"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жогорку Кеңештин имаратынын реконструкциясы соңуна чыгууда — Видео

Жогорку Кеңештин имаратын реконструкциялоо иштери жыйынтыктоо стадиясына жетти. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчысынын демилгеси жана тапшырмасы менен мамлекеттик маанидеги имараттарды жаңылоо боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатат. Ошонун алкагында тарыхый баалуулугу жогору болгон мурдагы “эски Ак үйдө” — азыркы Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратта капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Туманбаев белгилегендей, учурда иштер соңуна чыгып, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. “Имарат мезгил талабына ылайык жаңыланып, ошол эле учурда тарыхый өңүн сактап калды. Ал улуттук мурастын уландысы катары келечек муундарга кызмат кылат”, — деди ал.