"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДАГЫ ЖЕМКОРЛУК

Ушул аптада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусундагы жогорку окуу жайлардан жалпысынан 941 студент чыгарылганын билдирди.

Тактап айтканда, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен – 779 студент, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин гуманитардык-табигый илимдер факультетинен – 114 студент, Иса Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинен – 48 студент окуудан чыгарылды.

Кыргызстанда 2025-жылдын башынан тарта УКМКнын текшерүүсүнөн кийин 3,2 миңден ашуун студент мыйзамсыз окуп жаткандыгы маалымдалган.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев  ушул жылдын январь айында университет жетекчилери менен жолугушуп, сабакка келбеген студенттерди окуудан чыгарууга жана таза иштөөгө тапшырма берген.

Андан кийин эле текшерүү башталып, 2025-жылдын 28-мартында Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен 153 студент окуудан чыгарылды. Алардын 112си КМШ өлкөлөрүнүн жарандары экени белгилүү болгон. Эки мугалим иштен бошотулуп, дагы 14 мугалим дисциплинардык жазага тартылды.

2025-жылдын 3-апрелинде Нарын мамлекеттик университетиндеги мыйзам бузуулар тууралуу маалымат тарап, 300дөн ашык чет элдик студент окуудан чыгарылды. Университеттин 13 кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, ректор кызматынан алынган.

2025-жылдын 1-июлунда УКМК Ишеналы Арабаев атындагы КМУдан иш жүзүндө окубаган 59 чет элдик студент окуудан кеткенин билдирген.

2025-жылдын 9-июлунда Жусуп          Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жасалма студенттер аныкталганы белгилүү болуп, 2 миң 710 студент окуудан чыгарылды.

Бул  фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык жасалмачылык» беренеси боюнча кылмыш иштери козголду.

Көп өтпөй Бишкектеги Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинен 12 студент чыгарылып, айрым студенттер бюджеттик орундарга мыйзамсыз кабыл алынганы маалым болду.  Мунун алдында аталган окуу жайдагы 30дай студент окуу жайдын кабыл алуу процессиндеги мүчүлүштүктөрдөн улам бир жыл билим алгандан кийин чыгарылып калганын айтып чыгышкан. Университеттин жаңы жетекчилиги алар окууга “мыйзамсыз киргизилгенин» билдирген.

Кыскасы, ушул тапта окуудан чыгып, буга чейин төлөп келген контракттары күйүп, сыртта калган жаштардын саны көбөйүүдө. Алардын көпчүлүгү окууга жасаган жоопкерчиликсиз мамиледен улам кетишкенин жогорку окуу жайлардын мугалимдери айтышууда. Окуудан айдалган студенттер ар кайсы курстан болушкан. Көпчүлүк иштер учурда териштирилүүдө.

Атын атагасы келбеген жогорку окуу жайлардын биринин мугалими мындай көрүнүш мурдатан болуп келгенин жана алар жетекчилик аркылуу гана чечилип келингендигин айтты.

“Мындай көрүнүш бүгүн эле пайда боло калган жок. Мурдатан эле принципиалдуу эмес мугалимдер коррупцияга аралашып келишкен. Коррупцияга мугалимдердин айлык акысынын аздыгы жана баалуулуктардын жоктугу себеп болууда деп ойлойм” дейт ал.

И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев да бул көйгөй тууралуу ММКлардын бирине маек берип,  учурда жаш мугалим окуу жүктөмүнө жараша 30 миң сомго чейин, тажрыйбасы бар профессорлор 50 миң сомго чейин ала алыша тургандыгын билдирген. Ректор айлык акыны дагы көтөрүү пландалып жатканын, ал жалпысынан коррупцияга негиз бербөөгө аракет кыларын, сурамжылоолорду жүргүзүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турарын айткан. Ар бир профессордук-окутуучу менен алардын укуктары жана милдеттери так жазылган академиялык ак ниеттик келишими бар экендигин да билдирген.  Ректор жакында сабакка катышпаган студенттерди  камералар тааный тургандай долбоор киргизүүнү  да пландап жатыптыр. Ушундай эле технологияларды И.Арабаев атындагы КМУда ишке ашыруу пландалууда.

И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниевдин айтымында, ушул окуу жылынан тарта бардык студенттер каттоодон өтүп, сүрөттөрү базага киргизилет. Ал эми 2026-жылдан баштап  алардын окууга келер-келбесин далилдөө максатында видео жазуу киргизилет.

“Билим алуу ийне менен кудук казгандай” делет эмеспи. Бир жагынан алганда жоопкерчиликсиз, мыйзамсыз окууга кирген студенттердин текшерүүдөн кийин чыгарылып жатышы жакшы көрүнүш. Чет элдик абройлуу университеттерде билим алган студенттерди көрүп  суктанасың. Окууга дилгир, билимге умтулган жаштар билим алганына кубанышат. Ар тараптуу болуп, китептен башы чыкпай, изденип окушат.  Аны пайдалана да  билишет. Ал эми Кыргызстанда билимди акча менен сатып алып, жарытылуу окубай жүрүүгө кызыккан  жаштар жок эмес. Эгер алар  билим алып, илимдүү болсо, анда биздин келечек үчүн коркунуч жок болор эле. Өнүгүү азыр түздөн-түз билим менен илим алуудан көз каранды. Анүчүн мугалимдер да башта айтылгандай ак ниеттүүлүк менен болгон билимин балдарга бергенге аракетин жасоосу зарыл. Айтор УКМК абдан туура жолдо. Билим алганы да, билим бергени да өзүн-өзү алдап убакыт өткөрүүсүн токтоткону жакшы.

Жазгүл Кенжетаева