"Эркин-Тоо"
Собол сап Эркин Тоо гезити

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ЖЫЛДЫК ИШИН КАНДАЙ БААЛАЙБЫЗ?

Өткөн аптада VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин IV сессиясынын иши жыйынтыкталды. Парламент Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, эми депутаттар бир ай шайлоочулар менен жолугушуп, эмгек өргүүсүндө болушат. Нурланбек Тургунбек уулунун айтымында, IV сессия маанилүү, орчундуу, олуттуу окуялар менен коштолду. Кыргызстанга бир катар өлкөлөрдүн парламенттеринин делегациялары расмий сапарлары менен келишсе, алдыдагы июль айында Кытай Эл Республикасынын парламентинин төрагасы келгени жатат. Жогорку Кеңештин делегациясы бир катар өлкөлөргө расмий сапарлар менен барды. Эл өкүлдөрү көптөгөн маанилүү мыйзамдарды кабыл алышты. Ошого карабай, бүгүн VII чакырылыштагы эл өкүлдөрүнө карата элдин сыны күч. Биз бул сапар жылдык ишин жыйынтыктап жаткан Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн сурамжылоого алдык. Эмесе, бул жагынан элден өткөн калыс болбосун эске алып, айрым аттуу-баштуу инсандарды кепке тарттык.

КРнын мурдагы вице-премьер-министри Ибрагим Жунусов:

“Он чакты депутат иштеп, калгандары “кнопка баскычтын” ролунда”

— Парламенттин ар бир чакырылышы жана Жогорку Кеңештин депутаттары буга чейин да, керек болсо мындан ары да келечекте көпчүлүк болгон соң сынга кабылышат. Аныгында реалдуу жагдайдагы сын сөзсүз болушу керек. Биздин элдин табиятында Парламент жөнүндө түшүнүгү бары да, жогу да сындай беришет. Барган сайын Жогорку Кеңештин ролун күчөтүп, кадырын кетирбегендей болушубуз керек. Туура, Парламенттин кадыр-баркын көкөлөтө көтөрө турган, түшүрө да турган андагы мандат ээлери болушат. Бирок, канчалаган сындар, ур-тепкилер болсо да ага терикпей, парламент өз ишин аткарып келүүдө. Быйыл эл өкүлдөрү тил мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизди, порно сайттарды жабуу жана аларга бөгөт коюу мыйзамын кабыл алды. Ооба, бул мыйзам көпчүлүк мамлекеттерде мындан 10-15 жыл мурда кабыл алынган. Аныгында бул мыйзам балдарыбыздын, неберелерибиздин келечеги үчүн абдан керек. Жогорку Кеңешти жана КРнын Президентин шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, кабыл алды. Эң соңкусу ЖМК тууралуу мыйзам да көптөгөн талаш-тартыштарды жаратты. Ошентсе да соңунда акыры кабыл алынды. Бул мыйзамды экинчи-үчүнчү окууда бирге кабыл албаганда, көп деле нааразычылык жаратпайт эле. Азыркы чакырылыш деле жакшы иштеп жатышкан эл өкүлдөрүнөн куру эмес. Учурда 10-15тей гана эл өкүлү жакшы иштеп, калгандары “кнопка баскычтын” гана ролун аткарып жаткандай түс берүүдө.

Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун тең-төрагасы Замирбек Осмонов:

“Парламенттен эл ашыкча нерселерди күтүүдө”

— Парламент – мыйзам чыгаруучу жогорку мамлекеттик орган. Ал өз ыйгарым укуктарынын алкагында көзөмөлдүк милдеттерди да ишке ашырат. Демек, Жогорку Кеңештин негизги функциясы – мамлекетибиздин бакубаттыгын камсыздоо жана жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн зарыл мыйзамдарды кабыл алуу. Ошондуктан, биз ЖКнын ишмердүүлүгүн баалаганда дал ушул милдеттерди аткаруу деңгээлин эң негизги индикатор катары кабыл алышыбыз керек. Мен Парламенттин ишмердүүлүгүнө оң баа берем. Анткени, эл өкүлдөрү өздөрү демилгелеген жана Президент менен Министрлер Кабинети сунуштаган мыйзам долбоорлорун өз убагында карап, кечиктирбей колдоп турушту. Жыйынтыгында өлкөбүздө буга чейин болуп көрбөгөндөй ыргакта ар тараптуу жаңылануу жана өнүгүү жүрүп жатат. Эгерде бул чынжырдын бир бөлүгү катары ЖК өз милдетин начар аткарса, мындай жыйынтыкка жетишүү мүмкүн болмок эмес. Өткөн мезгилде парламенттик башкаруу учурунда Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кыйла кеңири болчу. Мисалы, коалициялык көпчүлүк өкмөттү түзүп, бекитип, ошонун негизинде аткаруу бийлигине түздөн-түз таасир этчү. Натыйжада Өкмөт Парламентке көз каранды болуп, көп учурда саясий оюндардын курмандыгы болуп кала берчү. Бул болсо мамлекеттик башкарууну алсыраткан, жоопкерчилик жоголуп, натыйжада элге кыйынчылык жараткан. Башкача айтканда, Парламент интригалардын борборуна айланган учурлар көп болгон. Бүгүн Президенттик башкарууда мындай көрүнүштөр жоюлган. Бирок элдин кээ бир катмары дагы эле эски түшүнүктөр менен Жогорку Кеңештен ашыкча нерселерди күтүп жаткандай сезилет. Ошол себептен Парламент кээ бирөөлөрдүн көз карашында алсыздай көрүнүшү мүмкүн. Аныгында Парламент өзүнүн негизги милдеттерин аткарып жатат. Мамлекеттик бюджетти убагында бекитип, зарыл мыйзамдарды кабыл алышууда. Чек ара маселелерин чечүүдө да жалпы депутаттык колдоо болду. Дагы эмне талап кылууга болот? Албетте, депутаттык корпус тууралуу сын-пикирлер айтылып келет. Азыр Парламент да тазаланып, жаңыланып баратат. Кийинки шайлоодо да мыйзамдар менен бекитилген талаптарга жооп берген, жоопкерчиликтүү талапкерлердин келишин күтөбүз.

