"Эркин-Тоо"

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун графиги

2022-2023-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графиги бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо:

— I туру — 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;

— II туру — 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;

— III тур — 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;

— IV туру — 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;

— V туру – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.

Катталгандан кийин окууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери илинет. Андан кийин абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун ырастайт.

Эгерде бош орундар калган болсо 22-23-24-августта окууга сунушталган абитуриенттердин кошумча тизмелери илинет.

ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн абитуриент “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!