Жалолидин Нурбаев парламенттеги агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин мүчөсү. Эл өкүлү аталган тармактардагы маселелерди парламент трибунасынан көтөрүп, ага удаа чечүү жолдорун да сунуштап келет.
— Жалолидин мырза, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров парламентте министрликтердин саны дагы деле көп экенин айтты. Мындай шартта министрликтердин саны кыскарышы керекпи?
— Ооба, парламентте Акылбек Үсөнбекович министрликтердин санын кыскартсак жакшы болоорун айтып кетти. Анткени, айрым депутаттар курулуш агенттиги менен спорт департаментин министрлик кылып ачуу боюнча сунуш беришкен. Ошол талкууда Министрлер Кабинетинин Төрагасы өнүккөн өлкөлөрдө министрликтердин саны аз экенин, бирок, аткарган жумуштары натыйжа менен коштолуп жатканын айтты. Аныгында, кеп министрликтердин санында эмес, ошол жерде иштеп жаткан кадрлардын ишке болгон жөндөмдүүлүгү көп нерсени чечет. Министрликтердин саны көбөйгөндө эле иш алдыга жылып, көйгөйлөр чечилип, жакшы натыйжа берсе, анда бары башкача болбойт беле. Кеп санында эмес, сапатында.
— Баш калаабыз Бишкек кайрадан абасы өтө кир шаарлардын сап башына чыкты. Бул маселеге эмнеге олуттуу көңүл бурулбай жатат?
— Өткөн жылы дал ушул орчундуу ыш көйгөйүнө байланышкан атайын түзүлгөн комиссиянын курамына киргем. Бишкек шаарын курчаган ыш, ошол эле таштанды маселеси боюнча кырдаалды анализдегенибизде көбүнчөсү жеңил унаалардагы катализаторлордун жоктугу бирден-бир көйгөй катары белгиленген. Экинчи көйгөй, калаабыздын айланасындагы жаңы конуштардагы турак жайларды көгүлтүр отунга туташтырууну талап кылганбыз. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, учурда мамлекеттик Айыл банк аркылуу жаңы конуш тургундарын көгүлтүр от менен камсыз кылуу үчүн атайын насыя бөлүнүп, бул көйгөй соңку бир жылда кыйла чечилип калды. Ошондой эле жаңы конуштарда жеңил өнөр жайыбыздан чыгып жаткан калдыктарды отко жагышып, абаны булгап келишкен. Былтыртан баштап бул маселенин үстүнөн Бишкек мэриясынан бөлүнгөн атайын кызматкерлер иш алып барып жатышат. Дагы бир кейиштүү жагдай биздеги көмүрлөрдүн сапаты начар болууда. Жагылып жаткан “кара алтындын” сапатына көңүл бурбасак, экология жөнүндө канчалык кызыл өңгөчтү кызарта кыйкырганыбыз бекер болот. Келечекте электр энергияны көбүрөөк өндүрүп, жылытууну толугу менен электр энергиясына жана көгүлтүр отко өткөрүп алсак ыш көйгөйү кандайдыр бир деңгээлде чечилмек…
— Ош аймагынан шайланган эл өкүлү катары айтыңызчы, жакында шаардык кеңештин депутаттары мэр Бакыт Жетигеновго ишенбөөчүлүк жарыялашты эле демилгени Президент колдобой койду. Калаа бийлиги менен шаардык кеңештин ортосундагы мындай ажырымдан соң иш алдыга жылат деп ойлойсузбу?
— Ош шаарынын мэри менен шаардык кеңештин депутаттарынын ортосундагы ич ара тирешүү туура эмес. Ачык айтканда мэр Бакыт Жетигенов жакшы иштеп жатат. Ош шаардык кеңешинин депутаттары азыркы мэр менен ич ара жакшы алакада иштешип кете алаарына ишенгим келет. Шаарда көйгөйлөр көп, ошолордун чечилишине мэр менен депутаттар тирешпей, тескерисинче, азыркыдай шартта себепчи болуп калышса жакшы болмок.
— Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө 40 миллион доллар бөлөөрү маалым болду. Бул каражат кыргыз айыл чарбасын ирденте алабы?
— Эгерде айтылган 40 миллион доллар бөлүнүп, өз багытында туура иштетилсе, айыл чарба тармагыбызга өтө чоң, эбегейсиз салым кошулмак. Ошол эле жашылча, жер жемиштерибиздин түшүмүн атайын логистикалар аркылуу сатканга ылайык болмок. Болгону каражатты сарамжалдуу, натыйжалуу пайдалансак, иштин жыйынтыгы эмнеге көрүнбөсүн? Айтканга оңой болгону менен 40 миллион доллар эмнеге деген каражат? Бул каражат менен агрардык өлкөбүздүн атына-заты жарашкандай иштерди аткарып койсо болот…
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№100 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 19-декабры