Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Чүй облусунун Селекция айылында бычакталган аялдын иши боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Биринчи кылмыш иши былтыр 19-октябрда Сокулук райондук сотунда каралып, кыскарган. Буга жабырлануучунун тосмо арыз бергени жана сот отурумунда тараптар элдешкени себеп болгон.
Райондук соттун чечимине каршы кийинки соттук инстанцияга даттануу болбогону үчүн чечим күчүнө кирген.
Экинчи кылмыш иши дагы Сокулук райондук сотунда каралып, айыпталуучу беш жылга эркиндигинен ажыратылган. Сот шектүүнүн улгайган, көзү азиз апасын карай турган эч кимиси жоктугун, айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосунда эки бала бар экенин эске алып, үч жыл пробациялык мөөнөт берген.
Жабырлануучу бул чечимге макул болбой, апелляциялык даттануу менен Чүй облустук сотуна кайрылган. Соттук иш 2023-жылдын 27-сентябрына белгиленген. Жыйынтыгы боюнча судьянын аракеттерине өзгөчө катуу баа берилет.
Эске сала кетсек, 20-сентябрда милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган.