"Эркин-Тоо"

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун IV туру башталды

Бүгүн 2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун IV туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 24-январь саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 25-январда саат 09:00го чейин жайгаштырылат.

Кабыл алууга сунушталган абитуриент  27-январь саат 16:00гө чейин окуй тургандыгын тастыктоосу керек.

Эскерте кетсек, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун I туру 2023-жылдын 25-декабрында башталган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!