"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Жогорку Кеңеш Коом

Жогорку Кеңештин төрагасы көп балалуу үй-бүлөгө унаа белек кылды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу он төрт балалуу Майрамбек Алыбаевге өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Төрага өз сөзүндө өлкөнүн башкы байлыгы эл болуп, көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты экендигин жана калктын өсүшү өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошорун баса белгиледи.

«Калктын саны өлкөнүн алдыга жылуусунда өзгөчө мааниге ээ. Майрамбек Алыбаевдин үй-бүлөсү бардык кыргызстандыктарга үлгү», — деп белгиледи Нурланбек Тургунбек уулу.