүйүнбек Өмүрзаков шайланды.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин түзүмү түзүлгөн. Ага ылайык, түзүмдө сегиз комитет, үч вице-спикер болот. Төраганын орун басары болуп Жамиля Исаева, Нурбек Сыдыгалиев, Улан Примов шайланды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!