"Эркин-Тоо"

Жогорку окуу жайга кабыл алуу 15-июлда башталат

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылына карата Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда башталарын билдирди.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу беш тур менен жүргүзүлөт.

ЖРТнын электрондук талону менен өтүнмө берүү:

  • I тур – 15-июль 17-июль саат 14:00гө чейин;
  • II тур – 22-июль 24-июль саат 14:00гө чейин;
  • III тур – 29-июль 31-июль саат 14:00гө чейин;
  • IV тур – 5-август 7-август саат 14:00гө чейин;
  • V тур – 12-август 14-август саат 14:00гө чейин.

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди «Абитуриент онлайн» электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz аркылуу тапшырат.

Белгилесек, жогорку окуу жайларга гранттык жана конракттык негизде окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

Пример HTML-страницы