"Эркин-Тоо"
Айыл чарба

Жогорку кирешелүү жашылчалар отургузулууда

Ысык-Ата районунда жайгашкан «Томат КейДжи» үрөн чарбасында экспортко багытталган, азыктык баалуулугу жогору болгон айыл чарба өсүмдүктөрүн отургузуу иштери башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда чарбада төмөнкүдөй жашылча түрлөрү айдалууда:

  • таттуу калемпир – 0,25 гектар,

  • ачуу калемпир – 0,25 гектар,

  • түстүү капуста (кызгылт, сары, жашыл сорттору) – 0,8 гектар,

  • брокколи – 0,75 гектар.

Министрликтин маалыматына караганда, бул жашылчалар азыктык баалуулугу жогору, базардагы баасы туруктуу жана экспортко ылайыктуу болгондуктан, дыйкандар үчүн кирешелүү өсүмдүктөрдүн катарына кирет.