Саясий серепчи Токтогул Какчекеев:

“ИДПнын өсүшүнө парламенттин салымы чоң болду”

— Жогорку Кеңештин негизги милдети өнүгүү системасын мыйзам аркылуу колдоп берүү. Туура, өлкөбүз алдыга баратканы көзгө көрүнүп калды. ИДПнын көлөмү 9-9,5 пайыздык өсүш деңгээлге чыкты. Бул көрсөткүч Орто Азия өлкөлөр арасында бийиктигин көрсөтөт. Мындай деңгээлге жеткенибизге Жогорку Кеңештин салымы зор. Жакында эле 9-майда Улуу жеңиштин 80 жылдыгын салтанаттуу өткөздүк. Ата-бабаларыбыздын эрдигин бааладык, арбактарына зыярат кылдык. Президент өз жарлыгы менен Ата мекендик согушка катышкандарга аябай чоң жардам көрсөттү. Бирок, 1999-жылдарда сакалчандар курамы Баткенге киргенде кыргыз куралдуу күчтөрү, укук коргоо органдарынын курамы эрдик менен согуш жолунда аларды токтото алышты. Кийин чек арадагы куралдуу кагылышуулар болду. Бир топ аскерлерибиз жараат алышты, асты көз жумушту. Бирок, бул катмардагылар Ата Мекенди коргогондор сыяктуу сый-урматка, каражатка ээ болушкан жок. Аларга карата мыйзам аркылуу жеңилдик берүү, өзгөчө статусун аныктоо маселесине келгенде дал ушул Жогорку Кеңеш өзүнүн салымын кошкон жок. Азыркы тапта дүйнөдөгү ар түрдүү коогалаңдар, согуштар ачыктан-ачык белги берип атат. Бул жагын да Парламент тиешелүү көзөмөлгө алышы керек.

“Алай Айымдары” кайрымдуулук коомунун мүчөсү Кундуз Кокочорова:

“Эл өкүлдөрүнө элдин сыны көп болду…”

— Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнөн активдүү жаран катары мен дагы кабардармын. Андыктан, бир жактуу пикир айтуудан алысмын. Парламент – коллективдүү орган болгондуктан, мыйзам чыгаруу органына коомчулуктун да көз карашы ар кандай. Бул чакырылыштагы көпчүлүк эл өкүлдөрү жоопкерчиликти моюндап, эл жүгү үчүн колдорунан келген аракетти кылып жатышат. Өзгөчө далайдан бери чечилбей келген чек ара маселесине дал ушул азыркы чакырылыштагы Парламент депутаттары жоопкерчилик менен мамиле кылып, талаштуу чек ара маселелерине чекит койгонго зор салым кошуп беришти. Мындай чечкиндүү кадамдары менен алар тарыхый окуяга себепчи болушту. Эл өкүлдөрүнүн чек ара маселесиндеги чечкиндүүлүк көрсөткөн жүрүштөрү көпчүлүккө жаккандыгын эл аралап жүргөн айым катары айта алам. Бул жагынан биздин депутаттар элге-жерге кызмат кылуунун жогорку үлгүсүн көрсөтүштү. Ооба, 90 депутаттын ар кимиси алына жараша шайлоочуларына кызмат кылганга жандалбастап жүрүшөт. Ошондуктан алардын ишмердүүлүгүн бир беткей эле сындагандан да алысмын. Өлкөдөгү болуп жаткан өзгөрүүлөргө Кыргыз Парламентинин да салымы ат көтөргүс. Бул жагын танганда не? Буга удаа Парламенттин VII чакырылышындагы эл өкүлдөрүнө элдин сыны абдан көп болду. Бул жагын да адилеттүүлүк үчүн айтуу парз. Көпчүлүккө бир беткей жагуу да кыйын. А түпкүлүгүндө бул Парламент эл үчүн колдорунан келишинче иштерди аркалап жатышкандыгын айта алам. Биз эми жаман жагын эле издебей, жакшы жагын да көрө билели да, туурабы?

Калыгул Бейшекеев