Жогорку окуу жайларга жана кесиптик окуу жайларга каттоонун биринчи турунун жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
2022-жылдын 23-июлуна карата маалымат боюнча, сынактын биринчи турунда КООЖго катталгандар:
-бюджетке – 3131 абитуриент,
-келишимдик негизде — 17685 абитуриент.
Алардын ичинен тандалган колледжге окуй тургандыгын тастыктагандар:
бюджетке — 1866 абитуриент, келишимдик негизде — 10185 абитуриент.
Ал эми сынактын биринчи турунда ЖОЖдорго катталгандар:
-бюджетке — 10587 абитуриент,
-келишимдик негизде — 16189 абитуриент.
23-июль күнү саат 16:00гө карата тандалган жогорку окуу жайында окууну тастыктады: гранттык негизде – 2748 абитуриент, келишимдик негизде – 8594 абитуриент.
Эске салсак, ЖОЖдорго кабыл алуунун биринчи туру 2022-жылдын 18-июлунда башталып, арыздарды кабыл алуу 20-июлда саат 14:00дө аяктаган.
21-июлда эрте мененки саат 10го чейин автоматташтырылган маалымат системасында кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси жеткиликтүү болду.