Жогорку Кеңештин комитети Акыйкатчы институтунда көчмө жыйын өткөрдү
Бүгүн, 20-октябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунда көчмө жыйын өткөрдү.
Көчмө жыйынга комитет төрайымы Гульнара Акимбаева баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Венера Салямова, Жылдыз Таалайбек кылы, Медербек Алиев, Болот Ибрагимов, Чынгыз Ажибаев, Улан Сариев, Умбеталы Кыдыралиев жана институттун аппараты катышты.
Комитеттин төрайымы Гульнара Акимбаева Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун өз ара аракеттенүүсүн мындан ары өнүктүрүү актуалдуу маселе экенин белгиледи. Анын айтымында, бул багыттагы кызматташтыкты чыңдоо жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо, ошондой эле алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.

Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева институттун Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүсү тууралуу депутаттарга маалымат берди.
Талкуу учурунда депутат Улан Сариев институттун аймактык өкүлчүлүктөрүнө түшкөн кайрылуулардын саны, аларды кароо тартиби жана арыздардын негизги мазмуну тууралуу маалымат сурады. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдиргендей, жыл сайын институтка 10 миңге жакын кайрылуу түшөт. Алардын басымдуу бөлүгү Чүй облусуна жана Бишкек шаарына туура келет.
Ал эми депутат Венера Салямова Акыйкатчы институтуна жарандардан түшкөн кайрылууларды өз убагында кароо, аларды чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана жетишилген натыйжалар тууралуу сурады. Маалыматка ылайык, кайрылуулардын 36% соттук иштерге, ал эми 28%дан ашыгы укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Өз кезегинде эл өкүлү Медербек Алиев парламенттик институт катары Акыйкатчынын укуктук макамын бекемдөө жана анын чечимдерине мамлекеттик органдардын тийиштүү деңгээлде көңүл буруусун камсыз кылуу боюнча сунуштарын айтты.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө комитет төрайымы Гульнара Акимбаева институттун облустук өкүлчүлүктөрүнүн ишмердүүлүгүнө кызыгып, жарандардан кайсы багыттар боюнча арыз-даттануулар көп түшүп жатканын тактады. Ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында кызматташууну күчөтүү жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды белгиледи.
Жыйынтыгында тармактык комитет Кыргыз Республикасынын Акыйкатчынын баяндамасын эске алып, комитет менен институттун өз ара аракеттенүүсүн жогорулатуу багытында сунуш пикирлерди эске алуу менен чечим кабыл алды.